Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Кыргызстанда айрым укук коргоочулар, адвокаттар диний-экстремисттик деп табылган материалдардын экспертизасы боюнча маселе көтөрүп жатат.

Алардын жүйөсүнө ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын теологиялык экспертиза өткөрүү укугу талаш жаратат жана аны жүргүзүү жол-жобосу сакталбай жатат. Аталган комиссия болсо дооматты четке кагууда.

Ош облусундагы Кара-Суу шаарынын тургуну Дилиер Жумабаев “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөсү жана аны кармоо маалында каршылык көрсөттү деген айып менен өткөн айда алты жылга жатак абакка кесилди. Ал былтыр сентябрь айында камакка алынган. Атайын кызмат анын үйүнөн шектүү материалдар табылганын билдирген. Анын жубайы Наргиза Жумабаева үйдө тыюу салынган материалдар болбогонун, оперативдүү кызматкерлер алардын үйүнүн эшигин, терезесин сындырып кирип, тинтүү жүргүзүшкөнүн, күйөөсүнө жалган жалаа жабылганын айтууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов диний экстремизм беренеси менен шектелгендерди кармоо учурунда күч колдонуу, жалган жалаа жабуу өңдүү көрүнүштөргө жол берилбейт деп ишендирди:

- Андай учурлардын баары видеого тартылат. Ошондо кандай иш-аракеттер болгону көрүнүп эле турат да. Баары күбөлөрдүн катышуусунда болот.

Экстремисттик деп табылган материалдар боюнча теологиялык экспертизаны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өткөрөт. Дилиер Жумабаевдин адвокаты Хусанбай Салиевдин ырасташынча, аталган комиссиянын мындай экспертиза өткөргөнгө укугу жок жана мыйзам жол бербейт. Ал муну Юстиция министрлиги да тастыктаганын айтууда. Салиевдин пикиринде, экспертиза жүргүзүүдө эки эреже бузулуп жатат:

- Биринчи эреже – экспертизаны соттук - эксперттик мекемеде өткөрүү. Бизде тергөөчүлөр Дин иштери боюнча комиссияга ушуга экспертиза жүргүзүп бергиле деп кайрылат. Бул мыйзамсыз. Комиссия эксперттик орган эмес. Укугу жок, ал жерде экспертиза жүргүзгөнгө шарт түзүлгөн эмес. Экинчиден, тартип боюнча тергөөчү экспертиза дайындагандан мурун экспертти чакырып, анын компетенциясын, колунан келер-келбесин текшерип, анан гана эксперт деп таанышы керек. Бизде бир дагы адам эксперт деп таанылган эмес. Атүгүл мугалимдер экспертиза өткөргөн учурлар да болгон.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия болсо экспертиза боюнча айтылган дооматтарды жокко чыгарып келет. Комиссиянын эксперти Шүкүр Шерматовдун айтымында, теологиялык экспертиза өткөрүү ыйгарым укуктары боюнча атайын жобо бар:

- Бул мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Бирок президенттин жарлыгы менен атайын жобо чыккан. Ошол жерде диний экспертизаларды Дин комиссиясы өткөргөнгө укуктуу деп көрсөтүлгөн. Бул жерде дин таануу адистигин алган эксперттер отурат. Алардын баары сынактан өтүп келген. Андан тышкары өзүбүздө аттестация болуп турат. Соңку күндөрү экстремисттик материалдар көбөйүүдө. “Ислам мамлекети” уюму күчөгөндөн бери ошолорго тиешелүү материалдар көп келе баштады. Мурун “Хизб ут-Тахрир” уюмуна тиешелүү материалдар көп болчу.

Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын өкүлү Эмил Жээнбеков диний экспертиза боюнча маселенин көтөрүлүшүн орунсуз деп эсептейт:

- Теологиялык экспертиза кайсы бир материал укук коргоо органдарына, сотко, прокуратурага түшүнүксүз болуп атса, бул тууралуу терең диний изилдөөнү талап кылып жатса гана жүргүзүлөт. Эгер андай муктаждык жок болсо, сөзсүз түрдө теологиялык экспертиза өткөрүү керек деген жобо жок. Экпертиза талап кылган учурлар, жагдайлар ар дайым эле боло бербейт. Кээ бир учурда экстремизмдин белгилери, элементтери чакчайып эле көрүнүп турат. Ал жерде теологиялык, психологиялык же болбосо лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнүн кереги жок.

Диний экстремизм боюнча айыпталган жарандардын адвокаттары Кыргызстанда тыюу салынган материалдардын жана адабияттардын атайын расмий тизмеси жоктугу боюнча да маселе көтөрүп келет. Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынан маалымдашкандай, ушул тушта мындай тизме даярдалып жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG