Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

"Бир дүйнө Кыргызстан" "түз байланыш" аркылуу кеңеш берүүдө


Кыргызстандагы бүгүнкү добуш берүү өнөктүгүнө байланыштуу "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын юристтери шайлоочуларга кеңеш берүүдө. Бул максатта 5-декабрдан бери 0312 317671, 0778 985271, 0551 961861 номурлары боюнча "түз байланыш" иштеп жатат.

Буга чейинки күндөрү кыйрылган жарандар үгүт иштери, биометрикалык каттоо, тизме боюнча суроолор менен кайрылды.

Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматы ачкан 119 номуру боюнча "түз байланыш" жакшы иштебей жатканына байланыштуу даттануулар болду.

"Бир дүйнө Кыргызстандын" жарандарга шайлоо мыйзамдары боюнча кеңеш берүү кызматы 18-декабрга чейин иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG