Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Ош мамлекеттин университетинин окутуучусу, ислам агымдарынын тарыхы боюнча адис, теология илимдеринин доктору Зайнабидин Ажимаматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Салафизм, анын таралышы жана оң-терс жактары тууралуу кеп салган Зайнабидин Ажимаматов жакында Түркияда өткөн исламдагы салафизм агымы боюнча эл аралык симпозиумга катышып келген.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз



“Азаттык”: Акыркы кездери коомчулукта салафизм, дегеле салафилер тууралуу көбүрөөк айтыла баштады. Булар кимдер өзү?

Ажимаматов: Бул акыркы күндөрү Кыргызстанда гана көтөрүлүп жаткан маселе эмес, бул дүйнөлүк деңгээлдеги талкууланган маселе. “Салафилик” дегендин сөздүк маанисине токтоло турган болсок, “мурункулар” же “алгачкылар“ дегенди туюнтат. Ал эми терминологиялык маанисине келсек, сахаба-таабийндердин жолун жолдогон мухаддис жана факихтердин жолу дегенди билдирет. Алгачкы салафи же анын жетекчиси катары имам Ахмад Ибн Ханбал эсептелет. Салафиликтин системалуу калыптанып, өнүгүшүнө орто кылымда Ибн Таймия жана анын шакирти Ибн Каййим ал-Жавзия деген аалымдардын салымдары чоң.

XVIII кылымда Мухаммад Ибн Абдулвахаб салафизмди андан ары өнүктүрүп, мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыккан. Ошонун негизинде вахабизм деген агым пайда болгон. Вахаби ысымы аларга каршылаштары тарабынан берилгендигине байланыштуу бул ысымды өздөрү колдонушпайт. Азыркы мезгилдеги вахабилер диний ишенимдеринде өздөрүн салафибиз деп эсептешет.

“Азаттык”: Салафизм деп айтылганы менен ал өз ичинен дагы бөлүнүп кетерин эксперттер айтышууда. Байистүү-сабырдуу салафилер, ошол эле кезде ашынган салафилер, ушуларга катар эле такфирчи, жихадчы салафилер да бар экени айтылып жүрөт.

Ажимаматов: Салафи диний ишенимин тутунган мусулмандар ортосундагы келишпөөчүлүктүн себеби ар тараптуу. Бул жерде саясий жактан да, диний маселелер боюнча да карама-каршылыктар бар. Байистүү салафилер радикал-экстремисттик көз караштардан алыс. Булар сууди салафилери (Сауд Арабия) деп да айтылат. Алар башка мусулмандарды четке какпаган, “каапыр” деп күнөөлөбөгөн мусулмандар, жихаддык жана экстремисттик көз караштардан алыс. Cууди салафилер жихаттык салафилер боюнча “алардын салафиликке тиешеси жок” деген көз карашты айтышат.
Абалтадан бери бул жерде салтташып калган Имам Азам мазхабы менен салафилердин айырмачылыктары көп экендигин байкасак болот. Бул даана диний жактан бөлүнүүчүлүккө алып келе турган нерсе...

Ал эми жихадчы салафилер жихадды, согушту негизги принцип катары тутунушат. Мисал катары айтсак, “ал-Каида” тобун биз түздөн-түз жихадчы салафилердин катарына кошсок болот. “Ал-Каидага” өнөктөш катары иш жүргүзгөн Өзбекстан ислам кыймылын, Чыгыш Түркстан ислам кыймылын, “Куфр ал-Хиджра” жана “Жамаатул-Ислам” сыяктуу уюмдар жихаддык, согуштук көз карашты карманып, өздөрүнөн башка мусулмандарды “каапыр” деп айыптаган салафилер. Булардын баарын жихадчы салафилер деп атайбыз.

“Азаттык”: Түркияда өткөн эл аралык конференцияда дүйнөлүк ислам аалымдары, окумуштуулар салафизмге кандай баа беришти?

Ажимаматов: Ал симпозиумга бир канча өлкөлөрдөн чоң илимпоздор келип катышты. Ага салафиликти жактаган илимпоздор да, аны менен бирге салафи эмес аалымдар да катышты. Салафиликти тутунган, аны кабыл алган аалымдар негизги салафизмди “жихадчы салафизмден” бөлүп кароо керектигин, азыркы учурда салафизмди жихадчыл, радикал көз караштагы салафилер жаманатты кылып жатканына көбүрөөк басым жасашты. Ал эми салафизмди тутунбаган башка мусулман илимпоздору салафизмди жакшы же жаман деп айтуудан мурда анын тарыхына, анда кимдердин орду болгонуна, учурдагы абалына жана өзгөчөлүгүнө токтолушту.

“Азаттык”: Эми ушул бөлүнүүчүлүктүн саясий-тарыхый жагына келсек. Акыркы кездери “салафтар” менен “халафтардын”, башкача айканда жергиликтүү эл үчүн мурдатан салтташып, сиңип калган ислам менен салафизмдин кагылышы жүрүп жаткандай. Айрыкча бул Орто Азия аймагында даана байкалууда, албетте башка мамлекеттерде да бар. Ушул атаандаштык, көз караштардын, идеологиялардын кагылышы келечекте өзүнөн өзү акырын тынчып, жакшы жолго түшүп кетеби же абалды курчутуп да жибериши мүмкүнбү?
Бул мамлекеттик деңгээлде каралышы керек. Динди да мамлекеттин бир бөлүгү катары карап, билим берүү тармагына динди илимий негизде киргизип, коомчулукка туура багыттагы динди үйрөтүшүбүз керек...

Ажимаматов: Жихаддык көз караштагы салафилерди четке алып, радикал эмес салафилер жөнүндө айтканда деле, абалтадан бери бул жерде салтташып калган Имам Азам (Абу Ханифа) мазхабы менен салафилердин айырмачылыктары көп экендигин байкасак болот. Бул даана диний жактан бөлүнүүчүлүккө алып келе турган нерсе. Ошондуктан бул мамлекеттик деңгээлде карап, ойлонуп, ыңгайына карап чечиле турган иш. Бизде адатта мыйзам жолу менен же тыюу аркылуу чечүүгө көп аракеттер жасалып келатат. Мындай маселелерди тыюу, же бир гана мыйзамдар менен чечип коюу кыйыныраак. Эң биринчи кезекте аң-сезимди өзгөртүү аркылуу, билим берүү жолу менен чечкенибиз максатка ылайыктуу болмок.

“Азаттык”: Соңку жаңы тарыхыбызды карап көрсөк, салафи, вахаби дегендер биздин чөлкөмдө болгон эмес. Бул көз караш, идеология кайсы жактан келип жатат?

Ажимаматов: Эгемендикке жеткенден кийин, өзгөчө Орто Азия мамлекеттеринин ичинен ар тараптуу, демократиялык процесстерге жол берген өлкө Кыргызстан болду. Ошонун ичинде бизде диний маселелерде дагы өтө эле эркиндик берилген. Албетте мунун жакшы да жактары болгонун айтып кетишибиз керек. Бирок өтө эле чаржайыттыкка да орун берилген. Кыргызстанда салафилик бир гана жол менен жайылып жатат деп айта албайбыз. Бул ар тараптуу жүрүп жаткан иш. Анын бир мисалы, салафилик өзгөчө орун алган өлкөлөрдөн келип, Кыргызстанда ачык-айкын, расмий түрдө иш алып барып жаткандар бар. Алар адамдарга ар кандай материалдык жардамдарды да беришүүдө. Андан тышкары, Кыргызстандан салафилердин окуу жайларына барып, билим алып келгендер болду. Ушул сыяктуу жолдор менен акыркы жыйырма жылдан бери салафилик жайылып жатат.

“Азаттык”: Салафизмдин жайылып жатышына ички жагдай да шарт түзүп берип жаткандай. Бул жерде муфтияттын ордун дагы белгилеп кетиш керек. Маселен, Кыргызстанда салафизмге каршы идеологиялык жактан күрөш жүргүзүү, каршы туруу аракеттери жүрбөй жаткан сыяктуу?
Кандай болгон күндө деле биздин бул жерде мурдатан салтташып калган ханафи мазхабына салыштырып караганда алардын айырмачылыктары абдан көп.

Ажимаматов: Эми муфтият өзүнчө өтө чоң маселе. Андыктан бул жерде мен ага токтолбой эле коёюн. Бирок бул бир гана муфтияттын деңгээлинде карай турган маселе эмес. Бул мамлекеттик деңгээлде каралышы керек. Динди да мамлекеттин бир бөлүгү катары карап, билим берүү тармагына динди илимий негизде киргизип, коомчулукка туура багыттагы динди үйрөтүшүбүз керек. Ошондо гана бул маселелерди биз системалуу түрдө чече алмакпыз.

“Азаттык”: Адатта жергиликтүү имам-молдолор, мамлекеттик органдардын айрым өкүлдөрү салафизмдин терс жагын, аны кооптуу агым катары гана айтып келишет. Балким салафизмдин анчалык деле чочулай турган жактары жоктур?

Ажимаматов: Жогоруда айткандай, салафиликти бир жактуу карабаш керек. Анткени, алардын арасында саясий жана жихадчыл салафилер бар. Ошондой эле аларды жактабаган Сауд Арабиянын мыйзамдарына ылайыкташкан салафилер да бар. Бирок кандай болгон күндө деле биздин бул жерде мурдатан салтташып калган ханафи мазхабына салыштырып караганда алардын айырмачылыктары абдан көп.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG