Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:30

Илим диний догмаларга кандай карайт, ал эми диндин илимий ишмердүүлүккө көз карашычы? Динсиз илим, же илимсиз дин болушу мүмкүнбү?

Алгач дин менен илимдин айырмасына токтолсок. Эгер кыскача аныктама бере турган болсок, диндин негизин ишеним түзөт. Башкача айтканда, “ыйык” деп эсептелген абстрактуу нерселерге ишенүү дин болсо, кандайдыр бир проблеманы чечүү үчүн фактыларга таянуу изденүү же илимге кирет. (изилдөө). Атап айтканда, динде “ишеним”, ал эми илимде “изденүү”, “изилдөө” басымдуулук кылат.

Тарых сабактары

Тарыхта адам баласы динсиз илим түптөгөнгө аракет кылгандай эле, илимсиз дин ишенимине ээ болуп келген. Диний ишенимди, диний баалуулуктарды, динзарлардын коомдогу ордун чанган илим түшүнүгү 19-20-кылымдарда аябай басымдуулук кылганын көрүүгө болот.

Позитивизм, анын жыйынтыгы болгон дарвинизм теориясы, ошондой эле илимий атеизм деген терминдердин өзү эле динге каршы “илимий кол салуу болгон”. Башкача айтканда, дин деген нерсени коомдук жашоодон, элдин аң-сезиминен алып салуу аракети жүргөн.

Ошол эле мезгилде динчилдер да илимди чанган, илимпоздорду куугунтуктаган, илимий иштерди жериген учурлар да тарыхта болуп келбедиби?! Орто кылымда азыркы өнүккөн Европада илимпоздордун куугунтукталгандыгын билебиз. Ал көрүнүш дүйнөдө бүгүн да токтой элек. Алыс барбай эле айта турган болсок, мусулмандар арасында “акылга ишенбегиле”, “акыл адаштырат”, “акыл шайтандын досу” деген дин адамдары көбөйбөдүбү?!

Албетте, буга окшогон мисалдар аябай көп. Бирок эң кызыгы, ошол орто кылымда илимпоздорду өрттөгөн христиан мамлекеттери азыр дүйнө жүзүндөгү эң өнүккөн, илимий изилдөөлөр боюнча алдыдагы мамлекеттер болуп калды.

Ал эми өз убагында илимий изилдөөлөргө башат болгон, математика, астрономия, филология, тарых сыяктуу илимдерди түптөп, дүйнөгө үлгү болгон мусулман мамлекеттерде азыр хаос, зулумдук жана илимсиздик өкүм сүрүүдө. Ошону менен бирге дүйнөнүн эң мыкты делген 100 университетине мусулман мамлекеттериндеги окуу жайлардын бири да кире албай келет.

Европанын орто кылымда түшкөн абалына азыр мусулман мамлекеттери дуушар болуп жаткандай.

Анткени, орто кылымда христиан мамлекеттери илим менен чатакташып келсе, азыркы учурда мусулмандар ошол эле абалга дуушар болууда. Илим менен диндин карама-каршылыгы дегеле жакшылыкка алып келген эмес.

Дин илимий изилдөөлөр менен коштолгон учурда гана өнүгүүнүн локомотиви боло алат. Илимди, акылды жана логиканы чанган динчил адамдан коркунучтуу нерсе болбойт. Тактыкты тааныбаган, илимий фактыларды танган динчилге бир нерсе түшүндүрүү мүмкүнбү?!

Ошол эле кезде Кудайдан коркпогон, диний баалуулуктарга ээ эмес илимпоз да коркунучтуу. Динге ишенген, элдин диний баалуулуктарын сыйлаган окумуштуу жок эле дегенде азыркы учурда пайда болуп жаткан кээ бир зыяндуу нерселерди ойлоп тапмак эмес. Адам баласынын келечегине коркунуч алып келип жаткан учурдагы айрым технологияны ойлоп таап жаткан илимпозду дин туура жолго сала алат. Азыркы учурда жаңы технологиялар күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бул технологиялардын туура жана пайдалуу багытта өнүгүшүнө дин моралдык-этикалык жактан керектүү баалуулуктарды бере алат.

Мисалы, карын эне (суррогатное материнство) жасалма жол менен уруктандыруу аркылуу балалуу болууга жардам берет, эмдөөлөр ар түрдүү ооруудан сактанууга көмөктөшөт. Бирок булар диний баалуулуктарды эске алуу менен колдонулушу өнүгүүгө, ал эми алардын көз жаздымда калышы карама-каршылыктарга алып келиши ыктымал.

Куран илим-билим жөнүндө эмне дейт?

Ислам дининде илим-билимге, ой жүгүртүүгө жасалган чакырыктарга карабастан мусулмандар илимден алыстап, билимсиздик туткунунда калышканын кандай түшүнүүгө болот?

Кураны-Каримде 275 жолу “ойлонбойсуңарбы?” деп суралат. 200 жолу ойлонуу, ой жүгүртүүгө буйрук кылынат, 12 аятта изилдеп, сабак алуу жөнүндө айтылган болсо, 670 жолу илимге чакырык жасалат.

Оксфорд сыяктуу Батыштагы алдыңкы университеттер алгачкы мезгилдерде диний окуу жай катары ачылганын эстен чыгарбайлы. Теологиялык билим менен кошо табигый илимдер да окутулган окуу жайлар, убакыттын өтүшү менен эң сапаттуу университеттерге айланганы белгилүү.

Ислам дүйнөсүндө да медреселерде дин менен катар табигый илимдер окутулган. Мусулман медреселери Ибн Сина, Ар-Рази, Ал-Кинди, Ал-Бируни сыяктуу илимпоздорду тарбиялап чыгарган. Мусулмандар медицина, астрономия, физика, математика, тарых, география сыяктуу илимдердин калыптанышына салым кошкон.

Бирок мусулмандар канчалык мактаныч кылбасын, 21-кылымда айт күндөрүн аныкташ үчүн дагы деле болсо айдын чыгышын карообуз канчалык туура? Орозо айтты белгилөөдө айды караш керек деген аргументтен улам, Кыргызстанда будуң-чаң түшүп эле жатып калдык.

Айдын көрүнүшүн аныктоодо илимий ыкмаларды колдонбогонубуздан болуп жатат бул талаштар. Ислам тарыхында намаз убакыттарын жана айт күндөрүн аныктап берип турган “Илмул-микат” (убакыт жана жерди аныктоо илими) делген илим болгонун унутуп калгандайбыз. Бул илим менен алек болгон киши “микати”, ал эми бул ишти изилдеген институт (ишкана) “Мувакитхана” деп аталган. Мувакитханада астрономдор жана математиктер илимий иш жүргүзүшүп, намаз убакыттарын аныктап берип турушкан.

Дегеле мусулмандар биология, математика, астрономия ж.б. көптөгөн табигый илимдердин түптөлүшүндө негизги ролду ойногон. “Илмул хаяван” (ветеринария), “Илмул хисаб” (математика), “Илмул маназир” (оптика), “Илмул фалак” (астрономия), “Илмун-набат” (ботаника), “Илмун- Нафс” (психология) сыяктуу илимдер учурунда өнүктүргөн.

Илимге кол шилтегендер жана жеригендер

Бирок эмнеге азыр мусулмандар мындай ийгиликтерге жетише албай жатышат деген суроо туулат? Жаңы ийгиликтерди жаратмак тургай, мурдагы жетишкендиктерин чанып, тана баштады.

Себебин башта айтып өттүк. Илимди чанган, жаңылыктарды жериген, өзүнүн дин түшүнүгүнө жашынып алган мусулман муун пайда болду. Илим менен дин бирин-бири толуктаган маалымат булактары экенин унутуп калдык.

Азыркы учур маалыматтын учуру. Азыр адам баласы өндүрүш технологиясынан маалымат технологиясына өткөн учур. Күн өткөн сайын маалымат технологиясы өнүгүүдө. Бирок мусулмандар маалымат менен иштөөнүн жол-жобосун өздөштүрө албай жатышат.

Илимий жол менен иштелип чыккан маалымат гана ишенимдүү болуп эсептелет. Эгер сиз илимге эшигиңизди жаап алсаңыз анда маалыматка эшигиңизди жапкан болосуз. Маалыматка жабык болуу, радикалдашуунун башталышы болуп эсептелинет.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG