Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Айрым депутаттар комитетте мыйзамга добуш берүү болбогонун айтып чыгышты


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

“Бир бол” фракциясынын мүчөсү Чолпон Жакупова менен “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Аида Салянова профилдүү комитетте добуш берүү учурунда каршы добуш гана берилгенин айтып чыгышты. Чолпон Жакупованын маалыматы боюнча, комитетте төрт киши каршы добушун берген:

-Мен, Бакыт Төрөбаев, Исхак Масалиев жана Алманбет Шыкмаматов “каршы” деп добуш бергенбиз. Калгандары добуш берүүдөн баш тартышкан. Кантип анан биз бул мыйзамды комитетте каралып, кабыл алынган деп айта алабыз?

Ушундай эле пикирин “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Аида Салянова да билдирип, кесиптештерин парламенттеги тартипти, регламентти карманууга чакырды. Булардын сөзүнө жооп кылган төрага Чыныбай Турсунбеков күн тартиби мурда бекитилген тартипте гана кетип жатканын айтып, четке какты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG