Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Учурда Коопсуздук комитети чет өлкөлүк диний окууларга кыргызстандык өспүрүмдөр мыйзамсыз жөнөтүлүп жатат деген маалыматты териштирип жатат.

Радикалдык маанайдагы диний агым саналган "Таблиги жамааттын" таржымалы, мамлекеттеги диний идеологиянын оош-кыйыштары тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна саясат талдоочу Орозбек Молдалиев жооп берди.

Орозбек Молдалиев: Бул "Таблиги жамаатты" тартипке салабыз деп өкмөт бир топ аракет кылып жүргөн. Кийинки кездерде Чубак ажы өзү баш болуп былтыр Бангладешке дааватчылардын жыйналышына барып келди.

"Таблиги жамаат" эмне уюм экенин бизде терең түшүнгөн адам жок. Алар даават жагын гана билишет. Бул уюм мурда Пакистанда тыюу салынган. 1979-жылы Советтик армия киргенден кийин өкмөт буларды пайдаланган, Советтер Союзуна каршы күрөштүн мезгилинде. Ошондон бери саясий аренада жүрөт.

"Таблиги жамаат" аркылуу террористтик уюмга кирген фактылар Европада көп эле кездешет. КМШнын көп мамлекеттеринде буга тыюу салынган.

"Азаттык": Кыргызстанда да "Таблиги жамаатка" тыюу салынган деп жүрүшпөйбү?

Молдалиев: Аракет болгон, кийин бул маселе калып калды. Бизде тыюу салынган эмес.

Ар ким өзү менен алек

"Азаттык": Мен бир маалымат каражатынан көрдүм, муфтиятка баш ийбеген 67 мечит бар деп. Ал эмне болгон мечиттер?

Молдалиев: Булардын артында атайын кызыкчылыктар бар. Катталбаган мечиттер кайыр-садага сыяктууларды төкпөй, сол чөнтөккө акча түшүрчү механизмдери бар.

Каттоону бир аз татаалдаштырып коюшкан. Дин башкармалыгы аркылуу өтөт. Жеңилдетсе мечиттер аркылуу өтмөк, бирок өткөрбөй коюп пайда көргөн чиновниктер бар. Бул жерде коррупциялык схемалар бар. Ажылыкка барганда түшкөн акчанын бир түрү ошо жактан келет.

"Азаттык": Мисалы, ошол эле "Таблиги жамааты", "Хизб-ут Тахрир" уюмунун таасири да бир топ айылдарда күчтүү экен. Мечиттерди толугу менен ээлеп алган ушундай кыймылдар бар экен. Ушундай радикалдык маанайдагы топтордун пайда болушу бара-бара коопсуздукка шек келтирбейби? Аны алдын алыш үчүн эмне кылыш керек? Дегеле мамлекетте аракеттер бар экени жөнүндө маалыматыңыз барбы?

Молдалиев: Коопсуздукка шек келтирмек тургай, коопсуздук коркунучтуу абалда болуп калды. Азыр Бишкектин өзүндө эле экстремисттик, вахабиттик мечиттер бар жана эки вахабиттик борбор бар, Оштун өзүндө борбор мурда эле бар болчу.

Булар менен ишти өкмөт деле, муфтият деле жүргүзгөн жок. Булар ажылыкка барыш, ажылыкты жакшы уюштурдук деп пиар кылмай, муфтий легитимдүү, легитимдүү эмес деген маселенин тегерегинде эле болуп атат. Бул жерде чечкиндүү аракеттерди өкмөт да жасай албай атат, диний иштер башкармалыгы болсо өзүнчө эле автономдук түзүлүш болуп кетип калды.

Бул жерден парламенттин кээ бир депутаттарынын да күнөөлөрү бар. Силер коркпогула, биз силерди колдойбуз деп коюп, өзүнүн пайдасын көрөбүз дегендер да болуп атат. Бул жерден Коргоо кеңешинин да эч кандай кадамдары көрүнбөйт. Улуттук коопсуздук комитети эмне кылып атканы да белгисиз.

Силер абдан маанилүү маселени козгоп атасыңар. Азыркы абал кыйын болуп турган кезде диний, этникалык чөйрөнү тартипке келтирип албасак болбойт. 2010-жылы азан чакырылып, кадимки эле экстремисттер чатакка аралашпадыбы. Чечүүчү ролду ойнобогону менен алардын бул жаңжалда чоң үлүшү бар. Экинчиден, ошол конфликт күчөп аткан кезде курал-жарактар мечиттерден табылбадыбы.

Ата-эне баласын өлүмгө жиберип...

"Азаттык": Диний сабак, диний билим берүү деген нерсе азыр абдан активдешип жаткан сыяктанат. Көпчүлүк ата-энелер ушул багытта окутканга өтүштү. Кыргызстандын ичиндеги медреселер эле эмес, чет өлкөгө жиберип атышат. Мисалы, акыркы факт - Бангладешке жиберип атат. Муну кандай жиберет, негизи тартип эрежеси барбы?

Молдалиев: Азыркы учурда ким кайда кетип, эмне болуп атканы белгисиз болуп, адамдардын укугу, кайда чыкканыңарды чектегениңер жок деп муну күчөтүп аткан уюмдар да бар.

Кайсы эле дин болбосун, билим алганды тартипке келтириш керек болчу. 20 жылдан ашып кетти, муну ким тартипке келтирет деп коюп жок болуп атат. Тажикстан кыйындыгын көрө баштаганы үчүн тартипке салып, чет мамлекетте окуп аткандардын баарын чакыртып алып, Тажикстандан гана билим аласыңар деп койду. Мына бул өзүн актай турган кадам болуп атат.

Кайсы жактан эмнени окуп келип атканы белгисиз. 2007-жылы Ооганстандан бир топ балдар - жан кечтилер кармалган. Ошолордун ичинде эне-аталарына сыйлык берилип, жихадга барганга макулдугун алган фактылар болгон. "Мына, балаңды жиберип атасың" деп эне-аталарына анча-мынча тыйын берген фактылар болушу мүмкүн. Муну изилдеш керек.

Экинчиден, эне-ата азыр жумушсуздук болуп атат, баңгизат колдонуп, ичип кеткен жаштар деле көп. Алар ислам жакшы экен деген менен бул исламдын кайсы багытына кетип атканын түшүнбөйт. Ислам боюнча элибиз караңгы, баарын эле жакшы экен деп түшүнөт. Мунун ичинде экстремисттик-террористтик топтор бар экенин эл билбейт.

"Азаттык": Мисалы, ошонун ичинде азыр козголуп аткан Бангладешке диний окууга жиберилип аткан балдар деле диний окуумал болуп келерине эч ким кепилдик берек албайт да?
Бишкектин өзүндө эле экстремисттик, вахабиттик мечиттер бар жана эки вахабиттик борбор бар.

Молдалиев: Эч ким кепилдик бере албайт. Эгерде эне-атасы баласы ошондой эле абдан билим алсын десе, бизде медреселер толуп атат. Мунун артында тыйын-тыпыр бар деп кыйытып атканым да ошол. Муну албетте моюнга алышпайт. Пакистанда жогоруда мен айткан маселе кийин ачыкка чыгып калган. Анда адегенде 50-90 миң долларга чейин аванс иретинде, кийин аткарган кызматына жараша өзүнчө дагы сыйлыктар берилет деген маалымат алганбыз.

"Азаттык": Эми азыр ушул окуяларга байланыштуу азыркы бийликте мамлекеттик деңгээлде чукул чараларды көрүүгө кудурет жетеби?

Молдалиев: Азыр эми Дин иштер кызматына жаңы жетекчи болуптур. Азыр Чубак ажынын айланасындагы иштер менен эле алек болуп атышат. Азыр дин иштери комиссиясынын курамы деле аз эмес. Түштүктө өкүлчүлүгү бар. Жогорку бийлик, коргонуу комитети, парламент биргелешип, комиссияга жардам берип, иштешиши керек.

Былтыр бул маселе каралган болчу. Ошол кездеги вице-премьер Шамил Атахановдун демилгеси менен каралган, бир топ жакшы сунуштар айтылган. Тилекке каршы ал сунуштар ошол бойдон калып калды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG