Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Коргоо Кеңешинде жактырылып, президент тарабынан бекитилген дин концепциясында ханафий мазхабынын жана матуридий ишениминин өзгөчө орду белгиленген.

Муфтият да ханафий мазхабына ылайык иш алып бараарын өзүнүн уставында жар салган. Бирок мамлекеттин жана муфтияттын белгилүү бир мазхабды расмий мазхаб катары кабыл алуусун туура эмес деп баалагандар да жок эмес. Диний чөйрөдө салафий көз карашты, салафизмди жактаган дин аалымы катары таанымал Шамсуддин Абдыкалык уулу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Сизди дин чөйрөсүндө салафий көз карашты тутунган бир дин адамы катары таанышат. Чын эле ошондойбу?

Шамсуддин Абдыкалык уулу: Мен өзүмдү кыпкызыл ханафиймин деп эсептеймин. Тереңине түшүнүп, тарыхтардан бери изилдеп караганда салафийлик менен ханафийликтин ортосундагы айырмачылыкты көргөн жокмун. Ханафий мазхабын негиздеген Имам Абу Ханифа үч улуу муундун ортоңку муунунун өкүлү. Табийиндердин орто муунунан кийинирээк жашаган киши.

"Азаттык": Абу Ханифаны сиз анда салаф деп эсептейт экенсиз да?

Шамсуддин Абдыкалык уулу: Имам Абу Ханифа салаф салихиндердин жолун кармаган киши. Акыйдада (ишенимде) да, фикхте (шариятта) да өзүнөн мурунку сахабалардын, табийиндердин, салаф салихиндердин жолунда жүргөн киши. Мен өзүмдү ошол салаф салихиндердин жолундагы Абу Ханифаны ээрчиген, анын жолунда жүргөн кишимин деп эсептейм.

"Азаттык": Мамлекет ханафий мазхабын жана матуридий акыйдасын өнүктүрөбүз, колдойбуз деп жатат. Мамлекет жана муфтият кайсы дин түшүнүгүнө, же кайсы акыйдага, кайсыл мазхабга каршы ханафий мазхабын, матуридий акыйдасын колдойбуз деп жатат?

Шамсуддин Абдыкалык уулу: Ал мамлекеттик саясатпы же бир адамдын жеке сөзүбү, ошону диндин асыл негиздерине салыштырып туруп андан кийин ээрчийм, эгер ээрчисем. Ал эми концепция жөнүндө айтсам, туура, мусулмандар ошол өлкөдө басымдуулук кылган мазхабда турганы алардын биримдиги үчүн жакшы. Бирок биз имам Абу Ханифаны рекламалык жарнак катары көтөрбөстөн, желек катары көтөрүшүбүз керек. Ислам ааламында белгилүү эле төрт мазхаб бар. Алар: ханафий, маликий, шафий жана ханбалий. Алардын баары суннийлер. Бирок муфтияттын өзүнүн уставында ханафий мазхабына ылайык гана иш алып барат деп жазылып турат. Бул болсо башка үч мазхабды дискриминацияга дуушар калат. Мына биздин өлкөдө даргин улутундагылар бар. Алар шафий мазхабында. Эми ошолор эмне кылышы керек? Өздөрүнчө башка муфтият түзүп алышы керекпи? Бизде ушундай бир абсурд нерселер бар. Муфтияттын уставында диний башкармалык өзүнүн ишин ханафий мазхабында жүргүзөт дейт, анан кийин ошол шафийлер да бизге баш ийсин дейт.

"Азаттык": Абу Ханифанын ханафи мазхабын туура тутунуш керек дебедиңизби. Сиз башкалардан айырмаланып мазхабды кандай кармайсыз?

Шамсуддин Абдыкалык уулу: Мен ханафи мазхабын имам Абу Ханифанын өзү каалагандай кармайм. Курани Каримден кийинки китеп - хадистер топтомунан турган Сахих Бухари. Бүткүл ислам дүйнөсү Имам Бухаринин бул китебин Курандан кийинки экинчи булак катары кабыл алды. Мисалы, бир адам ошол эле Сахих Бухари китебинен "пайгамбарыбыз рукуга барганда колун көтөрдү" деп окуп, анан ал хадиске моюн сунайын деп колун көтөрө баштады. Же болбосо ошол эле Сахих Бухариде пайгамбарыбыз намазда жамаатка карап: “Араңарда ачык калбасын, жылчык калбасын. Кала турган болсо шайтан кирип алат” деп буюрду. Муфтият болобу, башка аалымдар болобу, бул хадисти билишет. Анан бирөө ошол хадиске амал кылайын деп, бутунун кырын жанындагы адамдын бутуна тийгизе турган болсо, ал аягын алып качып атат. Себеби аларды коркутуп коюшкан да. Акыры барып бутуна тебе турган болуп калды. Ошентип бутун тийгизе турган болсо мечиттен айдап чыккыла дегендей фанаттар пайда болду. Кышында Кыргызстанга Саудиядан Каабанын имамы Махир бин Хамада Аль-Муъакили келди. Филармонияда жолугушуу өткөрдү. Ал киши ким? Салафилердин имамы. Анан эмнеге булар салафилерди айтып элди коркутат. Жакында Эр-Рияддан университеттин профессору келди. Абдышүкүр мырза, Чубак ажы аны ээрчитип жүрдү сөздөрүн которуп. Ал кишинин да акыйдасы (ишеними) салафий.

"Азаттык": Салафизмди матуридий ишенимине альтернатива катары карайсызбы?

Шамсуддин Абдыкалык уулу: Имам Матуридий салаф салихтерден деп эсептелбейт. Имам Матуридий ислам динине аябай жакшы кызмат кылган. Өздөрүн матуридиймин деп эсептеген көптөгөн кишилерден айырмаланып, мен бул кишинин тарыхын жана китептерин окугам. Имам Матуридий жашаган мезгилде Багдадга дүйнөнүн бардык китептери, философиялык көз караштары чогултулат. Имам Матуридий ошолорго илимий негизде жооп берем деп хадистерди жокко чыгарып салган. Тафсир (Курандын түшүндүрмөсү) кандай болуш керек деген маселеде матуридийлер менен салаф салихтердин көз-карашынын ортосунда айырма келип чыгат. Башкача айтканда, Куранды кандай чечмелейбиз деген маселеде Курандын бир аятын дагы бир башка аят менен чечмелеш керек. Ал Куран аятын чечмелегенге дагы бир аят болбосо, анда хадис аркылуу чечмелеш керек. Эгер Куран аятынан же хадистен чечмелөө табылбаса, анда адамдын жеке оюна кезек келет. Бирок Матуридий көптөгөн хадистерди эске алган эмес.

"Азаттык": Эми айырмачылык кай жерде болуп атат?

Шамсуддин Абдыкалык уулу: Айырмачылык имам Матуридий кээ бир аяттарга түшүндүрмө башка аяттарда жана хадистерде турса да ошол аят жана хадистерди кабыл албай койгон. Ошол эле мезгилде Абу Ханифа менен имам Абу Матуридийдин ортосунда онго жакын карама каршылык бар. Ошон үчүн мен Абу Ханифаны толук ээрчиймин.

Бирок мен мамлекет каалагандай ханафий боло албайм, себеби билесизби Абу Ханифа өзү мамлекетке канчалык каршылык көрсөткөн өз убагында.

"Азаттык": Эгерде сиздин да бул түшүнүгүңүзгө каршы келсе, мамлекетке каршылык көрсөтөсүзбү?

Шамсуддин Абдыкалык уулу: Мамлекетке каршылык көрсөтүү эмес, исламда кандай болот мамлекет менен мамиле? Жихаддын эң чоңу кайсы? Эң чоңу амир же башчың адашкан болсо, ага туура жолду көрсөтүп коюу. Ошол концепцияда баары ушул мазхабда жашашы керек дегени бул - диктатура. Исламга каршы сөз. Исламда мазхаб эмес дин тандоо ыктыяры берилген. Динде мажбурлоо жок. Ал эми мазхаб тандоо бул дагы ыктыярдуу нерсе. Эми Аллах берген эркиндикти мамлекет эмне үчүн чектеш керек? Ошондуктан төрт мазхаб туура деп айтылдыбы, аларды бири - биринен ажыратпоо керек.

"Азаттык": Мамлекет менен муфтият матуридий акыйдасын биз колдойбуз деп атпайбы ?

Шамсуддин Абдыкалык уулу: Мамлекет ошол матуридий акыйдасын билбейт. Мамлекеттик чиновниктерден мен матуридий акыйдасын билем дегенин көрсөтүп бере аласызбы?

Ал гана эмес матуридийди муфтияттын өзүндө иштегендердин 85 пайызы билбейт. Алардын болгон билген нерсеси бул - салттуу дин. Салттуу дин бир мезгилдерде эмирлер, халифтер салтка киргизип койгон дин. Мисалы, мен төрөлгөндө атам, апам ханафий болуп, мен да салттуу ханафий болуп, ханафий мазхабында ибадат кылдым. Бирок андан кийин Куран үйрөндүм. Мисалы, ыйман азаят жана көбөйөт деген онго жакын аяттар бар. Абу Ханифа болсо, "ыйман азайбайт жана көбөйбөйт" деп айтат. Эми мен Куранга моюн сунамбы же Абу Ханифагабы?

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG