Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:51

Исламдын жихад түшүнүгү же болбосо эмне үчүн мусулмандар колуна курал эмес, калем алуусу керек?

"Азаттыктын" кезекти “Биз жана дин” берүүсүндө Кыргыз-түрк “Манас” университетинин мугалимдери Хусейин Челик жана Хакан Жошар жихад жана анын мааниси тууралуу суроолорго жооп беришти.

"Азаттык": Хусейин мырза, мусулмандар жихадды кандай түшүнүп жатышат? Анын исламдагы ордун кандай деп билишет?

Хусейин Челик: Өкүнүчтүүсү дүйнө жүзүндө жихад десе эле согушту, кан төгүүнү жана өлтүрүүнү элестетишет. "Ислам мамлекети" деген террордук уюмдар жихад менен алек болуп жатышканын айтууда. Бирок алардын кылганы исламдагы жихад түшүнүгүнө айкалышпайт. Алар башка мусулмандарды каапыр деп күнөөлөп жатышат. Алардын канын төгүүнү жихад деп атоодо. Булар харижий агымынын идеологиясын тутунушат. Өздөрүнө окшобогондорду каапыр деп күнөөлөп, аларды өлтүрүүнү милдет катары эсептейт. Бул агымдагылар өздөрүнө окшобогондордун бала-чакасы да каапыр болот деп эсептешип, ымыркайга чейин кол салышкан. Мындай мыкаачылыкты дин үчүн жасап жатканын айтышкан. Бул мыкаачылык азыркы мезгилде да ар башка атка ээ, ар түрдүү уюмдар тарабынан ишке ашырылууда. Айталы, өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган уюм. Алар өздөрүн гана "чыныгы мусулман" деп эсептейт.

"Азаттык": Хакан мырза, исламдын жихад буйругун аткарып жатам деп согушуп жүргөн мусулмандарга сиз кандай карайсыз? Сиз аларды ким деп эсептейсиз?

Хакан Жошар

Хакан Жошар

Хакан Жошар: Хусейин мырза айткандай, аларды исламдын өкүлдөрү деп айта албайбыз. Жихад бетине кармаган бул уюмдар Куран аяттарын харижийлердин түшүнүгүнө жана логикасына таянып чечмелейт. Башкача айтканда, Куран аяттарын үстүрт жана сөзмө-сөз чечмелеп, башка көз караш жана түшүнүктөрдү четке кагып жатышат. Өздөрүнө окшобогон адамдарга жана уюмдарга каршы согуш жарыялоодо. Исламдын негизги булагы болуп эсептелген ахлу сунна түшүнүгүндө ким “лаа илааха иллаллах” десе, ал күмөнсүз мусулман болуп эсептелет. Ага ылайык, бирөө менен согушууга болбойт. Бирок өкүнүчтүүсү, азыркы учурда Жакынкы Чыгышта, ошондой эле Ооганстан, Пакистан сыяктуу мамлекеттерде жихад кылып жатам деген кээ бир уюмдар мусулмандарды бутага алууда.

"Азаттык": Негизи исламда согушуунун, күрөшүүнүн жол-жобосу, принциптери аныкталганбы?

Хусейин Челик: Алгач бир маселени тактоо керек. Жихад десе эле согушту элестип алышты. Бирок согуш жихаддын бир гана бөлүгүн түзөт. Пайгамбарыбыздын өмүр баянын карай турган болсок, анын жашоосунда согуш эч качан негизги орунду ээлеген эмес. Мисалы, пайгамбарыбыз Мекеден Медина шаарына көчүп келгенден эки жыл өткөндөн кийин гана мусулмандарга зулумдукка жана адилетсиздике каршы согушууга буйрук берген. Ал мезгилге чейин пайгамбар жихад кылган эмеспи?! Албетте, кылган. Ал согушуу эмес, исламды адамзатка жеткирүү делген жихад менен алек болгон. Он үч жылдык Меке дооруна жана эки жылдык Мединадагы учурга чейин мусулмандар курал колдонушкан эмес. Ошондуктан дагы бир жолу кайталайын, согуш жихаддын бир гана бөлүгү. Тактап айтканда, жихад согуш дегенди түшүндүрбөйт. Жихаддын негизги максаты - адамдарды ислам дини менен тааныштыруу.

Ал эми мусулмандар согушууга мажбур болсо, анда ал үчүн да атайын эрежелер бар. Ислам дини согуш мезгилинде да боорукер болууга милдеттендирет жана адамдарга бейкуттукту алып келүү исламды жайылтуунун негизги максаты катары каралат. Куран эч качан тынч жаткан элге кол салууга үндөбөйт, тескерисинче, зордук-зомбулукка дуушар болгон, үй-жайынан ажыраган жана ишенимдин айынан жабыркагандарды куткарууга чакырат.

"Азаттык": Динди жайуу максатында согушууга ислам дини кандай карайт?

Хусейин Челик

Хусейин Челик

Хусейин Челик: Мухаммед пайгамбарыбыздын исламды жайылтуу үчүн биринчи кезекте согушка эмес, билим берүүгө маани бергенин байкоого болот. Меке доорунда Дарул Эркам деген жерде адамдарга билим берип, динди үйрөткөн. Пайгамбар эч качан өзүнүн айланасына аскер топтогон эмес. Медина шаарына баргандан кийин да өзүнө үй курбастан, динди жайылтууга шарт түзүү максатында мечит курган.

Согушка исламды жайылтууга башка жол калбаганда гана уруксат берилет. Куранда бузукулукту жок кылуу үчүн согушууга буйрук кылынат. Ал эми кандайдыр бир аймакты басып алуу, олжо табуу, мал-мүлк чогултуу жана бийликти тартып алуу үчүн жасалган согуштар исламда жихад деп таанылган эмес. Алла таала да мындай ач көздүктү жактырбайт. Исламга ылайык жихаддын максаты - Алла тааланын динин жайылтуу.

"Азаттык": Азыркы учурда Сирия жана Иракта мамлекет түздүм деп жарыялаган, ал жерди басып алып ал өлкөнүн байлыгын чартарапка саткан "Ислам мамлекети" аттуу экстремисттик уюмдун иш-аракеттеринин исламга тиешеси жокпу ошондо?

Хусейин Челик: Ислам дининин талап-тоноочулукка тиешеси жоктугун көрсөткөн көптөгөн мисалдар бар. Мисалы, пайгамбардын доорунда Кузман деген киши Ухуд согушуна катышып, ошол жакта өлөт. Ал жердеги мусулмандар ал кишинин шейит болгонун жана бейишке кирерин айтканда, Мухаммед пайгамбар ал киши олжо, мал-мүлк табуу үчүн согушка катышканын айтып, бейиштин эшиги ал үчүн жабык болорун айткан. Дагы бир мисал, мусулмандар 630-жылы Меке шаарына кирип, ал шаарды бошоткондо, түнү менен дуба кылып, тилек айтып чыгышкан. Ал эми биз тарыхта жана керек болсо азыр деле шаарларды басып алып түнү менен шаарды тоногондорду, аялдарды зордуктагандарды көрүп жатабыз.

Пайгамбар мусулмандарга “Эгер башка өлкөгө, башка шаарга барсаңар эч качан аялдарга, жаш балдарга, кары-картаңдарга, дин кызматкерлерине, үйүнөн чыкпагандарга жана силерге курал көтөрбөгөндөргө тийбегиле” деп айткан. Эң негизгиси пайгамбарыбыз, Ухуд жана Бадр согушундагыдай ар дайым шаар сыртында согушкан. Себеби, катардагы жарандардын зыян тартышын каалаган эмес.

"Азаттык": Хакан мырза, ушул биз жашаган доордо мусулмандар пайгамбардын кайсыл өзгөчөлүктөрүн билүүсү аябай зарыл деп ойлойсуз?

Хакан Жошар: Менин оюмча Куранда айтылган жихад түшүнүгүн жалгыз гана “китаал” (согуш) катары кабыл алуу туура эмес. Муну мусулмандар аңдап билиши абзел. Мусулмандар исламды башкаларга үлгү боло тургандай кылып жашаганды үйрөнүшү керек. Эң чоң жихад деп ушуну айтабыз. Мусулмандар башка адамдарга өрнөк болушу зарыл. Пайгамбар да мусулмандарга, ошол мезгилдеги мусулмандар да башка адамдарга үлгү болууга аракет кылган. Мусулмандар бири-бирине курал көтөрүп кол салууну эмес, сый-урмат менен мамиле кылууну, бири- бирине жардам берүүнү өздөштүрүүсү абзел. Өз ара мээрим жана жардамдашууну жайылтпагандан кийин "жихад кылам" деп айтуунун эч пайдасы жок.

"Азаттык": Хакан мырза, "Ислам мамлекети" аттуу уюм Сирия жана Иракта мусулмандарды да, мусулман эместерди да забын кылды. Алардын мал-мүлкүн тартып алышты. Шаарларды талап-тоношту. Бул фактыдан улам акыркы учурда кээ бир жихадчыл уюмдар жихадды саясий жана материалдык максатка жетүү үчүн гана колдонууда деп айтууга болобу?

Хакан Жошар: Албетте, жихадды саясий максатка жетүү үчүн колдонгон уюмдар бар. Исламды, исламдын жихад түшүнүгүн туура эмес түшүнүп, Куран жана пайгамбардын айткандын тескерисинче чечмелеген уюм жана агымдар пайда болду. Булар ислам жөнүндө туура эмес көз караштын жайылуусуна себеп болууда. Башкача айтканда, "ислам кан төгүүчү, алдынан чыккандын баарын мууздаган дин" деген терс түшүнүктү жайылтууда. Исламды жана мусулмандарды жаман көрсөткөн мындан да жаман иш-аракет болушу мүмкүнбү?! Ошондуктан жихад деген ыйык түшүнүктү бурмалап исламды жаман көрсөтпөш керек. Ислам дини кайсы бир мусулмандын жанына, мал-мүлкүнө, ар-намысына, акылына жана динине кол салынган учурда гана согушууга уруксат берет. Пайгамбар убагындагы согуштардын баары жогоруда айтылган беш негизги баалуулукка кол салуу болгондугу үчүн башталган.

Мусулмандар жана мамлекеттер бири-бири менен согушканды токтотуп, илим-билим, технология, маданият тармагында алга жылууга аракеттенүүсү керек.

"Азаттык": Хусейин мырза, ушуга чейинки айтылгандарды жыйынтыктай турган болсок, мусулмандар азыркы учурда жихадды туура эмес түшүнүү аркылуу өздөрүнө жана башкаларга зыян келтирип жатат десек болот экен да?

Хусейин Челик: Албетте, Мухаммед пайгамбар адамдарды жакшы сөз жана мээрим менен өзүнө тарткан. Сизге дагы бир кызыктуу мисалды айтайын. Пайгамбар Мединада ислам мамлекетин курардан мурда шаарга атайын өкүлдөрүн жиберип, элдин көңүлүн алган, ислам тынчтыктын дини экенин иш жүзүндө көрсөткөн. Ошол себептүү бир тамчы кан тамбай эле Мединада ислам мамлекети түптөлгөн. Тарыхта мындай мисалды табуу мүмкүн эмес. Медина мамлекетинде жөөттөр, христиандар, мусулмандар чогуу жашаган. Алардын ортосунда жарандык келишим түзүлгөн. Ал келишимде ар ким өз ишенимине ылайык жашайт, эч кимдин укугу тебеленбейт бирок Медина шаары чогуу корголот деп жазылган эле.

Дагы бир жолу кайталайм, исламда согуштун максаты - адам өлтүрүү эмес, аларды жашатуу. Белгилүү илимпоз Мухаммед Хамидуллахтын изилдөөсү боюнча, Мединада согушууга уруксат берилгенден кийин күнүнө орто эсеп менен 830 километр аймак мусулмандардын карамагына өтүп турган. Сегиз жыл ичинде ислам мамлекетинин аймагы 3 миллион чакырымга жакын, салыштырып айтсак, азыркы Европанын аймагындай кеңейген. Эң кызыгы ушундай чоң аймак мусулмандардын карамагына өткөн сегиз жыл ичинде мусулмандардан 138 киши, ал эми мусулман эместерден 216 киши гана өлгөн. Башкача айтканда, мусулмандардын аймагы кеңейген сегиз жыл ичинде согуштан жалпы 350дөй киши гана жан берген. Азыркы учурда Сирия менен Иракта күнүнө ушунча киши өлүп жатат. Биринчи жана Экинчи Дүйнөлүк согуштарда миллиондогон кишилер өлдү. Ошондуктан жогорудагы мисал исламдын согуш жөнүндөгү түшүнүгүн көрсөтүүдө. Башкача айтканда, исламда согуш адам өлтүрүүгө эмес, адамды жашатууга, адам өмүрүнүн коопсуздугун сактоого багытталат.

"Азаттык": 21-кылымда мусулмандар аябагандай эле чоң кыйынчылыктарды баштан өткөрүүдө деп айтылып келе жатат. Аны жеңүү үчүн илим-билимди, технологияны тандаса туура болот беле?

Хакан Жошар: Мусулмандар ошол нерселер менен алек болуусу керек эле. Себеби, ислам цивилизациясы өз учурунда дүйнө жүзүнө үлгү болгон. Мусулмандар башка элдерге илим-билимде, искусстводо, маданиятта, коомдук жашоодо өрнөк болуп, ошого ылайык маданиятты жана цивилизацияны калыптандырышкан. Алар ар түрдүү көз караштарга ачык болушкан жана илимий-технологиялык жетишкендиктерди башка элдердики болсо да алганды билишкен. Ошондуктан мусулмандар жана мамлекеттер бири-бири менен согушканды токтотуп, илим-билим, технология, маданият тармагында алга жылууга аракеттенүүсү керек.

Мындай ишти кылгысы келбегендер “мусулмандарды чоң державалар эзип жатат”, “мусулман өлкөлөрдү мусулман эместер алдап жатат” деген жүйөнү айтышат. Мен ушул нерсени баса белгилегим келет: эгер мусулман эместер мусулмандарды эзип жатса, алдап жатса, бул мусулмандарга туура эмес иш кылууга, адилетсиз болууга же болбосо кан төгүүгө укук бербейт. Сырттан бирөө мусулмандарды бузуп, козутуп жатса, эмне үчүн мусулмандар колуна калем эмес, "Калашников" автоматын алуусу керек? Мусулмандар өзүнүн жоопкерчилигин жана милдеттерин жакшы билүүсү зарыл. Сырттан бирөө мусулмандардын ортосунда бузукулук отун жагып жатса, мусулмандардын милдети - мындай бузукулуктарга алданбоосу керек.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG