Линктер

Күн сайын дүйнөнүн кайсы бир бурчунда жанкечти чабуул жасаганы тууралуу жаңылыктар чыгат. Эркектер гана эмес, аялдар, өспүрүмдөр да дин жолунда деген ишеним менен өз жанын кыйууда.

Террордук уюмдар жанкечтилерди кантип даярдашат? Жанкечтиликке барган адамдын психологиясы кандай өзгөрүүлөргө дуушар болот? "Азаттыктын" суроолоруна Кыргыз-орус Славян университетинин окутуучусу, дин психологиясы боюнча адис Владимир Школьный жооп берди.

"Азаттык": Владимир Александрович, өзү жанкечти деген ким? Алар кандай кишилер?

Владимир Школьный: Жалпысынан айтканда алар бизге окшош эле кишилер. Эч ким жанкечти болуп төрөлбөйт. Азыркы учурда кайсы бир маселесин өзү чече албаган кишилерди жанкечти кылып даярдап жатышат. Башкача айтканда, ошондой адамды таап, анын проблемасын чукуп, көбүртүп-жабыртып анан ал кишиден жанкечти жасап чыгаруу оор деле иш эмес.

Тарыхтагы жанкечтилик

"Азаттык": Алгач жанкечтиликтин тарыхы жөнүндө айтсаңыз. Тарыхта жанкечтилик жөнүндө кандай мисалдар бар?

Владимир Школьный: Жанкечтиликтин тарыхы кылымдардын тереңине чейин кетет. Биздин заманга чейинки эки жарым миң жыл мурдагы байыркы Египет папирустарында атайын жанкечти аскерлердин болгону жөнүндө жазылган. Скандинавия элдеринин сага жана эпосторун эле карай турган болсок, жанкечтилер колуна эки кылыч кармап, атайын жасалган шарапты ичип алып жоого кол салышкан. Ошол эл Батыш Европадагы кельт элдеринде да дини, эли үчүн жанын бергенге даяр жоокерлер болгон. Тарыхта жанкечтиликтин мисалдары көп.

"Азаттык": Жакынкы тарыхты карай турган болсок, жапон камикадзелер жанкечти катары белгилүү го дейм?

Владимир Школьный: Албетте. Бирок көпчүлүк эл учкуч-камикадзелер даярдалган деп билет. Кемелерди жардыруу үчүн камикадзелер башкарган атайын кайыктар да дардалганы белгилүү. Жардыргыч заттар жүктөлгөн торпедолор, суу астында сүзүүчү кемелер камикадзелер менен бирге жардырылган. Камикадзенин 3-4 түрү даярдалган. Негизи эле атайын даярдыктан өткөн жана өзүн өлтүрүүгө даяр аскерлер көптөгөн элдерде болгон. Чыңгызхандын, Батыйдын да ушундай желдеттери бар эле.

"Азаттык": Адамдын өз ишеними, дини үчүн өзүн курмандыкка чалуусу, өлтүрүүсү диндерде кандай каралган?

Владимир Школьный: Дүйнөлүк диндер болуп эсептелген буддизм, христиандык жана исламда жанкечтилик кылууга буйрук кылынмак турсун кыйыр түрдө да ага чакырык жасалбайт. Исламды эле алып карасак, мусулмандын дин үчүн согушуусу буйрук кылынат, бирок өлүүсү эч качан буйрук кылынбайт.

Мусулман дүйнөсүндөгү улуу аалым, хадис жыйноочу имам Бухаринин (810-жылы туулуп, 870-жылы өлгөн) "Сахих" деген китебинин 52-бөлүмүндө жихад темасы каралган. Ошол жерде эгер мусулмандын жанына, мал-мүлкүнө, динине, үй-бүлөсүнө коркунуч туулса, анда согушуу буйрук кылынат. Бирок мал-мүлкү, дини, ишеними үчүн атайылап өлүшү керек деген буйрук айтылбайт.

"Азаттык": Өткөн жылы Кыргызстандын жараны Сирияда өзүн-өзү жардырганына күбө болдук. Тактап айтканда, жардыргыч зат толтурулган аскердик унаада ыйлап жаткан кыргызстандык жанкечти баарыбыздын эле эсибизде болсо керек. Андыктан мени ойлондурган нерсе - биздин жаштар ушунчалык катуу динчилдешип кетиштиби? Кыргызстандагы диний абал жанкечти экспорттой турган деңгээлге жеттиби?

Былтыр Сириянын Фуа шаарында өзүн жардырууга бел байлап жатып ыйлап жиберген жигит - Бабур Исраилов Кыргызстандын Сузак районунан экени аныкталган.

Былтыр Сириянын Фуа шаарында өзүн жардырууга бел байлап жатып ыйлап жиберген жигит - Бабур Исраилов Кыргызстандын Сузак районунан экени аныкталган.

Владимир Школьный: Туура айтасыз. Динчилдиктин өсүүсү ушуга алып барууда. Маселе динде эмес, динчилдикте болууда. Мисалы, мен бирдей эле даамга ээ төрт момпосуйду төрт түрдүү кагазга ороп бирөөнү алыңыз деп сунуштасам, сиз албетте кооз кагазга оролгонун аласыз. Дин маселеси да ошондой эле. Кандайдыр бир максатты, керек болсо жеке жана жаман максатты көздөгөн адамдар, уюмдар исламды жаштардын көңүлүн бургудай кылып көрсөтүп азгырууда. Ошондуктан кандай гана китеп болбосун ал китепти бурмалап коюу мүмкүн. Азыр Курандын маанисин ар тарапка чоюп, бурмалап жатышат.

"Азаттык": Ал эми катардагы динчилди кантип азгырышат жана кантип жанкечти кылып даярдашат? Кандай методдор жана техникалар колдонулат? Өзүн өзү жардырууга динчил адамды кантип көндүрөт?

Владимир Школьный: Албетте, бул ыкмалар жана техникалардын баарын айтууга болбойт. Себеби кимдир бирөө ал ыкмаларды туура эмес максатта колдонушу мүмкүн. Мен жалпы жагынан айтып өтөйүн.

Биринчиси, албетте, бул динчилдин биологиялык муктаждыгын колдонуу аркылуу ишке ашырылууда. Тагыраак айтканда адамдын тамактануу, эс алуу, уйку сыяктуу табигый муктаждыктарын чектеп, аны психологиялык жактан жабыркатуу менен жасалат. Тамактануусун, уйкусун азайтып аны “сындыруу” аркылуу даярдап, ошол эле мезгилде үгүт-насаат иштерине басым коюлат.

Андан соң жамааттык аң сезим делген нерсе ишке ашырылат. Башкача айтканда, жанкечтиге жамааттын артынан ээрчигенди үйрөтүшөт. Жанкечтилердин мисалдары айтылып, жанкечти болууга шыктандырат, муну ыйык иш катары көрсөтөт. Ушундайча жанкечтилер биринин артынан бири даярдала берет.

"Азаттык": Кудайга ишенген адамды жанкечтиликке даярдоо ишенбеген адамды даярдоого караганда жеңил же оңой деп айта алабызбы? Же айырмасы жокпу?

Владимир Школьный: Эч кандай айырмасы жок. Адам биологиялык жаныбар эмеспи. Психикага, эркке ээ. Кандайдыр бир динге ишенсин же ишенбесин адамдын эркин сындыргандан кийин каалаган нерсени жасатсаң болот.

"Азаттык": Ал эми динчилдердин арасында жанкечти болууга табияты жагынан ыңгайлуу, экстремисттердин торуна оңой чалына турган кайсыл топтор бар? Диний билими төмөндөрбү? Жаштарбы? Аялдарбы?

Владимир Школьный: Булардын ичинен жаштар жогорудагыдай ыкмаларга аябай тез көнүшөт. Өзгөчө 12-16 жаш аралыгындагы өспүрүмдөр психологиялык таасирге оңой кабылышат. Себеби ата-энелердин бул курактагылардын көзүндөгү кадыр-баркы төмөндөйт. Экинчиден, бул жашта балдар гормондук өзгөрүүлөргө учурайт. Үчүнчүдөн, бул куракта жаштык максимализми делген нерсе таасирдүү болот.

Андыктан орто жаштагы адамдардын физиологиялык өзгөчөлүктөрү жана көз караштары калыптанганы үчүн аларды азгыруу кыйынга турат. Бирок жаштар андай эмес. Алардын чыдамы жок жана баарын бир учурда каалашат. Алар дүйнөнү томкорууга даяр болушат. Ошондой эле аялдар да азгырууга оңой дуушар болууда жана кээде жанкечтинин жолун тандоодо.

Кошумча айта кетүүчү нерсе, адамдын личностук өзгөчөлүктөрү 26 жашта калыптанып калат. Ал убакка чейин адам өзүн жакшы тааныбайт жана эмне каалаганын билбейт. Ошол себептен ал жээктен бул жээкке урунуп, ары-бери чапкылайт. Мамлекеттеги адилетсиздик, коррупция, уурулук сыяктуу нерселерди түп тамырынан бери тез аранын ичинде жок кылууну каалайт. Ошондой изденүү болуп жаткан учурда, азгырууну каалаган кишилер жаштарга мына силерге адилеттүүлүк, бейкуттук, байлык деп "халифат" делген нерсени көрсөтүп жатышат.

Билимдүү коомдо жанкечтилер болбойт

"Азаттык": Коомдогу маселелер көбөйгөн сайын аларды башка максатта колдонгондор да көбөйөт да?

Владимир Школьный: Албетте. Бирок бул жерде түшүндүрүү иштеринин мааниси жөнүндө да айта кетүү керек. Мисалы, Кыргызстанда "Хизб-ут Тахрир" деген уюм бар. Бул уюм халифат курабыз, адилеттүү, бай коомду түптөйбүз деген үчүн анын артынан көптөгөн жарандарыбыз ээрчип жүрүшөт. Бирок бул уюм тыюу салынбаса деле эмне үчүн Түркия сыяктуу мамлекеттерде таасирдүү эмес? Себеби ал жакта имамдар аябай илимдүү. Элге жеткиликтүү кылып түшүндүрүшөт. "Хизбутчулар" катардагы жаранды утопиялык сөздөр менен азгыра алышпайт. Түркияда "Хизб-ут Тахрирди" эч ким укпайт. Ал эми бизде болсо түшүндүрүү иштери жетишсиз болгон үчүн буга окшогон уюмдардын мүчөлөрү көбөйүүдө. Ошондуктан имамдарыбыз коомчулуктун көйгөйлөрүн билүүсү керек.

Жамаат динден сырткары коомдук көйгөйлөр жөнүндө суроо узатканда жооп бере алгыдай болуусу зарыл. Куран жана хадистерден сырткары коомдук маселелерге да аралашуусу абзел. Анткени ал коомдо жашайт, коомдун бир мүчөсү да.

Сириянын согуш отуна чулганган Алеппо шаары.

Сириянын согуш отуна чулганган Алеппо шаары.

"Азаттык": Акыркы суроом кайтып келген жоочуларды реабилитациялоо жөнүндө болмокчу. Себеби Сирия жана Иракка кеткендердин кээ бирлери кайтып келе баштады. Эмне кылуу керек? Канткенде кайтып келгендерди коомго аралаштыра алабыз?

Владимир Школьный: Чынын айтсам кайтып келген адамдарды реабилитациялоо максатын көздөгөн мамлекеттик программа жок. Мындан сырткары согуш талаасына барып, адам өлтүрүп, кан көрүп калган бирөөнү жолго салуу аябай кыйын. Алар адреналинге сугарылып калган жана маселелерди күч менен чечкенге көнүшкөн. Алар келгенден кийин тынч отура алышпайт жана ар дайым адреналин талап кылган иштерди жасашат. Ушул себептен бул адамдар кылмыш дүйнөсүнө аралашып кетишет.

Буга кошумча айта кетүүчү нерсе, мындай адамдар дүйнөгө башкача карашат. Мисалы, психологдордун изилдөөлөрү боюнча, аялдар дүйнө жүзүн 39 түскө бөлүп карашса, эркектер 7 эле түскө таянып жашоону сыпатташат. Ал эми согушта болсо, болгону үч эле түс бар: ак, кара жана боз. Ак жакшылыкты - өзүңдү, кара жамандыкты -душманды, ал эми боз түс белгисиздикти түшүндүрөт.

Ошондуктан ушундай көз караш менен кайткан адамды реабилитациялоо жана коомго аралаштыруу аябай кыйын. Анын организми адреналинди талап кылат жана дүйнөгө, жашоого бир жактуу гана карайт. Бул учурда ал адамды экстремалдуу спорттун түрлөрүнө тартуу жана ага жаккан, баш оту менен кирип кете турган жумушка жайгаштыруу керек. Бул согуштан кайткан адамдарды реабилитациялоонун эң мыкты жолу болуп эсептелинет.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG