Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Чубак ажы Жалилов Ала-Букадагы көр казуу окуясын айыптады


Адамдын сөөгү жерге берилгенден соң аны казып алууга эч кимдин акысы жок. Мындай пикирин “Азаттык” радиосуна билдирген диний ишмер Чубак ажы Жалилов Ала-Букада 76 жаштагы аялдын сөөгүн көмүүдөгү талашты сындады.

14-октябрда көз жумган Каныгүл Сатыбалдиеваны “башка динге өтүп кеткен” деп күнөөлөгөн жердештери анын сөөгүн мусулмандардын мүрзөсүнө коюуга каршы чыгышкан. Көмүлгөн жасатты казып салышкандан соң христиандардын көрүстөнүнө коюлган. Бирок ал жерден да чыгарып ташташкан. Бийлик жана күч органдары аралашып, сөөктү башка жерге жашырышкан.

-Ала-Букадагы бул окуя туура эмес болду. Биздин диний салтыбызда мындай адат жок. Мусулмандар менен чогуу көмүлбөйт. Алысыраакка жерге бериш керек. Аны казып салууну ээнбаштык деп атайбыз. Ислам дининде ар бир адам сый менен акыркы сапарга узатылууга тийиш,- деди Чубак ажы Жалилов.

Ала-Букадагы окуя боюнча райондук милиция кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат.

Өткөн жумада Ысык-Көлдүн Теплоключенка айылында да баптист экени айтылган аял кайтыш болуп, сөөгүн жерге берүүдө талаш чыккан. Жасатка башка жерден жай берилген.

XS
SM
MD
LG