Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Жогорку Кеңеш тарабынан төрт кодекске, беш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө президент Алмазбек Атамбаев өткөн аптада кол койду.

Ал мыйзамдардын негизинде эми терроризм, экстремизм аракеттерине каршы чаралар күчөтүлөт. Жаңы кабыл алынган мыйзам жоболору экстремизм, терроризм коркунучуна каршы күрөшкө кандай салым кошо алат?

“Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусуна мыйзам актыларын иштеп чыккан депутаттык топтун өкүлү, КСДП фракциясынын мүчөсү Улан Примов, коопсуздук иштери боюнча көз карандысыз эксперт Марат Иманкулов жана Кыргызстан муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов катышты.

“Азаттык”: Жаңы күчүнө кирип жаткан мыйзамдык жоболор терроризм, экстремизм аракеттерине каршы кандай чараларды кепилдейт?

Улан Примов: Терроризм, экстремизм коркунучу дүйнөдө күчөп турганда биз да мыйзам өксүктөрүн толтуруп алууну максат кылдык. Кыскартып түшүндүргөндө мыйзамдарга терроризм түшүнүгү кирди, терроризм, экстремизм кылмыштарына чаралар күчөтүлдү. Мисалы, бул багытта кылмыш жасагандар мунапыс ала албайт, мамлекеттик ар кандай колдоолордон ажыратылат, балдарды согуш аймактарына алып чыгып кетип жаткан ата-энелер, башка адамдар да жоопкерчиликке тартылат. Бул эми эл аралык конвенцияларга ылайык балдардын укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан. Ушул өңдүү өзгөрүүлөр кирди.

Марат Иманкулов: Бул мыйзам, албетте, керек. Бирок бул мыйзамды кабыл албай эле, иштеп жаткан мыйзамдардын негизинде толук кандуу иш жүргүзсө деле болмок.

Мен бул мыйзамдын бардыгы натыйжалуу иштейт дегенге ишене бербейм. Мисалы, согуш аймактарына чыккан балдардын ата-энелери жоопко тартылат деген жобо иштебейт. Карасаңыз, ал баланын атасы жок, энеси экстремисттик уюмдарга кошулуп кеткен баласын көзөмөлдөмөк тургай, калган балдарынын тамак-ашын табам деп базардан бошобой жүрөт. Эми ошол байкушту да ислам жөнүндө түшүнүк алат элем деп барып, экстремисттин колуна түшүп калган баласына кошуп жоопко тартабызбы? Ушу да гумандуулук болобу?

Акимжан ажы Эргешов: Болгону 160тай кызматкери бар муфтият бул өңдүү ишти жалгыз аркалай албайт. Экинчиден, буга ислам эмес, исламга жамынгандар күнөөлүү. Үчүнчүдөн, экстремизм, терроризм деген терминге баа бериле элек. Бирин мечиттен, экинчисин талаадан, үчүнчүсүн түрмөдөн баса калып атып жатышат. Буларга сыртынан гана террорист болчу деген баа берилүүдө.

Бүгүнкү күндө, жогоруда сиз айткандай, сот дале адилеттүү боло элек кезде, элдин диний сабаты жоюла элек кезде мындай кескин мыйзамдар бизге анчалык пайда алып келбейт.

Улан Примов: Мен мындай пикирлерге кошула албайм. Мамлекеттин коопсуздугу үчүн бул мыйзамдар керек. Бул жалпы коомдо жарандарыбыздын жоопкерчилигин күчөтөт. Анткени экстремизм, терроризмге күнөөлүү деп, жаңы мыйзамдын чегинде жазалоо башкаларга сабак болот, ойлонуп иш кылып калат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG