Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

Ар башка диний ишенимдеги кыргызстандык жарандар каза болгондо жерге берүүнү мыйзамдаштыруу зарылчылыгы чыгууда.

Мындай зарылчылыкты Өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссиясы көтөрүп жатат. Буга акыркы жылдары ар башка диндерди тутунган бир улуттагы жарандарды акыркы сапарга узатуу жаңжалдар менен коштолуп жатканы себеп болуптур. Көрүстөнгө койдурбай койгон учурлар айрыкча Нарын, Ысык-Көл аймактарында көп экени айтылууда.


Көрүстөн дин тандайбы?


Өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын билдиргенине караганда, быйылкы жылы Ысык-Көл облусунда эле ушул сыяктуу эки окуя катталган. Жергиликтүү тургундар башка динге өтүп кеткен деген негиз менен каза болгон адамдарды мусулман көрүстөнүнө коюуга каршы чыгышкан.

Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары Нурбүбү Кененбаева “Азаттыкка” буларды билдирди:

-“Жерге берерде бизге жалпы мусулмандарды койо турган жайдан орун бербей коюшту, такыр көмдүрбөй жатат”, - деген кайрылуулар түшүп жатат. Тургундардын ортосунда келишпестиктер болуп, ырбап кетип жатат. Өткөндө да ушундай бир маселе түштү. Аны биз бул жактагы облустук деңгээлдеги имамдарга тапшырып, ушул маселелерди карап, анан бизге маалымат бергиле деп айтканбыз.

Мындай маселе ушул тапта Нарын облусунда да курч. Ошол эле учурда өз ишенимин башка динден тапкан адамдар айрым жергиликтүү тургундардын жана имамдардын көрүстөндөн жер берүүгө каршы болуп жатышын негизсиз деп эсептешет.

Өзүн Ыйса Машаяктын дининдемин деп тааныштырган Капар Юсуп уулу бул жерде эч бир диндин укугун бузуу жок деген ойдо:

- Эмне үчүн эки башка динге ишенген адамдар өлгөндөн кийин бир жерге жата албайт, экөө урушуп кетеби? Бул эч бир акылга жатпайт. Каршы болгондор себебин да так айтышпайт, түшүндүрүшпөйт. "Тыюу салынат" гана деп айтышат. Адамдар ар кандай жол менен Кудайга келип жатышса дагы, бардыгы тең Кудай деп жатат да. Бир жерде жашап жүргөн адамдар өлгөндөн кийин да бир жерде жатса, эч бир диндин укугун бузуу болбосо керек деп ойлойм.


Талашка мыйзам тактык киргизет


Ал эми евангелисттик “Благодать” миссионердик борборунун адвокаты Жанара Аскар кызы бул маселени мыйзам аркылуу чечүүгө далалат кылып келатканын айтууда:

- Бул жерлер кандайдыр бир диндин жери эмес. Мыйзам боюнча бул муниципалдык бийликтин жери. Эгерде кимде-ким каршы чыга турган болсо, ал мыйзам аркылуу жооп бериши керек. Жай мезгилинде сөөктү тез жайга коюш керек болот да.

Адистердин айтымында, бул жааттагы маселе ар кайсы аймакта ар түрдүү жолдор менен чечилип келатат. Айрым айылдарда имамдар түшүндүрүү иштерин жүргүзсө, кээ бир жерлерде жергиликтүү бийликтин аралашуусу менен башка жерден жай берүү менен жолго коюлуп жатат. Мыйзамда да бул маселени чечүү жергиликтүү бийликтердин карамагындагы иш.

Бирок өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссиядан маселе татаал болгондуктан, кошумча мыйзамдык-нормативдик эрежелерди киргизүү жагы каралып жатканын белгилешүүдө. Аталган мекеменин маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Табылды Орозалиев бул кыргыз коомчулугундагы жаңы социалдык көйгөй болуп жатканын айтат:

- Бул трагедия болуп жатат. Адам укугу, демократия деген жакшы нерсе, бирок үй-бүлөдөгү трагедияны ким чечет? Бирөө каза болуп калса, анын балдарына да залакасы тийип жатпайбы. Кээ бирөөлөр “баптисттин балдары” деп кыйкырып да жүрүшпөйбү.

Ал эми ислам дин таануучусу Асан ажы Саиповдун айтымында, мусулман менен башка диндеги маркумдун бир көрүстөнгө жатышына шарият жол бербейт:

- Биздин динибизде башка диндеги адамдарды мусулман мазарына койбойт. Мисалы, буга чейин православ христиандары дайыма өзүнчө коюлуп эле келген да шарияттын жана диндин негизинде. Биз мусулман баласы болгондон кийин башка динге өткөндөрдү мусулман көрүстөнүнө коюу мүмкүн эмес.

Бул маселе Кыргызстанда дээрлик он жылдан бери утур-утур көтөрүлүп келатат. Буга чейин маркумду жерге жашырууда бир айылдын элинин экиге бөлүнүп, жаатташуусуна жеткен фактылар да катталган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG