Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Сириядагы окуялар жана Кыргызстандагы радикал диний агымдар тууралуу “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси, теолог Кадыр Маликов “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Кыргызстандан он чакты жигит Сирияга кетти деген кабар чоң талкуу жаратты. Мындан бир канча жыл мурда Кыргызстандан Сирияга, же башка жакка жигиттер, балдар согушка барат дегенди укса эч ким ишенбесе керек эле. Бирок бүгүн бул айныгыс факт болуп отурат. Бирок сиз эксперт катары ушундай окуялар болорун күттүңүз беле?

Маликов: Мен мындай окуялар болот деп күткөм.

"Азаттык": Эмне үчүн күттүңүз эле?

Маликов: Анткени 2011-жылы араб өлкөлөрүндөгү “Араб жазынан” бери биз Жакынкы Чыгыштагы окуяларга тыкыр байкоо салып келатабыз. Өзгөчө биздин көңүлүбүз түз болбосо да, кыйыр түрдө “ал-Каида” менен байланышта жүргөн оппозиция жана анын катарындагы радикалдуу топтор аралашып жаткан Сириядагы окуяларга багытталган.

Биз буга чейинки “ал-Каиданын” тажрыйбасын жана иштөө ыкмасынын өзгөчөлүгүн эске алып, бир катар жыйынтыктарды жасаганбыз. “ал-Каида” акыркы эки жылда өзүнүн иштөө саясатын өзгөртүп жатат. Мисалы, азыр алардын үгүт иштери бардык башка мамлекеттердеги жаш муунга багытталган. Башкача айтканда, алар жихад идеясын ааламга жана дүйнөдөгү бардык улуттарга таратуу аракетинде.

2011-жылдын акырында жана 2012-жылдын башында Сириянын аймагындагы уруштарда Түндүк Кавказдын жана КМШнын жарандары катышып жатканы белгилүү болгондон кийин адамдарды тартуу иштери Борбор Азия тарапта да жүрөрү түшүнүктүү болгон.

2012-жылы мен президенттин алдында түзүлгөн эксперттик кеңештин жыйынында коопсуздук маселесин, атап айтканда, Сирия кризисинин Кыргызстанга тийгизе турган таасири, жихад идеясынын опурталдуулугу тууралуу маселе көтөргөм. Сирия чатагы Ооганстан, Пакистан жана Борбор Азияга түздөн-түз таасир этери, анын эпкини Кыргызстанга да тиерин айткан элем. Бирок, тилекке каршы, ал кезде тиешелүү органдар менин айткандарымды толук түшүнгөн эместир.

Бирок мындан төрт ай мурда бизде Сириянын аймагында согуштук аракеттерге Кыргызстандын жарандыгы бар адамдар, Кыргызстандын паспорту менен жүргөндөр катышып жатканы боюнча маалыматтар болгон. Биз анда бул фактыны ачык шардана кылган эмеспиз. Бирок тар чөйрөдө, ар кандай мамлекеттик органдар менен өз ара талкуулаганбыз.

"Азаттык": Жогоруда “ал-Каида” Сириядагы чыр-чатакка адамдарды алып барууга кызыкдар деп айтып кеттиңиз. Андан башка дагы кандай уюмдар аракет кылышы мүмкүн? Дегеле Кыргызстанда кайсы диний уюмдар жихад идеясына чакырат?

Маликов: Бул биринчи кезекте “ал-Каиданын” идеологиясын жактаган уюмдар. Башкача айтканда, идеологиясы куралдуу жихадга негизделген кыймылдар. Булар негизинен Өзбекстан Ислам кыймылы, Чыгыш Түркистан Ислам кыймылы жана Кыргызстандын аймагындагы бир катар жихад-такфир идеясын жактаган майда уюмдар.

Биз Кыргызстандын аймагында, айрыкча орус тилдүү жаштардын арасында жихад-такфир идеясын жайылтуу коркунучу күчөгөнүн эскертип келгенбиз. Айрыкча, Чүй аймагында жана Бишкек шаарында. Азыр жихадисттик идеяны тутунгандар аз деген менен алардын саны өсүп жатат. Алардын катарында ондогон адамдар бар десек болот.

Такфир-жихад уюмдары өздөрүн исламдын салафи багытынанбыз деп айтышат, бирок чындыгында алар салафилер эмес. Мисалы, жихадга, террорго чакырбаган, светтик бийликти жана мыйзамдарды тааныган байистүү салафилер бар. Бирок салафилердин ичинен бөлүнүп чыккандар жихад-такфир багытындагылар. Алар өздөрү да башка салафи багытындагы уюмдарды кабыл алышпайт, таанышпайт. Булар азыр жеке Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнөдө бар.

"Азаттык": Алар үгүт иштерин кантип жүргүзөт? Адамдары өз катарына мечиттерде тартышабы?

Маликов: Кээ бирөөлөр биз мечиттерди көзөмөл кылсак, көмүскөдөгү диний уюмдарды көзөмөлгө алган болобуз деп ойлошот. Бул туура эмес. Балким мамлекет иш жүргүзүп жатабыз деген таризде мечиттерди көзөмөлгө алдык деши мүмкүн. Бирок бул маселени чечпейт. Анткени бул уюмдар башынан эле көмүскө иш алып барат. Адамдарды үгүттөп, баштарын имерүү жаштар арасында жеке байланыштар, тааныштар аркылуу жүрөт. Бул жамааттар жеке үйлөрдө, батирлерде сабак өтүшөт.

Мындан тышкары ЖМК жана интернет аркылуу иштешет. Эгер сиз азыр Ютубду, Твиттерди же Фейсбукту ачсаңыз, ал жактан жихад-такфир багытындагы радикал идеологдордун тасмаларын көрө аласыз. Куралды жасоону жана колдонууну үйрөткөн сайттар да бар.

Алар мындан тышкары, Курандын айрым аяттарын жана хадистерди колдонуп, жанкечтилерди даярдашат. Мисалы, “шейит болгон адамдын кыйналганы кумурска чакканчалык да болбойт” дешип, идеологиялык жактан аң-сезимди катуу өзгөртүшөт.

"Азаттык": Исламда курал алып согушуу же жихад кылуу деген барбы? Дегеле, ал кандай учурда кылынат?

Маликов: Исламда жихаддын эки түрү бар. Бирөө - чоң казат, экинчиси - кичи казат. Ислам шариатына ылайык, чоң жихад же чоң казат ар бир мусулмандын милдети жана ал адамдын өзүнүн руханий көрөңгөсүн көтөрүүгө, адеп-ахлагын жакшыртууга жана өз напсиси менен күрөшүүгө багытталган.

Ал эми кичи жихадды же кичи казатты айта турган болсок, бул куралдуу жихад, ага тиешелүү шарттардын негизинде гана уруксат берилет. Булар тыштан мамлекетке коркунуч туулуп, же адамдардын жашоосуна жана дин тутуу эркиндигине коркунуч пайда болгон учурлар. Куралдуу жихадды кол башчы же амир, азыркы шарттан алганда, президент же премьер-министр жарыялайт. Бирок жихадга байланышкан Куран аяттарын азыр ар башка түшүндүргөндөр болууда.

Классикалык дейбизби, айтор чыныгы жихаддын бир канча ички эрежелери да бар. Мисалы, жайкын тургундар арасында террордук актыларды жасоого тыюу салат. Ошондой эле ислам динин же башка динди тутунгандарга кол көтөрүүгө, алардын мүлкүнө кол салууга тыюу салат.

Үчүнчүдөн, балдарга, аялдарга, жөн-жай адамдарга кордук көрсөтүүгө жол берилбейт. Ошондой эле душмандын курулуш имараттарына, бак-дарагына зыян келтирүүгө, малын өлтүрүүгө болбойт. Шариат боюнча куралдуу жихаддын ушул сыяктуу өтө катуу чектөөлөрү бар. Биз көрүп тургандай, тилекке каршы Сирияда бул чектөөлөр сакталган жок. Ошондуктан исламдагы жихад институтун жаман жагынан көрсөтүп жатышат. Жихадды маргиналдаштырып жиберишти.

"Азаттык": Кыргызстандан Сирияга кеткен балдарды жихадга кетти деп айта алабызбы? Мисалы, “Сирияга барып, бөтөн эл үчүн согушканча, өзүбүздүн чек араны коргобойбу” деп суроо койгон адамдар болууда.

Маликов: Бул жакшы суроо. Бирок ислам философия же идеология эмес, бул дин. Ал ошонусу менен айырмаланат. Исламда диний тилектештик деген бар. Мусулман мусулманга бир тууган. Куранда да “ыйман келтиргендер, силер бир туугансыңар” деп айтылат. Ислам тилектештигинен алганда, Сирияга баруу бул жакшы. Бирок жардамдын башка да түрлөрү бар. Сөзсүз эле бир жакка барып, кимдир бирөөнү өлтүрүп, ок атыш керек эмес. Жардам материалдык, каржылык болушу мүмкүн, же дары-дармек жагынан же болбосо, дуба-бата тилеп, жардам берсе да болот.

Ошол эле кезде Сирия маселеси ушул мезгилге чейин ачык-айкын эмес, ал жакта талаштуу жагдайлар бар. Мисалы, ким согушуп жатат? Кимдин акчасына согушууда? Мусулмандарды кимдер колдонуп жатат деген суроолор бар. Эң коркунучтуусу жана өкүнүчтүүсү биздин балдарды же башка өлкөдөн баргандарды кайсы бир күчтөр жөн гана өз кызыкчылыктары үчүн колдонуп жатышы мүмкүн. Бул чоң саясат. Бул жерде абдан сак жана дыкат болуш керек.
Бизди дагы кабатыр кылган эң башкы нерсе, эртеби-кечпи, тараптардын кимиси гана утпасын Сирия маселеси чечилет.

Ошондон кийин “ал-Каида” өз багытын кайда бурат деген маселе. Ал жакта согуштук тажрыйба алган биздин жарандарыбыз эмне кылышат? Алар бул жакка кайтып келгенден кийин алар менен кантип иш алып барабыз? Бул да өзүнчө чоң суроо.

"Азаттык": Кантип жихад идеясына чакыргандарды көзөмөлгө алса болот? Мисалы, азыр эле сиз айткан жихад-такфир идеясын жайылткандарды?

Маликов: Бизде мыйзам боюнча бул идеология жана аны үгүттөгөн уюмдарга тыюу салынган. Бирок бул маселени мыйзам менен тыйып коюу мүмкүн эмес. Анткени бизде мыйзамдар иштебейт.

Экинчиден, Кыргызстан эки революциядан кийин бул маселени чечүүдө Казакстандын же Өзбекстандын жолу менен кете албайт. Бизде башка саясий түзүлүш жана аларга каршы биз репрессиялык машинаны колдоно албайбыз. Кыргызстан каражатты жана күчтү радикал уюмдарды жазалоочу аракеттерге эмес, алдын-алуучу иштерге жумшоосу абзел. Исламды таанып-билүү, агартуу иштерин жүргүзүү зарыл. Бул иш менен адистер алектенип, адамдарын түшүнүгүн өзгөртүп, аларды туура маалыматтарга ынандыруу учур талабы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG