Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:10

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Парламент тарабынан "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө президент каршы пикирин билдирди. Анда диний адабияттарды экспертизадан өткөрүүнү муфтият менен православ чиркөөсүнө берүү зарылдыгы белгиленген. Президент кандай жүйөөдөн улам бул мыйзамга вето койду?

Абдулатиф Жумабаев: Биринчиден, президент ал мыйзам долбоорунун баарына каршы эмес. Анын экспертизага тиешелүү беренесиндеги диний уюмдардын экспертиза жүргүзүүсүнө укук берүүсүнө гана каршы. Анткени мыйзамдарда, Баш мыйзамда да Кыргызстан дүнявий (светтик) мамлекет деп жазылган. Башкача айтканда, дин мамлекеттен ажыратылган, диний мекемелер мамлекеттин ишине кийлигише албайт.

Ошондуктан мамлекеттин дин тармагындагы саясатын жүргүзүп жаткан органдын айрым вазийпаларын диний мекемеге бергенге акыбыз да, укугубуз да жок.

Экинчиден, дүнявий (светтик) Баш мыйзамдын негизинде биздин мамлекет эч бир динге артыкчылык, өзгөчө макам бере албайт. Кээ бир диний мекемелердин адабиятын, алардын чыгармаларын башка бир диний уюмга берип, экспертиза жүргүзүү деген бул диндер ортосундагы калыстыкты жоготууга алып келет.

Ошондуктан диний адабияттарга экспертизаны мамлекеттик орган жүргүзүп, жыйынтыгында мамлекеттик органдын корутундусу болуш керек. Эгер бир дин башка бир диндин үстүнөн экспертиза жасай турган болсо, анда ал конфессиялар аралык араздашууга алып келиши да мүмкүн.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Сиз азыр калыстык жоголот деп жатасыз. Бирок бул демилгени көтөргөндөр Кыргызстанда кылымдан бери ислам дини менен православ чиркөөсү салттуу катары калыптанып калган дегенди негиз кармашууда. Алар 100-200 мүчөсү бар диний агым менен жүз миңдеген адам карманган салттуу диндердин макамы теңелип, көпчүлүктүн укугу бузулуп жатат деп жатышкандай. Буга сиздин пикир?

Жумабаев: Кээ бир секта деп айтылып, ушул күндөрү жабылып жаткан мекемелердин 90 пайызы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн эмес. Алар кайрымдуулук фонду жана башка иштердин артында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышат.

Ал эми кээ бир депутаттар тарабынан салттуу диндерге өзгөчө бир макам бериш керек деген пикирлер айтылып келүүдө. Бирок бул жөнүндө атайын мыйзам долбоору же башка иштер жок. Ошондуктан биз азыр колубузда бар мыйзамдар боюнча гана пикир айта алабыз.

“Азаттык”: Былтыр декабрь айында жаңы өкмөт куралып жатканда өкмөт да, депутаттар да Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жоюлуш керек деген чечим кабыл алып, жарымы президенттик администрацияга, жарымы Юстиция министрлигине өткөрүлүп берилсин деп белгилешкен. Ал эми кийин бул орган толугу менен президентке караштуу болуп калды. Айрым депутаттар муну Баш мыйзамга каршы келген көрүнүш, парламент менен макулдашылган жок деп эсептеп жатат. Бул доомат канчалык орундуу?

Жумабаев: Биринчиден, бул кызматка мен январь айынын акырында келдим. Ал эми сиз айтып жаткан иштер декабрда болгон.

Экинчиден, дин тармагы бул идеологиялык маселе. Азыр дин иштери боюнча комиссия, мамлекеттик тил комиссиясы президенттин карамагына өттү. Анткени булар мамлекеттин, элдин жана улуттун идеологиясына тиешелүү маселелер. Ал эми өкмөт экономикалык маселелерди карайт.

Менин билишимче, өкмөт башчынын бул боюнча өзүнүн туура пикири бар. Ал да бул жерде президентке “идеологиялык маселелерди сиз, экономикалык маселелерди мен карайын” деген.

“Азаттык”: Өткөн жумада айрым диний өкүлдөр муфтиятта вахабилер-салафилер толуп алды деп билдирүү жасады. Бул, албетте, олуттуу доомат. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын муфтиятта вахабилер-салафилер бар экенинен кабары барбы? Алар Кыргызстан коопсуздугуна канчалык коркунуч туудурат? Дегеле булар кимдер?

Жумабаев: Бул доомат балким жакында эле дагы бир жолу айтылса керек. Бирок бул нерселер көптөн бери эле айтылып келатат. Муфтияттын ичинде кээ бир адамдардын иштеп жатканы айтылып жүрөт.

Жалпысынан вахабилер-салафилер деп айтканда, эми Кыргызстан ЖККУга (Жамааттык Коопсуздук жана Кызматташтык уюму) кирет. Ал уюмдун Коопсуздук кеңешинде салафизм тыюу салынган уюм катары кабыл алынган. 2010-жылы уюмдун мүчөсү катары Кыргызстан да ал келишимге кол койгон. Анда мындан башка да кээ бир тыюу салынган жамааттар бар, аларга да кол коюлган.

Ал эми муфтиятка карата айтылып жаткан дооматтарды, келип түшкөн арыздарды карап, ар бирин текшерип жатабыз. Бул идеологиялык маселе болгондуктан аны бир күндө чечип коюу мүмкүн эмес. Бул иштер көптөн бери жыйналып, ушул күнгө жеткен нерселер. Ал эми вахабизм, салафизм идеологиялык багыт болгондуктан бул жаатта муфтият кандай иш-чараларды жүргүзүп жатканы тууралуу бизде толук маалымат жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG