Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:12

Кыргызстандын түштүгүндө, айрыкча Баткен аймагында ар түрдүү диний агымдардын аракети күчөп жатат.

Алардын арасында мурда-кийин өлкөдө белгисиз болуп келген жаңы агымдар да бар. Адистер диний агымдардын баары эле Кыргызстан үчүн коркунучтуу эмес деп санашат.

Өткөн жылы Баткен облусунда Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун иш-аракети күчөгөн.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймагы боюнча өкүлү Курбаналы Узаков:

- Кадамжай районунда Үч-Коргон деген айыл округ бар. Ал жерде көп улуттун өкүлдөрү, айрыкча тажик улутундагылар жашайт. Тажикстандагы диний агымдар таасирин тийгизип, аялдардын арасында да үгүт жүргүзүп жатканы боюнча маалыматтар болгон. Анын ичинде “Хизб-ут Тахрир” уюмуна да аялдарды тарткандыгы боюнча маалыматтарды тактап, аларды бергенбиз.

Мындай ойго Баткен облусунун казысы Султан ажы Гапыров да кошулат. Анын айтымында, мурда бул аймакта белгисиз болуп келген “сулаймания” диний агымы да ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

- ИИМ кызматкерлери Кадамжай районунда, Кызыл-Кыя шаарында “Хизб-ут Тахрирге” окшогон кээ бир агымдар жанданып калганы жөнүндө айтып жатышат. “Сулайманчылар” да азыр облустун аймагында иштерин жүргүзүп жатат. Булар боюнча муфтиятка кабарлаганбыз. Алар “сулайманчылардын” иштери биздин салттуу динге каршы келбейт деп баалашты.

Агымдардын баары эле чоочун эмес

Мындан тышкары исламдын шиит багытынын таасириндеги адамдардын тобу да пайда болгону айтылууда. Жаңы пайда болуп жаткан исламчыл диний агымдардын баары эле жергиликтүү элдин кулк-мүнөзүнө жана салт-санаасына туура келе бербейт. Мындай жагдай келечекте бөлүнүп жарылууга, чыр-чатактарга алып келиши толук ыктымал дешет адистер. Курбаналы Узаков:

- Пакистанга даабатка барып келген жаштар айрыкча көбөйүп жатат. Алар “бизден эч кандай коркунуч жок, биз исламга гана үгүттөөчүлөрбүз” деп жатышат. Алардын көбөйүп жаткандыгы жалпы эле республика боюнча белгилүү. “Вахабилердин” же “салафилердин” ишмердүүлүгүнө бизде Жогорку Соттун чечими менен тыюу салынган эмес. Бирок булар да “Хизб-ут Тахрирге” окшоп ишмердүүлүгүн жашыруун жүргүзөт.

Анткен менен диниятчылар Кыргызстандын аймагында жаңы пайда болуп жаткан диний агымдардын баары эле коопсуздукка коркунуч жаратат деп айтууга болбойт дешет. Адатта Кыргызстанга исламдык жаңы диний түшүнүктөр Түркия, Пакистан, Индия жана араб өлкөлөрүнөн келет. Диний серепчи Данияр Мурадилов:

- Мисалы, биздеги салттуу ислам “матрудий” диний ишеним окутуусу жана исламдын сунний багытындагы “ханафий” мазхабына кирет. Мисалы, ушундай эле багыттагы кайсы бир окутууну түрк жараны алып келсе, ал түрк ой-жүгүртүүсү менен алып келет. “Пакистандан келген “Таблиг жамааты” деле “матрудий” диний ишеним окутуусу жана "ханафий" мазхабына кирет. Бирок ага комчулукта тескери пикирлер болуп жатат. Ал эми араб өлкөлөрүнөн келген “салафий” деген диний ишеним окутуусу бар. Ал Кыргызстан үчүн салттуу эмес, бирок сунний исламдын ичине кирет. Алардыкы “ханбалий” мазхабы болсо, биздики “ханафий” деп айтылат.

Диний агымдардын түпкү жаралышын, алардын бири-биринен айырмачылыгын ажыратып берүүчү мыкты адистердин жоктугу коомчулукта диний агымдар боюнча талаштуу пикирлерге жем таштап жаткан сыяктуу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG