Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Кытайга экспорттолгон балдан антибиотик табылды


Кыргызстан балы.
Кыргызстан балы.

Кытайдагы лаборатория Кыргызстанда өндүрүлгөн балда фуразолидон жана хлорамфеникол заттары бар экенин аныктаган. Кытай тарап эгерде кийинки жолу да балдын курамында химиялык дарылар бар экени аныкталса, Кыргызстандан бал сатып алуудан баш тартмакчы. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин маалыматында айтылат. Ошондой эле аталган министрлик балга антибиотик заттар аарыларды дарылоо учурунда өтүүсү ыктымалдыгын белгилеп, балчыларды аарылардын оорусунун алдын алуу чараларын жүргүзүүдө жана дарылоодо тиешелүү талаптарды карманууга чакырган.

Кытайга бал Кыргызстандан “Балчылар ассоциациясы” тарабынан сатылат. Азырынча аталган ассоциациядан буга байланыштуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Адистердин айтуусунда, эгер балдын курамындагы антибиотик заттар аныкталса, сапаты жогору бааланып жаткан балды Европа базарлары да албай коюу коркунучу туулат.

Кыргызстандын балы акыркы жылдары эл аралык көргөзмөлөрдө сапатынын мыктылыгы менен артыкча болуп келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG