Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Бишкектеги бомба тууралуу маалымат ырасталган жок


Бишкектин Октябрь райондук сотуна бомба коюлду деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен “Азаттык” радиосуна билдиришти.

16-январда кечки саат төрттөр чамасында 102 номуруна белгисиз адам телефон чалып, имаратка жардыргыч зат коюлганын кабарлаган. Сот имаратында иштегендердин баары сыртка чыгарылып, саперлор издөө иштерин жүргүзгөн.

Бишкекте буга чейин да бир канча жолу милицияга телефондон ушундай маалыматтар түшүп, бирок ырасталган эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG