Бүгүн Бишкекте “Кыргызстандын мыкты экспортеру” деп аталган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрү сыйланат. Сыйлык тапшыруу аземине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышат. Байгелер 21 наам боюнча берилет.
“Кыргызстандын мыкты экспортеру” сынагы өкмөт тарабынан уюштурулуп, 20-январдан тарта сынак башталган. Иш-чара өндүрүштү, туризмди жана айыл чарбасын өнүктүрүү менен жакырчылыкты азайтып, өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулган.(ZKo)