Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Түркиядагы студенттер учактан жабыркагандарга акчалай жардам топтошту


Түркиядагы студенттер учактан жабыркагандарга акчалай жардам топтошту. Бул тууралуу "Азаттыкка" кыргызстандык cтуденттер платформасынын жетекчиси Алишер Имамов билдирди.

- Биз Түркиядагы кыргызстандык студенттер катары кырсыкта жабыркагандарга жардам акциясы баштаганбыз. Эки күндө 4500 лирага (1200$) жакын акча чогулттук. Азыр Бишкекте бизге жардам берген ыктыяр жигиттер ал жакта кантип туура дарекке туура жеткирсе болот деп изилдеп жатышат. Алгачкы топтолгон акчаны эртең бир досубуз менен жөнөтүп жатабыз. Башка тааныштар да жуманын аягына чейин дагы акча чогултуп беребиз деп жатышат.

Түркияда жалпысынан 14 миңге жакын кыргызстандык катталган. Алардын эки миңге жакыны студенттер. Негизинен Стамбул, Анкара, Измир сыяктуу чоң шаарлардагы жогорку окуу жайда билим алышат. Көбүнчө гуманитардык, экономикалык жана инженердик факультеттерди тандашат. (ElB)

XS
SM
MD
LG