Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52
Азыркы диний абал көптөн бери келе жаткан динге, инсанга, коомго жана мамлекетке болгон туура эмес мамиленин жыйынтыгы катары чырмалышкан мүнөзгө ээ. Бул өзгөчөлүк мамлекетибиздеги диний абалды ар кандай максатта чечмелөө жана (диндин, жалпы мусулмандардын жана мамлекеттин эмес) башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгына жараша түзүүгө жол ачууда. Кандайдыр бир сунуш айтуудан мурда көйгөйдү туура аныктоо керек. Анткени аны аныктоо ыкмасынын өзүндө да көйгөй бар. Кандайдыр бир окуяга дароо жооп кылуу аны убактылуу гана жайгаруусу мүмкүн. Бирок ошол окуя болуп кеткенге чейин фундаменталдуу талдоо жана кылдат мамиле керек.

Диний абалга баа берүүдө биз көйгөйдү кайсыл өңүттөн карап жатканыбыз маанилүү. Учурда диний маселелер экстремизм, коопсуздук өңүтүнөн каралууда. Бул кандайдыр бир деңгээлде чыңалууну азайтуу менен бирге маселени фундаменталдуу түрдө чече албайт. Дин өзүнүн баалуулуктары, дүйнө таанымы жана адамзатка сунуштаган системалуу жашоо моделинин негизинде мааниге ээ. Андыктан динге байланыштуу ар бир маселе диндин өздүк булактарына таянуу менен учурубуздагы жашоо-шарттарына ылайыкташкан моделди сунуштоо (методологиялык) мүмкүнчүлүгүнө жараша анализге алынышы керек. Бул макалада баарынан мурда мамлекетибиздеги диний маселелерди чечүүнүн моменталдык эмес фундаменталдык көйгөйлөрүн аныктоону туура таптык.

Пендечиликке таянган экономикалык кызыкчылык, трайбализм, жердешчилик сыяктуу субъективдүү себептерге токтолбойбуз. Мындай себептер бир гана дин чөйрөсүндө эмес, башка тармактарда да жайылгандыктан бул маселени өзүнчө кароо керек.

Мамлекетибизде биз күбө болуп жаткан формалдык проблемалардын түпкүрүндө үч фундаменталдык проблема бар.

1. Жашообуздагы баалуулуктарды аныктоодо диндин орду

Жашообуздун кайсыл жеринде канчалык деңгээлде диндик баалуулуктарга таянабыз? Бул маселеде коомчулук арасында диндик баалуулуктардын адам баласынын жашоосунун бардык тармагында ар дайым жетектөөчү орду бар экендигин кабыл алгандарга караганда адамзатынын жашоосунун белгилүү бир бөлүгүндө жана белгилүү бир катмарында гана орду бар экендигине ынангандардын жана байкап-байкабай ушул көз караштын жайылуусуна себеп болгондордун саны салыштырмалуу көп экендиги шексиз.

Светтик мамлекетте мамлекет менен диндин бири-биринен оолак туруу идеясы да ушул көз караштын формалдык чагылуусу. Башка тармактарга караганда саясатты жана укукту динден оолак тутуу аракеттери өзгөчө көзгө илинет.

Бул көз карашты негизинен материалисттик көз караштан арыла албаган улуу муундагылар жана динди маданияттын бир бөлүгү катары көргөн дүйнө таанымга сугарылгандар туу тутунуп келет.

Ошол эле мезгилде байкап же байкабастан дин адамдары жана (айрыкча) классикалык метод аркылуу диний сабатсыздыгын жойгонго аракет кылгандар да жогорудагы көз карашка камчы урууда. Айрыкча адамзатына тиешелүү маселелерди "бул дүйнөгө тиешелүү" (дуняви) / "аркы дүйнөгө тиешелүү" (ухрави), пайдалуу/пайдасыз (маселе же болбосо илим) сыяктуу категориялык айырмачылыктар менен баалоо жана ошого жараша мамиле кылуу да диндин адамзатынын кээ бир учурларында гана керектүү фактор катары (чектелип) калуусуна шарт түзүүдө. Жогорудагы материалисттерден, редукционисттерден жана фрагменталисттерден айырмаланып, акыркы - үчүнчү көз караш инсандын бардык кыймыл аракеттеринин Теңирдин (диндин) мухитинден оолак боло албастыгына басым жасайт. Бул көз караш коомчулук тарабынан фундаменталдык идея катары түптөлмөйүн мамлекетбиздеги диний абалдын жөнгө салынышы ар дайым курч бойдон кала бериши мүмкүн.

Канчалык биз саясат менен динди мыйзамдуу түрдө бөлүп карасак да адамзат инсан катары саясий укуктук позициясын аныктоодо кайсыл бир баалуулуктарга таянуусу керек. Ошол баалуулуктар мусулман үчүн диндик баалуулуктар болуп эсептелет. Анда адамдын жашоосунун эч бир учурунун Теңирдин көзөмөлүнөн жана (демек) динден оолак боло албастыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын дин маданиятын жогорулатуу керек. Дин маданиятына ээ болгон жана диний маалыматы бар адам гана динди жеткиликтүү жектеп же жактап сүйлөй алат. Биздин (Исламдын негиздерине таянган) бул көз карашыбыз укуктук системаны өзгөртүү аркылуу (гана) эмес, адамдын көз карашын өзгөртүүнү (жумшак өзгөртүү) максат кылууда.

2. Диндик баалуулуктарды аныктоодо критерийлердеги айырмачылык

Исламдын дүйнө таанымында баалуулуктар негизинен диндик жана диндик эмес деп бөлүнбөйт. Анткени, жогоруда айтылгандай бардык баалуулуктар негизинен диндик баалуулуктар болуп эсептелет. Канчалык инсан кээ бир баалуулуктарды акыл ээси менен аныктагандыгын ойлосо да Теңир тарабынан берилген акыл эс аркылуу Теңир тарабынан түзүлгөн системанын чегинде гана ой жүгүртүүдө. Коомчулуктун басымдуу бөлүгү дин жөнүндө жетишээрлик маалыматы жок туруп логикалык бүтүмдөр аркылуу аныктаган баалуулуктарды диндик баалуулук катары көрсөтүп коомчулукка тануулоо аракетин көрүүгө болот. Көпчүлүк учурда логикалык аныктоо менен диндин диндик аныктоосу бири-бири менен төп келип калышы мүмкүн. Бирок бул жерде негизги маселе диндик баалуулуктарды диндин өзүнө үңүлүп кароо аркылуу аныктоону методикалык зарылчылык катары калыптандырышыбыз керек. Ошондо диндик баалуулуктарды диний билимдерди өздөштүргөн дин таануучулар гана аныктап, коомчулуктун тандоосуна сунуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

3. Диний баалуулуктарды диндин негизги булактарына таянуу менен аныктоодогу методикталык айырмачылыктар

Саналуу классикалык бири-бирин кайталаган илимий чыгармалар же түшүндүрмө (шарх кылынып) же кыскартылып (мухтасарлар) дин билиминдеги жаңыча ой жүгүртүүнү жана ар бир учурдун жана аймактын өзгөчөлүгүнө жараша жооп берүүнүн ордуна классикалык эмгектерди которуу менен алектенген кысыр (котормочу) илим маданияты орноп жаткандыгы байкалат. Ушунун кесепетинен азыркы учурда да белгилүү бир классикалык эмгектердин топтомун жакшы жаттап өздөштүргөн, бирок коомдогу заманбап маселелер менен байланыш куруп өз оюн конкреттүү айта албаган, диндин ибадат, нике жана адепке байланыштуу маселелерде гана классикалык көз караштарды бизге которуп ачыктап берген диний чөйрө диндик көз карашыбызды калыптандырууга арекеттенүүдө. Албетте бул жоктон көрө жогору болушу мүмкүн. Бирок бул Кыргызстан мусулман коомчулугунун азыркы шарттарга ылайык өзүнүн диндик баалуулуктарын аныктап жана аларды колдонуу аркылуу өнүгүп өсүүсүнө канааттандыраарлык жооп бере албайт.

Албетте классикалык китептер Ислам маданиятынын өзөгү. Бирок ошол мезгилдерде ой жүгүрткөн биздин дин жана илим улууларыбыз сыяктуу биз дагы ой жүгүртүп, учурдагы маселелерге өкүм чыгаруунун (диндик баалуулуктарды аныктоонун) методикаларын колдонууну аң сезимибизге фундаменталдык идея катары калыптандырышыбыз керек. Ушул фундаменталдык идеянын өксүктүгү коомчулуктагы жамаатташууга жана кээ бир жамаат лидерлеринин айткандарын талдабай туруп кабыл алуу жана кул сыяктуу баш ийүүгө алып барат.

Маалыматтарды эркин ала алган, эркин ой жүгүртө алган жана ой жүгүртүүнүн ыкмаларын билген адам гана идеялык кулчулуктан өзүн сактап кала алат. Ушундай жеткилең жарандардын өсүп чыгуусун камсыз кылуу мамлекеттин бирден бир милдети болуп эсептелет.

4. Системалуу иштөө маданиятынын түптөлүшү

Ислам дини системалуу иштөөгө үндөйт. Анткени эч бир нерсе жөнү жок жаратылбаган жана бардык нерсе орду ордунда жаратылган. Бул системалуулук адамзат коому да системалуу ойлонуп, системалуу ойун системалуу түрдө ишке ашыруусун милдеттүү кылат. Бирок биз системалуу ой жүгүртө албагандай эле системалуу иш алып барууну да эптей албай келебиз.

Организмдин системалуулугу организмди түзгөн органдардын иш жөндөмдүүлүгүнө жана ар биринин өзүнүн милдетин (системалуу бүтүндүктү камсыз кыла тургандай) так аткаруусуна көз каранды. Ошондуктан диндик баалуулуктардын аныкталып биздин (бактылуу) жашообузга өбөлгө болушу үчүн аныктоо жана ишке ашыруу процессин системалуу алып баруу керек. Мындайча айтканда баалуулуктарды ишке ашыруучу (организм) уюмдарды туура түзө алышыбыз керек. Анткени туура түзүлгөн юридикалык система инсандын бактылуу жашоосун камсыздайт.

Самаган Мырзаибраимов,
теолог, саясат таануучу,
s.myrzaibraimov@gmail.com

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG