Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Владимир Путин Кыргызстанга келет


Атамбаев менен Путин.
Атамбаев менен Путин.

Орусия президенти Кыргызстанга 28-февралда расмий сапар менен келет. Анын сапары учурунда эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушат. Президенттик аппараттын маалыматы боюнча, жолугушууда орус-кыргыз кызматташтыгы, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ЕАЭБ алкагындагы эки тараптуу мамиле тууралуу кеп болот.

Владимир Путин буга чейин Бишкекке бир нече жолу келген. Бул жолку сапарын өлкөдө күзүндө өтчү президенттик шайлоого байланыштырган пикирлер күч алган. Президент Атамбаев “Евроньюс” телеканалына курган маегинде бул каңшаарларды четке каккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG