Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

31-мартта Ош шаарынын тургуну 20 жаштагы Зулфия Омонова Улуттук коопсуздук комитети тарабынан “Хизбут-Тахрир” партиясынын мүчөсү деген шек менен камакка алынган.

Маалыматтарда Омонованын атасы да “Хизбут-Тахрир” диний партиясынын активдүү мүчөсү болгон жана былтыр Өзбекстандын түрмөсүндө каза тапкан. «Хизбут-Тахрир” диний партиясы Кыргызстанда экстремисттик уюм деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

УКМК: Омонова диний кастыкты козуткан деп айыпталууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун маалымдашынча, 31-мартта камакка алынган 20 жаштагы Зулфия Омонова Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси боюнча, башкача айтканда “диний кастыкты козуткан” деп айыпталууда.

– Зулфия Омонова боюнча айта турган болсок, анын үйүнөн “Хизбут-Тахрир” уюмунун баракчалары табылган. Аны эки айга убактылуу тергөө абагына кармоо боюнча соттун чечими чыккан. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал арада “Хизбут-Тахрир” уюмунун Батыш мамлекеттериндеги, Түркияда жана башка өлкөлөрдө жашаган мүчөлөрү интернеттеги социалдык түйүндөрдө Омонованы колдоп, кубаттаган акцияларды жүргүзүүдө. Алар уюмдун интернеттеги баракчаларына Омонованын бошотулушун талап кылып, кыргыз бийлигине акаарат келтирген текст жана видео түрүндөгү кайрылууларды жайгаштырган. Зулфия Омонованын коомдук жактоочусу, оштук укук коргоочу Равшан Гапировдун айтымында, алар Өзбекстандын түрмөсүндө каза тапкан Зулфиянын атасы Хамидулла Омонов “Хизбут-Тахрирдин” активдүү мүчөсү болгон үчүн колдоо көрсөтүүдө. “Бирок Зулфия өзү “Хизбут-Тахрирдин” мүчөсү эмес” дейт Гапиров:

- Атасынын “Хизбут-Тахрир” болгону анык. Алар ошон үчүн колдоп жатат. Бурадарыбыздын кызы ушундай бейкүнөө айыпталып жатат деп, баары тынчсызданууда.

Гапировдун айтымында, Зулфия Омонованын атасы, Ош шаарынын тургуну, улуту өзбек Хамидулла Омонов 1999-жылы кыргыз жана өзбек атайын кызматтары тарабынан “Хизбут-Тахрирдин” мүчөсү катары камакка алынган. Ал Өзбекстанда түрмөдө 14-жыл отуруп, былтыр апрель айында абакта каза тапкан.

- Көп кыйноолордон кийин 2013-жылы атасы каза тапкан. Бирок атасы өлгөндө барышса, өлүгүн да беришкен эмес.

Интернетти пайдаланган радикал уюмдар көп

“Хизбут-Тахрир” уюмуна Кыргызстан 2003-жылы Жогорку Соттун чечими менен тыюу салган. Бирок алар Кыргызстанда ишмердигин көмүскө жүргүзүп келүүдө. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев буларга токтолду.

- Бул уюмдун коркунучу бар үчүн тыюу салынган. Ал Кыргызстанда гана эмес, жалпы Орто Азияда, акырындык менен бүткүл дүйнөдө халифат курабыз деген ураан менен иштеп жаткан уюм. Дүнүябий режимдерди тааныбайт жана мыйзамдарга баш ийбейт. Анан акыркы кездери курамына кыз-келиндерди тарта баштады.

Эксперттердин пикиринде, акыркы кездери экстремисттик уюмдар өз идеяларын жайылтуу үчүн интернетти активдүү колдонууга өттү. УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов мындай деди.

- Бул проблеманы биз айтып келе жатабыз. Бүгүнкү күндө “интернет имамдар” пайда болду. Жалгыз эле бул “Хизбут-Тахрир” эмес, башка да радикал уюмдар интернет аркылуу жаштарды үндөп, ар кандай акцияларды өткөрүп, динди бурмалоого аракет жасап жатышат.

Борбор Азия мамлекеттеринен тышкары, “Хизбут-Тахрир” уюмуна Орусияда жана Германияда тыюу салынган. А бирок бир катар Батыш мамлекеттеринде жана АКШда алар эркин иш алып барат. Анын ичинде Улуу Британияда бул уюмдун мүчөлөрү өтө активдүү.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин 2013-жылга карата маалыматы боюнча, өлкөдө экстремисттик топтордун 73 пайыздан ашыгын “Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрү түзөт. Ошондой эле тыюу салынган уюмдарда аялдардын катышы 23 пайызга жетти. 2005-жылы аялдардын катышы 1 гана пайыз болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG