Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Сириядан атайын тапшырма алган топ аныкталды


Кармалгандардан тартылып алынган курал-жарактар.
Кармалгандардан тартылып алынган курал-жарактар.

Ошто “Ахмадий” диний агымынын өкүлүнүн атып өлтүрүлүшүнө байланыштуу жаңы жагдайлар ачыкка чыкты. Бул окуяга байланыштуу жалпысынан сегиз адам кармалды.

Ички иштер министрлигинин билдиргени боюнча кармалгандардын арасында террорчул уюмдун мүчөлөрү, Сирияда аскерий машыгуудан өтүп келгендер бар жана Кыргызстандагы “Ахмадий” агымынын өкүлдөрүнө кол салуу, бай адамдарды, акчалуу ишкерлерди карактоо өңдүү ниети болгон.

Кармалган сегиз адамдын экөө өткөн аптада Сириядан келатканда Жалал-Абад облусунда жолдо колго түшкөн. Алардын бири Оштун Ноокат районунун 20 жаштагы тургуну. Ал Түркияга 2013-жылы кеткен жана быйыл бир канча ай бою Сириянын Латакия шаарында аскердик машыгуудан өткөн. Экинчи 27 жаштагы жигит Жалал-Абаддын Сузагынан болот. Ал Египетте диний билим алгандан кийин 2013-жылдан тарта Түркияда жүргөн жана Абу Бакир, Умар аттуу өзбек жарандарынын азгырыгы менен Сирияга быйыл барып келген.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Олжобай Казабаев ырастаган маалыматка ылайык, колго түшкөндөр Кыргызстандагы “Ахмадий” диний агымынын өкүлдөрүнө, бай адамдарга, акчалуу ишкерлерге, чет өлкөлүктөргө кол салуу өңдүү атайын тапшырмалар менен жүргөнү аныкталды:

- Ошолордун арасында ар кандай диний агымдардын мүчөлөрү болгон. Сириянын Латакия деген шаарында курал-жарак колдонуу боюнча аскерий машыгуудан өтүп келишкен. Ошол жердеги ар бир агымдын төбөлдөрү аларга ар кандай тапшырмаларды берген. Алар бул жакта “ахмадийлерди”, акчалуу адамдарды, ишкерлерди карактап, тоноп ал акчаны Сирияга жөнөтүп туруу деген тапшырмаларды алып келишкен.

22-декабрда кечинде Оштун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 37 жаштагы тургуну Юнусжан Абдужалилов үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. Ал “Ахмадий” агымынын мүчөсү экени, кол салуунун башкы себеби диний келишпестик экени айтылган. Бул факт боюнча Ош жана Жалал-Абадда өткөрүлгөн атайын операцияларда куралдуу, ири өлчөмдөгү ок-дарысы менен алты адам кармалган. Алардын үчөө Оштун Кара-Суу районунун тургундары, бирөө Жалал-Абаддан, калган экөө Өзбекстандын жарандары.

Ыкчам маалымат боюнча “ахмадийлерге” кол салуу боюнча буйрукту ушул тушта Сирияда жүрөт делген Кашкар-Кыштак айылынын Сирожидин Мухтаров менен Отабек Исмаилов аттуу тургундары беришкен. 25 жаштагы Мухтаров менен 34 жаштагы Исмаилов издөөдө жана алар “Таухид ал-Жихад” деп аталган террорчул топтун мүчөлөрү катары белгилүү.

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Мухидин Насыркуловдун маалымдашынча, аталган айыл аймагында “Ахмадий” агымынын болжол менен 200гө чукул мүчөсү бар. Ал эми Сирияга кеткен кашкаркыштактыктардын саны 40ка чукулдап калды:

- Алардын көпчүлүгү мечитке барган эмес. Алардын теңи өздөрүнчө эле интернеттен, дагы башка жактардан маалымат алып, Орусияда иштеп жүрүп Сирияга кеткендер. Сирияга кетип жаткандар боюнча биз быйыл бир топ иштерди жүргүздүк. Февраль айында биздин айылдан Сирияга кеткендер болгон, ошондон бери эч ким кеткен жок. Сирожидин Мухтаров деген бала ошол жактан туруп бул жактагы “ахмадийлерге” кол салуу тууралуу буйрук бериптир. Бизде болжол менен “Ахмадий” агымынын 200гө чукул мүчөсү бар.

Кыргызстанда “ахмадийлердин” саны миңге чукул жана алардын ишмердигине тыюу салынган эмес. Бирок алар жыл сайын расмий каттоодо тоскоолдуктар болоорун айтып даттанып келишет. Ошол эле учурда коомчулукта бул агымга тыюу салуу талабы да айтылып жүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн өкүлү Жигиталы Исмаилов агым тууралуу буларды айтып берди:

- Буларды “Кадияний” деп коюшат. Мырза Гулам Ахмад деген адам түзгөн жамаат. Өздөрүн мусулманбыз деп айтышат. Бирок мусулман эмес. Ошол Мырза Гулам Ахмад өзүн пайгамбармын деп чыккан. Ал пайгамбар эмес. Аны эч ким пайгамбар деп тааныган эмес.

Кыргызстанда 70тен ашык диний агым бар, ал эми диний уюмдардын саны 2300дөн ашат. Соттун чечими менен 20га жакын диний уюмга тыюу салынган.

Алар: “Ал-Каида”, “Талибан кыймылы”, “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы”, “Күрт элдик конгресси”, “Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму”, “Хизб-ут-Тахрир”, “Жихад тобу”, “Өзбекстан ислам кыймылы” “Мун чиркөөсү”, “Жайшүл Махди”, “Жунд-ал Халифат”, “Ансаруллох”, “Ат-Такфир Вал-Хижра”, “Акромия”, “Ислам мамлекети”, “Жабхат ан-Нусра”, “Катибат аль-Имам аль-Бухари”, “Жаннат Ошиклари”.

XS
SM
MD
LG