Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Беларус президенти КМШ өкмөт башчылары менен жолукту


Беларус президенти Александр Лукашенко бүгүн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын кабыл алды. Сүйлөшүүлөр Минск шаарында өтүп жаткан премьер-министрлердин кезектеги жыйынында уюштурулду.

Өкмөттөн кабарлашкандай, Лукашенко мындай жолугушуулар мамилелерди өнүктүрүүгө, анын ичинде, соода-экономикалык байланыштарды жана гуманитардык кызматташууну кеңейтүүгө кошумча дем берерин белгиледи.

Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн эки күндүк жумуш сапары кечээ Минскиге келген.

XS
SM
MD
LG