Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Диний лидерлер: Ынтымакты биргелешип чыңдайбыз


Муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматтулла Эгембердиев Бишкектин епискобу Феодосий Владыка менен. Бишкек, 10-октябрь, 2012.
Муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматтулла Эгембердиев Бишкектин епискобу Феодосий Владыка менен. Бишкек, 10-октябрь, 2012.

Кыргызстанда ислам жана православ лидерлери өлкөдөгү абалды оңдоого биргеликте кол кабыш кылуу керек деген бүтүмгө келди.

10-октябрда Бишкекте өткөн “Ислам жана православ - тынчтыктын дини” аталыштагы тегерек үстөлдө Кыргызстан Мусулмандар башкармасынын жана Орус православ чиркөөсүнүн ынтымак орнотуу миссиясын өтөө жолдору талкууланды.

Кыргызстанда салттуу эки диндин башын кошуу демилгеси “Замандаш” партиясына таандык. Аталган партия өкүлү Жума Абдуллаев дүйнөдө ар кандай саясий чагымдар жүрүп, анын эпкини Кыргызстанга да тийип жатат деген пикирде. Ал улут аралык же диний араздашууга жол бербөө жана анын алдын алуу максатында ушундай талкуулар тынбай өтүшү керектигин белгиледи:

- Өзүңөр көрүп атпайсыңарбы, дүйнөлүк деңгээлде ар кандай чагымдар болуп жатат. Биз өз мамлекетибиз ичинде ошол тенденциялар ырбап кетпеши үчүн, ымалага келүү, тынчтыктын, достуктун эрежелерин аныктап алуу үчүн ушул тегерек үстөлдү уюштурдук.

Форумда акыркы кезде адамдын диний сезимге катуу тийген жана мазактаган окуялар арбып кеткенин, аларга мыйзамдык бөгөт коюу керек деген ой басымдуу кылды.

“Мутакалим” коомдук уюмунун жетекчисы Жамал Фронтбек кызынын айтымында, бул мыйзам ар башка динди тутунган адамдарга текши иштегендей жазылмакчы:

- Дүйнө жүзүндө адамдардын динге болгон ишенимине шылдың күчөп бараткансыйт. Буга мисал жетиштүү. Айталы жоолук салынган кыздарга болгон мамиле, тарсалардын иконасын, чырымдарын талкоолоо өңдүү көрүнүштөр болуп атат. Ошол себептүү, биз диний ишенимди шылдың кылгандар айыппул төлөп, же болбосо эки-үч жылга кесиле тургандай мыйзам жазуу ниетибиз бар.

Форумда кийинки кезде болуп жаткан саясий жаңжалдарды болтурбоо жана басуу үчүн салттуу диндер биргеликте аракет кылышы шарт деген чакырыктар да болду. Маселен, Бишкектеги орус чиркөөсүнүн епискобу Феодосий Владыка чиркөө менен мечит мындай окуяларга дароо үн кошуу керек деп эсептейт:

- Биз мамлекетибизде баары жакшы болушун каалайбыз. Жаран катары, дин өкүлдөрү катары коомчулукта болуп жаткан көрүнүштөргө реакция кылууга милдеттүүбүз. Анткени коомдо жаман нерселер болуп жатса бул саясат эмес, бул зыян. Карапайым эл, биз жапа чегип жатабыз. Ошол себептүү буга көз жумуп койбостон мамлекетке, коомдук уюмдарга колдон келишинче жардам беришибиз керек.

Муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев епископтун пикирин улап, саясатчылар жоопкерчиликти сезсе деген тилегин ортого салды.

- Баарыбыз мамлекетти сүйөбүз, сыйлайбыз. Албетте кээ бир адамдарын саясий нааразычылыгы бар. Бирок нааразычылык да өз чеги менен болушу керек. Мыйзамды сыйлоо керек. “Бир күн чыр чыккан үйдөн, кырк күн кут качат” деген кыргызда сөз бар. Күндө эле ызы-чуу боло берген мамлекетке Аллахтын дагы берекеси алыстайт. Ошол себептүү, биз мамлекеттин ишине түз кийлигишпесек да жарандарды ыйманга, сабырдуулукка чакырып, жардам бергибиз келет. Епископ деле ушул ойду айтып жатат.

Бирок бул диний форумга башка дин ишенимдерин тутунган жамааттардын өкүлдөрү келген жок. Дин боюнча эксперт Кадыр Маликов мамлекетте ынтымак, тынчтык болсун десек, дин өкүлдөрү баш кошуусу абзел деген ойду билдирди:

- Бул жакшы кадам. Ислам менен православ биргеликте иштей баштаса, кийин башка дин өкүлдөрүн: иудейлерди, католиктерди да тартууга болот. Анткени, бүгүнкү күндө адеп-ахлак маселеси биринчи орунга чыкты. Коом өзү каалап кадам таштамайын мамлекеттин колунан эч нерсе келбейт. Азыр биз кол сунуп жаткандан кийин мамлекет кандайдыр бир чараларды көрөт деп ишенем.

Айтор Кыргызстанда салттуу саналган ислам жана православ дининин өкүлдөрү коомдо ынтымак-ырашкердикти орнотууга салым кошобуз деп сөз алышты. Башка диний ишенимдеги жамааттар, дегеле жамы журт бул кадамга тилектеш болобу – жакынкы күндөрү эле жооп аларбыз.
XS
SM
MD
LG