Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Кыргызстанда “Акрамия” диний уюмунун ишмердигине тыюу салынды.

Ошондой эле сот Саид Буряттын материалдары дин, улут жана расса аралык кастыкты козутат деп тапты. Кыргызстанда ишмердигине бөгөт коюлган диний уюмдар саны ондон ашат.

“Акрамия” диний уюмунун ишине бөгөт коюу жана Саид Буряттын үгүт материалдарын жайылтууну тыюу тууралуу сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Башкы прокуратура кайрылган. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, сот бул боюнча 14-мартта чечим чыгарды:

- Саид Бурятка тиешелүү материалдар экстремисттик, дин жана улут аралык кастыкты козутат деп табылды. Мындан улам Кыргызстандын аймагында аны жайылтып таратууга тыюу салынды. Ошону менен бирге эле "Акрамия" кыймылынын ишине да бөгөт коюлду.

“Акрамия” диний кыймылы 1990-жылдары Өзбекстанда түптөлгөн. Уюм 2005-жылы Анжиян окуясында кеңири таанылган. Милициянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда “Акрамиянын" элүү чакты мүчөсү бар.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Бактыбек Осмонов алар негизинен өлкөнүн түштүгүндө экенин айтууда:

- “Акрамия” кыймылы Өзбекстанда террорчу деп табылган. Аны Акрам Юлдашев деген адам түптөгөн. Бул уюмдун мүчөлөрү Ооганстанда болобу, Өзбекстанда болобу террорчул иштерге аралашкан. Кыргызстанда акрамийлер түштүктө бар. Бизде бул кыймылдын жактоочулары деле көп эмес. Анткени бул Өзбекстандын расмий бийлигине каршы чыккан уюм болуп саналат.


Террорчул топтун ана башы атыккан Саид Буряттын өз аты-жөнү Александр Тихомиров. Ал 2010-жылы Ингушетияда атайын операцияда атып өлтүрүлгөн. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Бактыбек Осмоновдун айтымында, анын өмүрүнүн соңку учурундагы диний чакырыктары опурталдуу болгон:

- Саид Буряттын диний жолун экиге бөлсөк болот. Алгачкы жарымы андай деле экстремисттик маанайда эмес болчу. Бирок өмүрүнүн соңку учурларында диний чакырыктары радикал экстремисттик-террористтик маанайга өткөн. Жихадга ачык эле чакырып калган. "Каапырларды кырыш керек" дегенге чейин жеткен. Сайттарды жапкан себеби ошол болду.

Кыргызстанда жалпысынан 13 диний уюмдун ишине сот тыюу салган. Дин маселелери боюнча эксперт Данияр Мурадиловдун баамында, диний экстремизм-терроризмди алдын алуу, агартуу, маалымат жеткирүү иштерине басым жасалбай жатат:

- Соңку учурда динчилдик өсүп баратат, бирок дин окутуу сапаты андан артта калып жатат. Дин деген руханий азык да. Ошол руханий азыкка умтулуп, динге кирип намаз окуп, өзүнө керектүү маалымат издесе, сапаттуу маалымат жоктугунан радикалдашууга барат. Фанатизмге кирет. Фанатизм менен радикалдашуу дегенди экстремизм-терроризмдин босогосу деп атаса болот.


Өткөн айда Коргоо кеңеши өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулаган. Анда президент Алмазбек Атамбаев абалды өтө опурталдуу деп баалаган жана чечкиндүү чаралар көрүлүшү керектигин, өлкө коопсуздугу коркунучта экенин эскерткен. Ушул жылдын апрель айына чейин дин чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын иштеп чыгууну тапшырган. Бул жаатта жумушчу топ да түзүлгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG