Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

Белгилүү дин таануучу Кадыр Маликовго кол салды делинип Түркияда кармалгандар Кыргызстанга дагы деле алынып келине элек.

Учурда шектүүлөрдү кайтарып алуу иштерин Тышкы иштер министрлиги жүргүзүүдө. Ал ортодо Маликов дагы бир опеpацияга муктаж экенин, бетиндеги жарааты терең болгондуктан нерв клеткаларына доо кеткенин жакындары билдирүүдө.

Ал эми эксперттер болсо Кыргызстанда дин таануучулардын коопсуздугуна кепилдик жок экенин айтышат.

Өткөн жылдын ноябрь айында белгилүү теолог Кадыр Малкиковго кол салды деген шек менен Түркиянын Сирияга чектеш Газиантеп шаарынан кармалган эки кыргызстандыктын качан алынып келинери белгисиз. Буга чейин Ички иштер министри Мелис Турганбаев бул ишти өз көзөмөлүнө алганын, шектүүлөр декабрдын соңунда экстрадицияланарын билдирген болчу. Интерполдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчи орун басары Дайырбек Казыбаев учурда муну менен Башкы прокуратура алектенип жатканын белгилеген.

Бирок шектүүлөр экстрадицияланбай, депортация болору айтылды. Учурда бул иш менен Тышкы иштер министрлиги алектенип жатканы маалым болду. Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ТИМдин маалымат катчысы Нурлан Сүйөркулов билдирди.

- Алардын өзүнчө жол-жобосу бар экен. Соттолуш керек алар, андан кийин анан депортация болот. Жөн эле өткөрүп берүү аткарылбайт экен. Биздикилер бул маселе боюнча тыгыз сүйлөшүп жатат.

Эгер депортация маселеси чечилбесе, Башкы прокуратура аларды экстрадициялоого киришет.

Ал ортодо Маликовдун жакындары ал дагы деле дарыланууга, операцияга муктаж экенин айтышууда. Анын бетиндеги жарааты терең болгондуктан нерв клеткаларына доо кеткенин аялы Элиана Сатарова “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Ошону менен катар ал кылмышка шектүүлөрдү Кыргызстанга алып келүү иши созулуп жатканына тынчсызданды.

- Бетине бир нече жолу бычак жегендиктен из көп калып атат. Бычактан алган жарааты терең болгондуктан нерв клеткаларына доо кеткенби, айтор, оң тарабы жакшы иштебей, ымдаганда кыймылдабай жатат. Ошондуктан пластикалык операция жасатуу керек. Көп сүйлөй албай, кыйналып кетет. Күнөөлүү деп кармалгандарды алып келүү иши кечеңдегенден биз да кооптонуп турабыз. Эмнеге байланыштуу кечигип жатканы тууралуу жооп ала элекпиз.

Кадыр Маликовго 26-ноябрда Бишкекте кол салуу болуп, анын жаагына жана чыканагына бычак урушкан. Маалыматка караганда, белгисиз эки адам аны машинеге зордоп отургузуп, эсин жоготсун үчүн электрошокер колдонушкан. Кылмышка шектүү Тилек уулу Алибек менен Рыскул Бейшеналиев ошол эле түнү Казакстан аркылуу Түркияга качып, түрк полициясы тарабынан кармалган. Алар кылмышты жасаганын моюнуна алганы расмий кабарланган. Маликов өзү кол салгандар "Ислам мамлекети" террордук тобунун тарапкерлери болгонун билдирген.

- Ушул жылдын жай айында Сириянын Ракка шаарындагы “Ислам мамлекетин” колдогон террорчул топтор мени жана Казакстандагы дагы бир дин таануучуну өлтүрүү боюнча чечим чыгарышканы тууралуу менде маалымат бар болчу. Бул жүз пайыз тастыкталган маалымат. Ошондой эле жайында мени өлтүрүү үчүн үйүмдүн жана мен намазга барып турган мечиттин жанында топтор аңдып турган. Ошондуктан мен “Ислам мамлекети” тууралуу пикиримди айтуудан убактылуу карманганга мажбур болгом. Бул окуя “Ислам мамлекети” жана такфир идеологиясына каршы чыккандардын баарынын өмүрү коркунучта экенин көрсөттү.

Маликовдун өмүрүнө кол салууга ким буйрутма бериши ыктымал деген суроо алигүнчө жоопсуз калууда. Адистер окуяны терроризмди, диний-экстремизмди сынга алган диниятчылардын оозун басып, аларды коркутуп-үркүтүүгө болгон аракет деп да баалашкан. Мындай коркунуч дале болсо бар дейт Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, диний маселелер боюнча талдоочу Төлөбек Абдрахманов.

- Шектүүлөрдүн Кыргызстанга алынып келиниши биз үчүн абдан керек болчу. Анткени аларды алып келип сот жообуна тарткандан кийин Кыргызстанда андай аракеттер азаймак же токтомок. Диний эксперттер эле эмес бүтүндөй коом, интеллигенция экстремизм же радикал топтор боюнча пикирин билдириши керек. Антпесе эртең алар такыр уялап, көбөйүп кетпейби.

Абдрахманов шектүүлөрдү кайтарып алуунун кечеңдешинде эки өлкөнүн саясий мамилеси да роль ойноодо деген оюн кошумчалады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG