Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

Кыргызстандагы ислам дининин өнүгүү тенденциясы, четтен келген жаңы агымдардын таасири "Арай көз чарай" талкууланды.

Талкууга теология илим доктору Бакыт Мурзабраимов, “Сүннөт” диний уюмунун президенти Илияз Назарбеков жана Дин, укук жана саясат көз карандысыз аналитикалык борборунун директорунун орун басары Данияр Мурадилов катышты.

“Азаттык”: Бул талкууну обого чыгарышыбызга жакында дал ушул Кыргызстан сыяктуу эле мусулман дининдеги жарандар басымдуулук кылган Татарстандагы жардыруу түрткү берди. Анда муфтий жаракат алып, орун басары Якупов мерт болуп калды. Ага радикалдуу исламчыларга каршы дин кызматчыларынын күрөшүнүн бир көрүнүшү деген баа берилип жатат. Негизи ушул эгемендиктен кийин ислам ишениминин жаңыланышы жагынан Татарстан менен Кыргызстанда тенденция бирдей башталгандыгын айрым талдоочулар айтып жатышат. Маселен: алгачкы жылдары мечиттердин Аравиянын колдоосу менен жапырт курула башташы, Пакистан, Түркия сыяктуу башка мусулман өлкөлөрүнүн таасиринин, жардамынын көбөйүшү сыяктуу. Андан бери көп жыл өттү.

Бүгүн Кыргызстандагы исламга кандай баа берсе болот? Анын өнүгүү багытында кандай өзгөчөлүктөр байкалып жатат?

Бакыт Мурзубраимов: Дин маселесин өтө кылдаттык менен жөнгө салбаса, албетте Татарстандагыдай көрүнүштөр бүт бардык эле өлкөдө болушу ыктымал. Мунун эң негизгиси - азыр ислам дини өтө ылдамдык менен өнүгүп бара жаткан учурда элдин кызыгуусун, динге болгон ыктоосун канааттандырыш үчүн элге туура багытта диний билим берүү же диний сабатын жоюу эң негизги маселе жана эң биринчи иретте турат деп айтмакчымын.

Анткени биздин азыркы Кыргызстанда жетиштүү деңгээлде диний билим берүү маселеси дагы деле болсо жөнгө салына элек. Албетте медреселерибиз бар, жогорку теологиялык окуу жайларыбыз бар. Бирок аларды азыркы тапта жетиштүү деңгээлде карай албайбыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Данияр Мурадилов: Кыргызстандын ичинде кайсы гана диний маселе болбосун баары айланып келип эле дин окутуу маселесине келип такалат. Дин окутуунун жоктугунан, же сапатсыздыгынан же замандын талабына жооп бербегендиктен ушул проблемаларга келип такалабыз. Кайсы маселени алба, хижаб, экстремизм, терроризм маселесин, секталардын көбөйүшүн же Кыргызстанга салттуу эмес диний агымдардын пайда болушун албайлы, баары тең дин окутуу маселесине келип такалат.

Эгерде Кыргызстан мамлекети мектептерде дин окутуу маселесин иштете турган болсо, дин эмне экени боюнча маалыматын берсе, сырттан келгендер болсо, кыргыз жараны маалыматка ээ болгон болот. Ошондой эле диний окуу жайлардын ичинде дагы жалпы билим берүүчү диcциплиналар окутулуш керек. Ошондо гана медреселерде окуган жаш жарандын ой жүгүртүүсү, дүйнө таануусу бир аз кеңири болот дагы сырттан келгендерге жооп бере турган сөзү болот.

“Азаттык”: Илияз мырза, бүгүнкү исламга ар кандай пикирлер айтылып атат. Бүгүнкү күндө исламдын өнүгүү тенденциясы сизге кандай таасир калтырып атат?

Илияз Назарбеков: Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы диний абал, менин пикирим боюнча, кудайга шүгүр жакшы, өкмөттүн мамилеси дагы жакшы, эркиндик, кысмакка алыш жок. Эгер аркасынан түшүп кысымга ала баштаганда жанагыдай радикалдар, каршы топтор чыгышы мүмкүн эле. Эркиндик берип, ачык-айкын болсо жашыруун жүрүүчүлөр, жардыруучулар бизде болбойт.

Экинчиси, проблеманын баары ислам жөнүндө туура маалымат берилбегендиктен болуп атат. Калкка дайыма туура маалымат берилип туруш керек. Ошонун кесепетинен ушундай проблемалар чыгышы мүмкүн. Мунун бир себеби бүгүнкү күндө диний кызматкерлер, элдин алдында жүрүүчүлөр дин боюнча элдин талабын кандыра албаса, анда жаштар интернет менен сабак берип аткан, интернет менен үгүттөп аткан чет элдик ар кандай топторго берилип кетип, ошолор алып кетет. Ал жерде интернет менен ар кандай максаттагы, ниеттеги сабак берүүчүлөр бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG