Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Жалал-Абад: диний экстремизмдин алдын алуу чаралары күчөтүлдү


Облустук ички иштер башкармалыгы диний экстремизм-терроризмдин алдын алуу жана күрөшүү максатында ыкчам иш-чараларды күчөттү.

Сузак районунда 17-январда "Хизб-ут Тахрир" уюмунун активдүү мүчөлөрү катары оперативдүү каттоодо турган үч тургундун үйү соттун санкциясы жана күбөлөрдүн катышуусу менен тинтүүгө алынды. Анда мазмуну шек туудурган диний китептер, баракчалар алынды. Арасынан Сириядагы кырдаал, “Ислам мамлекети” террордук уюму боюнча материалдар да чыккан.

Базар-Коргон районунда Чүйдөн барган бир жаран кармалып, анын жанынан муфтияттын мөөрү коюлбаган, уруксаты жок басылган диний китептер, дин тууралуу жазылган дептерлер табылды. Бул фактылар боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары башталды жана теологиялык-соттук экспертизалар дайындалды.

2016-жылы облуста диний экстремизм боюнча 79 факт катталган жана 48 кылмыш иши козголгон. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу көп экенин милициядан кабарлашты.

Былтыр Жалал-Абадда жергиликтүү милиция жана өз алдынча башкаруу органдарынын түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 60тан ашуун адам өз эрки менен "Хизб-ут Тахрир" уюмунун катарынан чыкканын билдирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG