Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Жабыркагандарга жардамга 24 млн сомдон ашык акча чогултулду


Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине бүгүнкүгө карата 24 млн. 663 миң 197 сом түштү.

Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жабыркагандарга жардам берүү үчүн каражат топтоо уланууда. Каалоочулар атайын эсепке сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка түрдө каражат которсо болот.

Жабыркагандарга Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Мындан сырткары Орусия жана Казакстандын аймагында кабыл алуу түйүнү ачылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG