Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Текебаевдин тарапкерлери УКМК алдына акцияга чыгышат


УКМК имаратынын алдындагы Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери
УКМК имаратынын алдындагы Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери

Бүгүн камакка алынган «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери акцияга чыгышат. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, акцияда саясатчыны камактан бошотуу жана бийлик тараптан саясий куугунтукту токтотуу талабы коюлат.

Салянова бийлик Текебаевден корккону үчүн ушундай кадамга барып, ага карата куугунтукту баштады деген пикирин билдирди.

Учурда Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча расмий органдар эч кандай комментарий бере элек. Саясатчы өзү 3 сааттан ашык убакыттан бери УКМКда кармалып турат.

XS
SM
MD
LG