Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Дин эксперти Кадыр Маликов ислам билим берүү борборлорунун түйүнүн ачуу демилгесин көтөрүүдө. Антпесе исламды түшүнгүсү келген жаштар интернеттен издеп, радикалдык уюмдардын торуна түшүп берип жатканын айткан.

Талкууга муфтияттын өкүлү Жусуп Балтабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы Маметбек Мырзабаев жана Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы, депутат Каныбек Осмоналиев катышты.

“Азаттык”: Эксперт Маликовдун айтканынан улам Кыргызстанда ислам тууралуу, деги эле дин тууралуу туура маалымат жетишсиз деп айтса болобу?

Каныбек Осмоналиев: Кадыр Маликов бул маселени 2009-жылдан бери эле көтөрүп келатат. Дин жаатында, анын ичинде ислам багытында билим берүү маселесин унификациялоо, стандартташтырууну биз да көтөрүп, мыйзам долбоорун жазганбыз. Бул демилге да буга үндөшүп турат. Ошондуктан Маликовдун демилгесин толугу менен колдойм.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:






Бул маселе чаржайыттыктан улам келип чыгууда. Бизде 70ке жакын медресе бар. Бул абдан жакшы, бирок алардын сапаты анча-мынча сын-пикирлерге кабылууда. Анын ичинен бир да документтери унификация болбой жатат.

Мисалы, баланы бир медреседен экинчисине которуу мүмкүн эмес, анткени программалары башка. Ар кандай сырткы мамлекеттердин таасиринде жүргөндөрү бар. Азыр бизде диний билим алууда маалымат мейкиндиги жакшы эле, бирок стандартташтырса жакшы болот эле.

“Азаттык”: Кыргызстанда исламды түшүнгүсү келген жаштар интернеттен издеп, радикалдык уюмдардын кылтагына илинүүдө деген туурабы?

Маметбек Мырзабаев: Албетте андай учурлар да бар. Эгер чын эле ошондой болуп, жаштар интернет аркылуу ар түрдүү агымга кирип жатса, анда ошол жакка альтернатива түзүп бериш керек, көчөгө эмес.

Азыр 70ке жакын медреседе билим берилип, миңдеген жаштар бүтүрүп чыгууда. Аларга окшогон дагы башка уюм ачуунун ордуна ошол эле медреселер эмне үчүн борбордун милдетин аткара албай жатат деген суроо турат. Аты эле медресе болбосо алар диний-исламий билим берүү борборлору деп эсептелет.

Ал эми медреселердин маселеси эмне? Акча маселеси, анын айынан ар бир медресе ички жана сырткы демөөрчүгө көз каранды. Экинчиден, кадр маселеси. Мисалы медреселерде сабак берген мугалимдердин жарымынын гана жогорку билими бар, калганы орто билимдүү. Бул деген мектепти бүткөн эле бирөө сабак берип атат дегендик. Материалдык-техникалык абалын баарыбыз жаттап бүттүк. 19-кылымда кандай болсо, азыр андан аз эле айырмасы бар.

“Азаттык”: Диний билим берүү жаатында муфтият чабалдык кылып жатабы?

Жусуп Балтабаев: Чындыгында азыркы күндө актуалдуу суроолордун бири – диний билим берүү. Муну учурдун талабына ылайык багытка коё албай жатабыз.

Жакында чон семинар болуп, ушул маселе талкууланды. Албетте чабалдык кылган жокпуз деп айткандан алысмын.

Негизги маселе муну мамлекет колуна албаса болбойт. Биргелешип чечиш керек. Дүйнөлүк тажрыйбаны карасак, бул маселени бир уюмдун колуна берип койгон эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG