Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

“Таблиги жамааттын” тамыры каякта?


Нарындын бир айылында мечитке бараткандар. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт.)

Нарындын бир айылында мечитке бараткандар. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт.)

Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен “Таблиги жамаат” кыймылы расмий иш алып барган жалгыз өлкө.

Жергиликтүү элде дааватчылар деген ат менен белгилүү бул уюмдун мүчөлөрү өздөрүн салттуу ислам динин кудум Мухамбет пайгамбар тараткандай, ар бир үйгө кирип жайылтабыз деп ишендирет. Анткен менен алардын иш-аракети мамлекетке коркунуч жаратат деп коңгуроо каккандар жок эмес. Андыктан укук коргоо органдары бул уюмдун иш-аракеттерине тыкыр көз салып келатат.

Дааваттын мекени болгон өлкөлөр

Жыл сайын ноябрь айында Пакистандын Райванд шаарында он миңдеген адамдар катышкан "Таблиги жамаат" уюмунун дүйнөлүк чогулушу өтөт. Уюмдун ижтима деп аталган ушундай эле жыйындары жыл сайын дааваттын дүйнөлүк борборлору саналган Индиянын Бхопал шаарында жана Бангладештин борбору Даккада да болот. Кыргызстандык дааватчылар быйыл да ал чогулуштарга барууга ниет кылып турушкан чагы.

Алардын бири Абдусамат Арзыгулов мындай дейт.

- Пакистандагы Райванга баргандар азыр негедир токтоп калды. Азыр көбү Индия менен Бангладешке кетип жатат. Мисалы, Бангладешке барган баарынан жеңил. Бирок негизи дааваттын башталган мекени Индияга барган жакшы жана зарыл болуп эсептелет. Ал жактарда ижтима болот, андан кийин даават болот. Анан ал жерлерден дүйнө жүзүнө 3-4 миң деген жамааттар дааватка чыгып кетет.

Бирок бул жыйындардан тышкары Пакистан, Индия жана Бангладешке жылдын кайсы мезгили болбосун 40 күнгө же 4 айга дааватка баргандар көп. Аталган өлкөлөрдө дааватта жүргөн же ал жактарда диний билим алып жаткан кыргыз жарандарынын саны беймаалым. Индия менен бирге Бангладешти да көзөмөлдөгөн Кыргызстандын Делидеги элчилиги да мындай маалыматтарга ээ эместигин моюндарына алышты.

Өткөн жылы февралда Бангладештин борбору Дакка шаарындагы дааватчылардын дүйнөлүк жыйынына катышып келген Адилет Калчабаевдин айтымында, ал жакка дааватка барган жана окуп жаткан кыргызстандыктардын саны арбын.

- Жылына бир жолу дүйнө жүзүндөгү дааватчылардын баары Бангладештин Дакка шаарына чогулат. Дакка шаарынын жанында майдан деп койгон чон аянт, башкача айтканда чоң талаа бар. Ошол жерге Индия, Пакистан жана Бангладештен Кудай үчүн өзүнүн убактысын жана жашоосун берген чоң-чоң аалымдар келет. Биз биринчи ижтимага барып, анан 40 күндүк дааватыбызды ошол жакка берели деп, кырк күнгө калып калдык. Ал жерге баргандан кийин 40 күнгө, 4 айга чыгуунун зарылдыгы боюнча баян айтылат. Ошолорду уккандан кийин өзүң эле “кой, дааватка чыгайын” дейсиң. Ал жерде Кыргызстандан барган балдар көп эле экен, 200дөй бар го. Жаш балдар, биз курактуу балдар да жүрдү. 5-6 курс болуп калган жумгалдык балдар бар экен. Алар Какраилдеги дааваттын борборундагы медреседе окушат.


Бангладешке кантип барат?


Бангладештин Дакка шаарындагы дааватчылардын борбору саналган Какраил мечитиндеги медреседе окуган кыргызстандык балдардын бири - жумгалдык Ахмад андагы окуунун шарттарын түшүндүрүп берди. Анын билдиришинче, кыргызстандык балдар окуган медреселер мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынбаган, окуу программалары өкмөт менен макулдашылбаган диний мектептер.

- Эч кандай шарт деле жок. Бала 15 жашка чейин болушу керек. Андан башка өзгөчө деле шарты жок. Кыргыз балдардан бул жакта элүүдөн ашууну бар. Ондон ашуун дунгандар, Таиланд, Азербайжан жана башка жактан келгендер бар. Диплом берилбейт. Эми эгер бул жакта окуган бала Куранды Фатиха сүрөсүнөн эң акыркы Нас сүрөсүнө чейин окуп бере алса, ошонун өзү диплом болот да.

Телефон аркылуу сүйлөп берген бул жигит ал жакка баруунун жолдору боюнча да билгендерин ортого салды.

- Борбордук мечитте Абдурахим деген байке бар. Бангладешке чакырууларды ошол байке жөнөтөт. Ал байке Какраилдин факсына баланын атын жазып жөнөтөт. Анан бул жакта кеңешип, эгер орун бар болсо, алабыз деп жооп беришет.


Чочулоого негиз жокпу?


Муфтийдин орун басары, башкы үгүтчү Максатбек Токтомушевдин билдиришинче, Бангладештен дин илимин алгандардан чочулоого негиз жок. Ошол эле кезде ал билим алууга борбордук мечит жана муфтият жиберет дегенди четке какты.

- Биринчиден, ал жакта канча бала окуйт, менин кабарым жок. Бирок Орто Азия, Ирандын чет жакалары, Ирак, Ооганстан, Пакистан, өзгөчө Бангладеш исламдагы биздин мазхабды карманышат. Мен Бангладешке бир канча ирет барып келгем. Окутуучуларын көргөм, окуган китептерин көргөм. Ал жакта да бизде салттуу деп азыр айтылып жаткан Имам Азамдын мазхабы окутулат. Ал жакка балдар кантип барып жатканынан менин кабарым жок. Аны өздөрүнүн ата-энелеринен сурап көрүшүңүздөр керек. Борбордук мечиттен жөнөтөт экен деген туура эмес. Бул жерде ар бир ата-эненин өз ыктыяры. Кааласа баласын БОМЖ кылсын, кааласа таштап койсун, кааласа окутат. Мисалы, тарбия бере албай калгандар да толтура.

Уикипедия ачык энциклопедиясынын жазышынча, 2007-жылы эле Кыргызстанда “Таблиги жамааттын” мүчөлөрүнүн саны 10 миңге жеткен. Азыркы күндө алардын так саны белгисиз. Бирок Кыргызстан боюнча жума сайын дааватка чыккандардын саны миңдеп саналат. “Таблиги жамааттын” шарты боюнча бир адам айына 3 күн, бир жылда 40 күн жана өмүр бою төрт айга дааватка чыгуу зарыл деп айтылат. 3 жана 10 күнгө Кыргызстандын өзүндө гана чыкса, ал эми 40 күнгө жана 4 айга чыккандар башка мамлекеттерге барууну артык көрүшөт.“Ким убактысын, каражатын жана мүмкүнчүлүгүн көбүрөөк сарптаса, ошончолук көп соопко ээ болот”, - деп ишендирет дааватчылар.


“Таблиги жамаат” кара тизмеге кирген мамлекеттер


Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен “Таблиги жамаат” уюму, тактап айтканда дааватчылар расмий иш алып барган жалгыз өлкө. Кыргызстан дааваттын КМШ аймагындагы борбору катары да кабылданып калганын айтып жүрүшөт. Ошондон улам “Таблиги жамаат” экстремисттик деп тыюу салынган Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан атайын Кыргызстанга келип, дааватка чыккандар да жок эмес.

Дааватчы Абдулла ажы Кантемиров кошуна мамлекеттер Кыргызстанда да дааваттын токтошуна кызыктар деген чочулоосун билдирди.

- Бизге,“Таблиги жамаатына” муфтият, мамлекет тарабынан уруксат берилген. Бизди ата-бабаларыбыз кармап келген мазхаб менен иш алып барат деп ишибизге эч ким каршы эмес. Казакстан, Өзбекстан жана Орусияда буга тыюу салган, бизде болсо ачык. Жакында Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны болордун алдында да, “кыргыздар, силер да дааватты тыйып койгула” деп жатат. Ал мамлекеттер биздин өкмөткө “Таблиги жамаатыңарды” жапкыла” деген чоң проблеманы коюп жатат.

2009-жылы Кыргызстанда да “Таблиги жамаат” уюмун тыюу салуу боюнча маселе өкмөттүк деңгээлде көтөрүлүп, жыйындарда талкууланган. “Бирок бир катар кеңешүүлөрдөн кийин тыюу салынган эмес” дейт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын ошол кездеги төрага орун басары Канатбек Мурзахалилов. Анын маалымдашынча, дааватчылардын саны көбөйгөнү мамлекеттик органдар бул боюнча бир жактуу чечимге келбей турушат:

- КМШ жана кошуна мамлекеттерде “Таблиги жамаат” уюму экстремисттик уюм катары тыюу салынган. Кыргызстанда болсо бул уюмдун 10-20 миң деген адамдары, жолдоочулары бар. Бул өзүнчө чоң күчкө айланып калды. Эгер аны күч колдонуу менен жапса, анда коомдо дагы бир көйгөйдү туудурат. Ошол эле “Хизб-ут Тахрир”, “аль-Каида” жана жихадчы топтор сыяктуу эле көмүскөгө өтүп алат да, ишин активдештире берет. Ошон үчүн булардын иш-аракети тыюу салынбай, коомчулуктун күч органдарынын көз алдында турганы жакшы.

Канатбек Мурзахалилов ошондой эле “Кыргызстандагы “Таблиги жамаат”: анализдер жана божомолдор” деген китептин автору. Ал өз эмгегинде уюмдун ишин адамдарга ислам дининен биринчи кабар берген агартуучу институт катары баалаган. Ал муну дааватка чыгууда адам тандашпаганы, ким кааласа чыга алары жана алардын уюшууга ыкчамдыгы менен түшүндүргөн. Бирок “Таблиги жамааттын” активдүүлүгү ушул калыбында кете турган болсо, келечекте “ислам башкаруусундагы мамлекеттин түспөлү” пайда болуп калышы мүмкүн экендигин да эскертип, анын арты мамлекетке жана коомго коркунуч жараткан күчкө айланышы мүмкүн экендигин баса белгилеген.

Бирок “Таблиги жамааттын” өкүлдөрү өздөрүн уюм же кыймыл деп эсептебейт, антип атагандарга да каршы. Ошондой эле өздөрүн саясатка аралашпаган, мамлекеттик бийлик органдарына бекем баш ийген, мээлүүн жана тынч мусулман жамаатпыз деп санашат. Анткен менен алардын Индия, Бангладеш жана Пакистандагы иш-аракетин талдаган чет мамлекеттик айрым окумуштуулар бул ойго кошулушпайт.

Ал эми эксперт Канатбек Мурзахалилов “Таблиги жамаатты” бекем структурасы жана башкаруусу бар дүйнөлүк кыймыл деп билдирди:

- Булардын өздөрүнүн структурасы, башкаруу иерархиясы жана лидерлери бар. Кыргызстанда да ошондой. Жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги лидерлери бар. Ошондой эле дааватка 3, 40 күнгө жана 4 айга чыккандардын да өздөрүнүн лидерлери да бар. Машфара, башкача айтканда кеңеш аркылуу лидер шайланып, ошол шайланган лидерге - амир сапка дааватка чыккандар бекем баш ийишет.

Кыргызстандагы мамлекетик органдардын чочулаган жагы - дааватчылардын тыштан башкаралып жатканы. Пакистандагы, Индиядагы же Бангладештеги “Таблиги жамаат” борборлорунан Кыргызстан мамлекетинин кызыкчылыгына кайчы келген бүтүмдөр болуп калуусунан чочулашат. Эң башкысы - мамлекетти “Таблиги жамаат” кыймылынын ансыз да туруксуз, жакыр жана диний экстремисттик уюмдар арбын деп саналган Пакистан сыяктуу мамлекеттер менен бекем алакасы кооптондурууда.


Салтты динге каршы коюу туура эмес


Жогорудагылардан тышкары, дааватчылардын жүрүм-туруму жана кийим-кечеси боюнча дооматтар көп. Ошондой эле алар өздөрүн бир гана дин илими менен чектеп, азыркы замандын илимий жетишкендиктерин жээрийт деп сындашат.

Коомдук активист Бурул Усманалиева дааватчылар кыргыздардын өздүгүн чанып, эч ылгабай Пакистан жана Араб малекеттерин туурап жатканын сынга алды. Анын пикиринде, кыргыздар мусулман болгондон тарта диний ырым-жырымдар менен каада-салтты жуурулуштуруп жашап, аларды бири-бирине каршы койгон эмес:

- Биз салттуу ислам менен кыргызчылыкты айкалыштырып келген эркин эл болгонбуз. Бардык жылдарда, мейли совет мезгилинде болсун, ага чейин болсун, мусулмандын адат деген формасы менен жашаганбыз. Бул кыргыздардагы күнүмдүк салттар. Мисалы, баланы отургузуу, нике кыюу, бата кылуу деген нерселер жөнөкөй турмуштук салттар болгон, алардын саясий күчү болгон эмес. Жайында гана абдан ысыбаса, Ала-Тоонун климаты негизинен салкын. Анан ушул жерде Араб, Пакистан өлкөлөрүндөгү ысык аба ырайына ылайыкташкан алардын кийимдерин туурап кийип жүрүшөт. Бул деген түшүнгөн кишиге “биздейлер көбөйүп жатат, биздики туура” деген чакырык.

Өздөрүн “Кыргызстан чыныгы мусулмандар союзу" деп атаган уюмдун төрагасы Нурлан Мотуев “Таблиги жамааттын” ички структурасын жана эрежелерин сынга алды. Анын билдиришинче, дааваттын 20 шарт деп аталган ички тартиби мусулмандарды алсыздандырууга багытталган.

- Булардын үймө-үй кыдырып дин таратып жатканы жакшы. Бирок алардын чоң жаңылыштыгы - 20 шарт киргизип алгандары. Анткени Мухаммдад пайгамбар “мен динди дүйнө жүзүнө толук негизде алып келдим, жеткирдим. Эч кандай оңдоо киргизбегиле” деген.

Ошондой эле Мотуев Куран аяттары учурдагы илим жана технологиялык жетишкендиктер менен далилденип, ачылып жаткан чакта, дааватчылардын ал илимдерге кош көңүл мамиле жасап, жалгыз гана дин илимине ык койгондору коомду артка тарткан көрүнүш деп эсептейт.


“Кой аксагы менен миң”


Анткен менен муфтийдин орун басары Максатбек Токтомушев “Таблиги жамаат” уюмундагы кемчиликтерди адамдык фактор менен байланыштырат. Ал бул жерде “кой аксагы менен миң” деген макалды эске салды:

- “Баланча киши дааватка чыкканга чейин кандай болчу” деп, элден маалымат жыйнай турган болсоңуздар, эл өзү айтып берет. Мен ушуну жетиштүү деп ойлойм. Албетте, 100 пайыз оңолуп кетет дегенден алысмын. Бирок дааватка чыгып, ал жактан оңолбой келген адамдарды гана мисал кылып, аларды башка оңолгондорго каршы коюп, жаманатты кылбайлы. Бул жерде адамдык фактор роль ойнойт.

“Таблиги жамаат” уюмун 1927-жылы Индияда Мухмад Илияс аттуу адам негиздеген. Азыркы учурда кыймылдын дүйнөлүк лидери болуп анын небереси Маулана Саад эсептелет. “Таблиги жамаат” Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын расмий колдоосуна ээ. Бул факт мамлекеттик органдарды чочулатып, муфтият ислам динин жайылтууда өз позициясын "Таблиги жамаатка" алдырып койду деген сынга жем таштап келүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин билдиргендей, күз айларында Коргоо кеңеши өлкөдөгү диний кырдаалду талкуулайт. Президент ислам тынчтыктын дини экендигин айтып, бирок ошол эле кезде аны тескери жолго пайдаланса, мамлекет үчүн зыяны чоң болорун белгилеп өткөн. Сыягы, Кыргызстандагы диний жааттагы көп суроолор Коргоо кеңешинин жакынкы жыйынында талкууланчудай.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG