Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Козголоңчулар Алепподо ири операция башташты


Сириялык активисттер козголоңчулар Алепподо өкмөттүк армиянын камоолунан чыгуу үчүн ири масштабдуу чабуул башташканын маалымдашты. Лондондо жайгашкан Сирия Обсерваториясы уюму бүгүн билдигендей, козголоңчулар бийликтин карамагындагы райондорго аткан ракеталардан 15 киши набыт болду, 100дөн көбү жараланды. Мамлекеттик маалымат каражаттары болсо беш киши мүрт кеткенин, армия чабуулга жооп кайтарганын жана сөз болгон жерлер өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө кала бергенин кабарлашты.

Алепподогу кармаш Орусия тышкы иштер министри сириялык жана ирандык кесиптештери менен Москвада жолугушуп жаткан учурга туш келди. Сергей Лавров Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем жана Ирандын башкы дипломаты Жавад Зариф менен сүйлөшүүлөрдү Сирия кризисин жөнгө салуунун "конструктивдүү жолун табуу аракети" катары сыпаттады.

Орус министри Батыш өлкөлөрүн “БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдеринин маанисин бурмалап” жана “кылмыштарын токтотууну каалабаган экстремисттердин чырагына май тамызып жатышат” деп айыптады. Сирия министри Лавровдон президент Владимир Путинге Башар Асаддын атынан “терроризмге каршы күрөштө натыйжалуу жардам бергендиги” үчүн ыраазычылыгын билдирүүнү өтүндү.

XS
SM
MD
LG