Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Кыргызстанда жарандардын диний жаатта тарам-тарам болуп бөлүнүп баратышы коомдук коопсуздукка коркунуч жаратаарын талдоочулар белгилешүүдө.

Бул көрүнүш өсүп отуруп жакынкы келечекте кагылышууларга алып келет деген чочулоолор да жок эмес.

Тарыхый шарттан алганда Кыргызстанда православ христиандары жана исламдын сунний багыты байыр алып келген. Бирок бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугу диний жаатта майдаланып, чакан тайпаларга бөлүнүп баратат. Бул келечекте кагылышууларга алып келерин диний талдоочу Кадыр Маликов айтып чыкты.

- Бөлүнүүчүлүк мусулман жамааттарынын өздөрүнүн ичинде да бар. Мындан тышкары, христианчылыкты тутунган кыргыз улутундагылар да көбөйүп баратат. Ошондой эле исламды жактырбаган теңирчилик да бар. Кыргыздардын ушундай болуп бөлүнүүсү 10 жылдан кийин чоң жарылууга алып келиши мүмкүн.

Маликовдун пикиринде, мамлекет бул сыяктуу коркунучтарды алдын алууга, алардын себептерин иликтөөдө чабал болууда. Ошондой эле ал мамлекеттеги коррупция, социалдык теңсиздик жана жашоо шартын оордугу жарандарды ылгабастан диний агымдарга кирүүгө түртүп жатат деп эсептейт.

Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдардан тарта дин эркиндигин жарыялап, өлкө бардык диндер үчүн ачык экендигин билдирген. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын алдындагы Байкоочу кеңештин төрагасы, тарыхчы Олжобай Каратаев диний бөлүнүүчүлүктүн себептерин ошол өткөн кылымдын 90-жылдарынан көрөт.

- Мамлекет диний уюмдарды каттоодо алардын тегин, табиятын, аткарган иштерин, болочок программаларын тактаган эмес.

Каратаевдин оюнча, ошол эркиндик бүгүн жемишин бере баштады. Ал мамлекет чечкиндүү чараларды көрүш керек деп эсептейт.

- Анткени бул багытта мамлекет тарабынан көзөмөл орнотулбаса, кандайдыр бир программа иштелип чыкпаса, анда бул карама-каршылык сөзсүз түрдө өсөт. Мамлекет деген диний уюмдардын, секталардын иш-аракеттерине, табиятына көңүл бөлүп, көзөмөл орнотуш керек.

Мамлекет бардык ишенимдердин кепили

Мамлекет өзүнүн тарыхый басып өткөн жолун, менталитетин эске алып, Кыргызстанда салттуу делген православ чиркөөсүнө жана исламдын сунний багытындагы ханафит мазхабына артыкчылык берүү керек деген пикирлер да болууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдилатиф Жумабаев мындай пикирлер жөндүү болгону менен Баш мыйзам буга жол бербесин, Кыргызстан бардык диний ишенимдерге теңдик принцибин сакташы керектигин эскертти.

- Мамлекет светтик болгону менен эске алчу нерсе, бул жерде калктын басымдуу бөлүгү мусулмандар жана православ христиандары. Бирок айрымдар айтып жаткандай, мыйзам алкагында азыр буга эч кандай жол жок.

Кыргызстанда өлкөнүн диний саясатын президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жүргүзөт. Өткөн айда өкмөттүн структурасы кайра каралып, кыскартуулар жүргөндө бул мекемени да жоюу чечимине келишкен. Бирок өлкөдө диний кырдаал татаал болуп турган чакта аны калтыруу зарыл деген пикирлер эске алынып, агенттик жоюлбай калды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG