Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Кыргызстандын түштүгүндө жума намаздарынан улам тейлөө кызматтары үзгүлтүккө учуроодо. Маселенин чоо-жайы тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Курбаналы Узаков “Азаттыкка” маек курду.

- Жума намазга баруудан негизинен кайсы тармактар, кайсы тейлөө кызматтарынын иши үзгүлтүккө учурап жатат?

- Бул маселе өткөндө жыл жыйынтыгын чыгарып, басма сөз катчылар менен болгон жыйында көтөрүлүп, көп журналисттерден доомат түштү. "Айрым мекеме, уюмдарда жума күндөрү иш убактысында жума намазга кетип калган учурлар болууда, таппай калып жатабыз" деп арыздангандар болду. Тейлөө кызматтарында, айрыкча Ош шаарындагы, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн районундагы машина оңдоочу, тамак берүүчү жайларды жума күндөрү жаап коюшуп, намазга кетип жатканы боюнча элден доомат түшүп жатканы бизге айтылган.
Мыйзамды сыйлашыбыз керек. Урматташыбыз керек. Баары мыйзам чегинде болгону жакшы деп эсептейбиз.

Бул боюнча жергиликтүү органдар менен сүйлөшүп, ушул маселелерди Кыргызстандын Конституциясына жана Эмгек кодексине ылайык, көзөмөлгө алууну талап кылдык. Бирок жергиликтүү органдар тейлөө органдары жеке менчик болуп кеткендиктен алар каалаган учурда ачып-жаап коюушаарын айтып жатышат. Ошентсе да жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алууга аракет кылаарын билдирди.

- Сиздер мамлекеттик кызматкерлер жума күнү мечиттерде эмес, кызмат ордунда болуш керек деп айтып жатасыздар. Бул жагдай дин туткандардын укугун тебелебейби?

- Эч тебелебейт. Себеби Конституцияда жана “Дин тутуу эркиндиктери жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамда биздин республикада жарандардын бардыгына кайсы динди тутпасын укук кеңири берилген.

Ошондой эле ибадаттарды жүргүзүү укугу да берилген. Бирок мамлекеттик кызматкерлер иш убагында жума күндөрү намазга же ибадаттарга барышы мыйзамга жатпайт. Мыйзамды сыйлашыбыз керек. Урматташыбыз керек. Баары мыйзам чегинде болгону жакшы деп эсептейбиз.

- Буга чейин Кыргызстанда дин өкүлдөрү жума күндөрдү дем алыш деп жарыялоо демилгелерин көтөрүшкөн. Анда кандай болуп калат?
Конституцияда жана “Дин тутуу эркиндиктери жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамда биздин республикада жарандардын бардыгына кайсы динди тутпасын укук кеңири берилген.

- Туура айтасыз, бул маселе көтөрүлгөн. Жогорку Кеңешке чейин талкуулашкан. Бирок мындай кылуунун өзү Кыргызстандын мыйзамдарын одоно бузганга жатат. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жолу менен жасаса гана болот. Бирок азырынча бул маселе ачык бойдон калууда. Ошол нерсенин баарын негизги мыйзам болгон Конституция таянып, Жогорку Кеңеш да эске алса болот.

- Бир тарап намазга барам десе, экинчи тарап иш милдеттерди аткарасың деп жатат. Эки тарапты мунасага алып келүүнүн кандай жолдору бар?

- Бул чоң карама-каршылыктарга алып келбейт деген эле ойдомун. Себеби коңшу өлкөлөрдө биздин республикадагыдай дин тутуу эркиндиги жок. Бул багытта биздин жарандарга укук абдан кеңири берилген.

Бирок дин кызматкерлери да мечиттерде жарандарга кайрылып, эгерде адам мамлекеттик кызматта болсо, же болбосо кандайдыр окуу жайларда окуп жаткан студент болсо, кайсы мезгилде намаз окуй турганын маалымдап турушса. Намаздарын өз убагында ишке байланыштуу окуй албай калышса, жол-жобосу кандай болоорун айтып, түшүндүрүшсө жакшы болоор эле.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG