Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Кыргыз коомчулугун диний көз караштарына байланыштуу чет өлкөгө чыгып кетип, согуш оту күйүп жаткан жерге барган жарандардын, анын ичинде бүтүндөй үй-бүлөлөрдүн көбөйүп жатышы бейпайга салган көрүнүш болууда.

Тартип коргоо органдарынын акыркы маалыматына караганда Сириядагы согушка катышып жаткан жарандардын саны жарым миңден ашуун. Буга эмне себеп? Өз эл-жеринен безе качып, бөтөн жердеги согушка катышууга эмне түрткү болууда? Буга мамлекеттик идеологиянын алсыздыгы жол берип жатабы же жарандар акча менен ишенимди жанынан артык баалашабы?

“Азаттык” бүгүнкү “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул суроолорго жооп издөөнү максат кылып отурат.

Талкууга “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондусунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Акимжан Эргешов катышты.

“Азаттык”: Акимжан мырза, акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстандан Сирияга жана Иракка кетип, согушчан топторго кошулган жарандардын саны жарым миңден ашкан экен. Көбү жаштар болууда. Алардын террористтик топторго атайылап кетип жатышына башкы себеп эмне? Диний көз карашпы же жоопкерсиздикпи?

Акимжан Эргешов: Бул Кыргызстан үчүн эле эмес, бүткүл дүйнө эли үчүн жаралган көйгөйдүн бир эпкини. Тилекке каршы, Сирияга 500дөй адамдын кетиши көпчүлүк арасында дин ушундай кадамга чакырат го деген көз карашты пайда кылууда. Бирок ал адамдар чындап эмне себептен чыгып кеткенин изилдеген бирөө жок. Чындап иликтей турган болсок, кетүүгө адамдардын диний көз карашы эмес, социалдык-экономикалык абалы башкы себеп болуп жаткандай. Дин кызматкери катары пикирибизде, алар исламдан кабары жоктугунан ушул кадамга барууда. Алардын көбү жумуш издеп, башка мамлекетке жүргөн кезде акчага же идеологиялык чакырыкка азгырылууда.

“Азаттык”: Нуржигит мырза, өткөн жумада Чүй облусунда болгон чогулушта Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү көп жаштар кетип жатканын, азгыруу аракети дагы күчөрү айтылды. Жаштардын, аялдардын азгырыкка берилип, Кыргызстандын жаранымын деген сезиминин тайыз болушуна эмне себеп болууда?

Нуржигит Кадырбеков: Кыргызда “Эмнени эксең, ошону аласың” деген жакшы сөз бар. Кеткендер арасында 18-25 жаштагылар абдан көп, алардын көбү “Супермен”, “Бетмэн” деген мультфильмдерди көрүп, ошол каармандардай автомат кармап, эрдик көрсөтөт экенбиз деген сезимде болушат.

Эң башкысы ИМ тобун даңазалоо үчүн кеминде 10 миңден ашык кесипкөй адам 15-20дан ашык тилде пиар ишин жүргүзүп жатат. Азыр өз өлкөсүнөн чыкпай туруп эле түрдүү тилде үгүт жүргүзүп, тозокту бейиш кылып көрсөтүп, элге жайылткандардын таасири күч. Өзүбүз да көп айта берип жайылтып жибердик. Кыргыздын “Жаманды айтпай жой, жакшыны айтып жай” деген сөзүнө көңүл бурушубуз зарыл. Анан чала молдо деп сындай бергендин ордуна өзүбүз аракет кылсак жакшы болот эле. Диний билими бар аалымдардын баары эле Кыргызстандын ар кайсы жеринде жайгашкан 3000 мечитке барып иштей албайт экен. Ал жерде ким иштегиси келсе, ошолорго ишеним жүктөлүп жатат. Ал жерде иштеген адамдардын деңгээлин, билимин көтөрүү ишин президент түзгөн “Ыйман” фонду жүргүзүп жатат.

“Азаттык”: Нуржигит мырза, жакында тартип коргоо өкүлдөрү жаштарда диний түшүнүктү жакшыртуу үчүн орто мектептерде 8-класстан тарта дин таануу сабактарын киргизүү керек деп сунуштады. Аны колдоо зарылбы?

Нуржигит Кадырбеков: Колдойм, балким андан да эртерээк киргизүү зарыл. Жакында эле Норвегиядан бир эксперт келди. Демократия жагынан эң алдыда турган өлкөлөрдүн бири ушул Норвегия. Ал светтик деген түшүнүк демократиянын бир түрү, демократия жарандарга мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек дейт. Ошон үчүн бул өлкөнүн мектептеринде исламды окутат экен. Эгер мамлекет динди таанытпаса, аны экстремисттер интернет аркылуу окутат.

Азыр бизде руханий ачкачылык, ошол ачкачылыкты толтуруу үчүн адамдар бактылуу болуунун жолу ушул десе, ошол жакка берилип жатышат. Андан тышкары динди окутпаган өкмөтүңө каршы болом деп деле ушундай азгырыктарга барышат деген маалыматтар бар. Адам ачка болсо ашказанды толтуруу үчүн көгөргөн нанды деле жейт, бирок ал ден соолугуна зыянын тийгизет. Бул азыркы руханий ачкачылыктан пайдаланып, өз идеясына оңой буруу аракетине жакшы мисал. Демек, зыяны тийип жатат. Андан тышкары коррупцияны күчөтүп, алдым-жуттумдук, зордук көрсөтүп, пара алып жаткан аткаминерлер да экстремисттердин түздөн-түз жардамчысы болуп жатат. Ошон үчүн бизде илим, билим, маданият, жоопкерчилик идеологиясына катуу көңүл бурушубуз керек.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG