Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сегиз диний уюмду экстремисттик-террорчул деген кара тизмеге киргизди.

Атайын кызматтын төрагасы Шамил Атаханов “Азаттыктагы” маегинде алардын ичинен "Хизб-ут Тахрир" коомго көбүрөк коркунучтуу болуп турганын билдирди. Эксперттер диний-экстремисттик уюмдарды ооздуктоодо мамлекеттин чабал экенин белгилеп жатышат.

Мүчөлөрү күн санап көбөйүүдө

Башкы чекист Шамил Атаханов Кыргызстандын коопсуздугуна доо кетирип жаткан диний уюмдарды атады:

- Биздин тизмеде сегизге жакын уюм, алардын ичинде Мун чиркөөсү, "Хизб-ут Тахрир", "Таблиги жамааты", Ислам кыймылы биримдиги (СИД), "ал-Каида" жана башкалар бар. Алардын ичинен абдан тамыр жайган жана кырдаалды курчуткан уюм – "Хизб-ут Тахрир". Ал акыркы жыйырма жылда ирденип, өз тармагын түзгөнгө жетишип алган. Ооганстан аймагында жайгашкан жана түзүлүп келаткан Ислам кыймылы биримдигине тынымсыз, өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы бар.

Атаханов айрыкча мыйзам тыюу салган "Хизб-ут Тахрир" уюмуна басым жасайт.

Аталган уюмдун мүчөлөрү он миңден ашкан, мурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарында болсо, ушул тушта өлкө түндүгүндө ишмердигин күчөткөн.

Талдоочу Уран Ботобековдун баамында, "Хизб-ут Тахрир" уюму өлкөдөгү саясый олку-солкулукту текке кетирбей колдонушат:

- 2010-жылы бийлик алмашканда "Хизб-ут Тахрир" өзүнүн үнүн, программалык максаттарын ачык билдиришкен, "биз ушул бийликти колдойбуз" деп. Мезгил ошого туура келип калган. Ноокат окуясында аталган уюмдун көп мүчөлөрү кармалган болчу. Күч органдары алардын сүйлөгөн сөздөрүн, жашыруун жыйындарын изилдеп жүрүп колго түшүргөн эле. Бирок саясий чечим болуп, 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Ноокат окуясында катышкандар бошотулган. Демек 2010-жылы "Хизб-ут Тахрир" көз карашын ачык билдирип, саясатка таасирин тийгизе алды. Кийин бийлик чыңалган соң алар кайра жашыруун мүнөзгө өтүп кетишти. Мурда бизде репрессиялык машина көбүрөк иштечү. Камоолор көп болчу. Бүгүнкү күндө алар мындай нерседен коркпой калышты. Ачыгыраак иш жүргүзө башташты.

Диний маселелер боюнча серепчи Кадыр Маликов жихад идеясын алып жүргөн уюмдардан коркунуч көбүрөөк деп ишендирет:

- "Таблиги жамааты", "нуржулар" сыяктуу момун уюмдар экстремисттик жактан алып караганда өтө деле опурталдуу эмес. Алардын башкаруу борбору сыртта, ошондуктан кичине кооптонуу гана жаратышы мүмкүн. Кыргызстан, дегеле Борбор Азия үчүн эң биринчи коркунуч бул - жихад мүнөзүндөгү кыймылдар. Алардын идеологиясы, структурасынын баары жихад идеясына байланган. Өздөрүнүн өлкөсүнө, тартип коргоо органдарына, салттуу динге каршы турат.

Серепчи Уран Ботобеков диний экстремисттик-террорчул уюмдарга каршы мамлекет чабал иштеп жатат деп сынга алды:

- Диний башкармалык өзүнчө иш жүргүзөт. Алар майда-барат маселелер менен, каржы боюнча талаш маселелер боюнча, ажылык боюнча көбүрөөк алышып, радикалдуу мүнөздөгү диний агымдар менен менен күрөшүүгө көп көңүл бурулбай жатат. Мамлекет да бул багытта өзүнчө концепция, өзүнчө бир программа иштеп чыккан жок.

Астейдил мамилени талап кылат

Ички иштер министрлигинин 10-башкарма башчысынын орун басары Станбек Бакиров күч органдары жакшы иштей албай жатат деген дооматтарды четке какты:

- Ушундай аракеттердин негизинде "Хизб-ут Тахрир" уюмунан кээ бир мүчөлөрү чыгып кетти. Тактап айтканда Ош шаарында, Ноокатта, Сузакта кээ бирлер чыгып кетти. Бүгүнкү күндө биз мындай аракеттер менен чектелип калбастан, мыйзам чегинде чара колдонуп, коомчулук, жергиликтүү кеңештерден, жергиликтүү күч органдарынан баш тарттыруу саясатын да жүргүзүп жатабыз.

Теология илимдеринин доктору Самаган Мырзаибраимов диний-экстремисттик уюмдарга каршы күч колдонуу саясаты тескери натыйжа берет деп эскертүүдө:

- Бизде азыр мыйзамды татаалдаштырып, Казакстанга окшоштуруп катуу чараларды көрүш керек деп атат. Бул тескери реакция берет. Бизде азыр өтө деле коркунуч жок. Себеби бизде салыштырмалуу дин эркиндиги бар. Дин эркиндиги кысылган сайын реакция күчөшү мүмкүн. Экстремисттик уюмдарга каршы күрөштө айрыкча муфтият жоопкерчиликти алыш керек. Муфтият азыр ажылык, намаз менен гана алектенип калган.

Коңшуларына караганда Кыргызстанда дин эркиндиги иш жүзүндө камсыз кылынган.

Диний негизде куугунтукка алынып камалган окуялар саналуу. 2010-жылдагы апрел окуяларынан кийин бир катар жардыруулар катталып, бул иштерди террорчул багыттагы диний уюмдар жасады деп, бир катар жарандар камалган. Кез-кези менен "Хизб-ут Тахрир" уюму тараткан деп диний адабияттарды кармашат.

Жакында Ноокатта жети жаран "Хизб-ут Тахрирдин" катарынан чыктык деп жума намаздан кийин жарыялашты. Бул сейрек бир окуябы же тенденциялуу көрүнүшпү? – азырынча бир беткей жооп айтуу кыйын.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG