Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Таалайбек Өмүралиевге айып тагылды


Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев.
Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев.

Коррупцияга шектелип жаткан мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге айып коюлду. Экс-министр Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси – “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” боюнча айыпталууда. Ошондой эле министрликтин Каржы башкармалыгынын мурдагы башчысына да кылмыш иши козголгон. Тергөөнү Аскер прокуратурасы жүргүзгөнүн Башкы прокуратуранын өкүлү Назик Байгазинова билдирди:

-Тергөөдө аныкталгандай, экс-министр мекеменин Каржы башкармалыгынын жетекчиси менен шерик болуп, мыйзам талаптарын бузуп, республикалык бюджеттен 5 миллион сомду максатсыз колдонууга чечим чыгарган. Бул акча башка керектөөлөргө жумшалышы керек болчу. Бирок экс-министрдин каалоосу боюнча колдонулганы аныкталды.

Былтыр УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланууга байланыштуу Коргоо министрлигиндеги жемкорлукту аныктаган.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусуна аскер шаарчасын куруу үчүн мамлекеттен бөлүнгөн акча “Аскер курулуш” аркылуу жеке ишканаларга берилип, жеке кызыкчылык үчүн пайдаланылган. Буга байланыштуу мурдагы министрлер Таалайбек Өмүралиев, Абибилла Кудайбердиев жана “Аскер курулуш” ишканасынын башкы директору Куванычбек Колхожоевге кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери уланууда. (SЕ)

XS
SM
MD
LG