Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Ошто аялдардын диний борбору ачылды


Ош шаардык жана областтык казыяттын аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Жамила Жапашова жаңы ачылган борбор тууралуу айтууда, 25-март, 2014.

Ош шаардык жана областтык казыяттын аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Жамила Жапашова жаңы ачылган борбор тууралуу айтууда, 25-март, 2014.

Оштун борбордук мечитинде аялдарга диний билим берүү борбору ачылды. Диниятчылар бул айымдардын радикалдашуусун алдын алуу үчүн жасалган кадам экенин айтууда.

300-400 орунга ылайыкташкан борбор мектеп окуучуларынан баштап байбичелерге чейин акысыз окутат. Буга чейин күч органдары аймактагы айылдардагы үйлөрдө, хужраларда диний билим алган аялдар көбөйүп кеткенин кулак кагыш кылып келген эле.

Аялдарды диний-радикал уюмдарга азгыртпоо амалыбы?

Ош шаарынын борбордук Имам-аль-Бухари атындагы мечитинин ичинде уюшулган аялдардын диний окуу борбору ачылаары менен эле кабыл алууну баштады. Сабактар аз күндөн кийин башталат.

Шаардык казыяттын аппарат жетекчиси Жанарбек Матиев окуу жадыбалы тууралуу буларды айтат:

- Бул жерде 1-апрелден баштап 1 айлык, 6 айлык, 1 жылдык, 3 жылдык болуп окуулар башталат. Окуулардын баары муфтияттан түзүлгөн атайын программанын негизинде өтөт. Бул жерде негизинен Куран жаттоо, адеп-ахлак, намаз үйрөнүү жана башка ушул сыяктуу ислам дининин негиздери, андагы аял укуктары, милдеттери сыяктуу нерселер үйрөтүлөт.

Маектешибиз борбордун эң башкы максаты - аялдардын диний радикалдык жана экстремисттик багыттарга кирип кетүүсүнүн алдын алуу экенин кошумчалады:

- Радикалдык жана экстремисттик багыттарга капыстан, өзү билбеген тейде кирип алган аялдар бар. Аларды ошентип азгырып аткандар бар. Анан эми бул борбор аялдардын ошо жаман жолдорго тартылып кетүүсүнө бөгөт коёт. Ошого аракет кылабыз. Мындайча айтканда биз бул жерде дин тууралуу жалаң туура маалыматтарды берүүгө аракет кылабыз.

"Кыздарга күйөөнү кантип тандоону да үйрөтөбүз"

Окуу борбор чоң залдан, бир нече бөлмөлөрдөн жана атайын аялдарга ылайыкташкан дааратканадан турат. Жергиликтүү демөөрчүнүн колдоосу менен курулган имаратка 300-400дөй аял батат. Окутуучулар негизинен казыятта иштегендерден жана диний билими терең аялдардан тартылат:

- Мында биз окуучу кыздардан баштап, байбичелерге чейин кабыл алабыз. Маселен 5-класстан баштап 10-класска чейинкилерди бир тайпа кылып, аларга кыздар кандай болушу керек деген адеп-ахлакты үйрөтөбүз. Эгерде 18ге толуп, күйөөгө чыкканга даяр болуп калган кыздар болсо аларды өзүнчө бөлүп алып, аял киши турмушка чыкканда кандай болушу керек, күйөөнү кандай кылып тандаш керек деген нерселерди окутабыз. Андан кийинки топ жаш келиндер, аларга кругозорун өстүрө турган маалыматтарды, жаңы өнөрлөрдү өздөштүрүүсүнө жардам кылабыз. Анан андан кийин кемпирлерге өзүнчө топ түзүп, аларга өзүнчө таалим беребиз. Ар бир курак өз алдынча гана диний билим алышат, - дейт Ош шаардык жана областтык казыяттын аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Жамила Жапашова.

Мечиттеги аялдар борборунун тышкы көрүнүшү.

Мечиттеги аялдар борборунун тышкы көрүнүшү.

Ал ошондой эле буга чейин кыз-келиндер көрүнгөн жерде, үйлөрдө диний сабатын жоюп келгенин белгиледи:

- Жаш кыздардын айрымдары медресеге барат. Бирок окуучулар менен келиндер, кээ бир кыздар каяктан диний билим алаарын билбей жүрүшөт. Ошого кээ бир кыз-келиндерди топтоп алып жанагындай атинча аялдарга алып барып берип окутчубуз. Ошо бир үйдө жатып, 10-15 чакты кыз билим алышат болчу. Азыр эми ушул окуу борборго келе беришсе болот.


Канткен менен Ош облусунда үй-үйлөрдө чогулуп алып диний билим алган аялдардын борборлору азыр деле азая элек. Өзгөчө Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондорунда диний билими бар аялдардын үйлөрү хужра деп аталып, ага күн алыс аялдар чогулуп, сабакка келишкени жашыруун эмес. Бирок ал жерлерде кандай таалим берилип жатканы диниятчыларга да, күч органдарына да беймаалым.

Экстремисттик уюмдар ишмердигин күчөтүүдө

Байкоочу Расул Авазбек уулу экстремисттик уюмдар катарына аялдарды тартууга көбүрөөк басым жасап атканын айтып келатат:

- "Хизб-ут Тахрир" жана ушул сыяктуу бир топ радикалдык уюмдар акыркы мезгилде стратегиясын өзгөртүштү. Алардын бири - жаштарды жана аялдарды өздөрүнө көбүрөөк тартуу. Жаштарды катарына кошуп атканы түшүнүктүү. Аялдарды болсо үй-бүлөгө тийгизген таасири көбүрөөк деп тартып атышат. Анткени аялдар негизинен көбүрөөк салттуу түрдө жабык социумда жашашат. Анан аялдардын бири-бирине аялдар аркылуу таасир этүүсү күчтүү жүрөт.


Маалым болгондой Сириядагы согушка катышканы кеткен Оштук жарандар арасында аялдар да бар болуп чыккан. Буга улай аймакта диний кырдаал оор экени Ош облусундагы кырдаалды талкуулаган жыйында айтылган эле.
Диний-экстремисттик уюмдар аялдарды үй-бүлөгө тийгизген таасири көбүрөөк деп тартып атышат. Анткени аялдар негизинен көбүрөөк салттуу түрдө жабык социумда жашашат. Анан аялдардын бири-бирине таасир этүүсү күчтүү жүрөт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк боюнча өкүлү Курбаналы Узаков радикалдык уюмдарды ооздуктоо зарылдыгын белгилеген:

- Ош аймагында Өзбекстан ислам кыймылы террористтик уюмунун мүчөлөрүнүн жана "Хизб-ут Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү жылдан жылга күчөп барат. Бул коомчулукту дүрбөлөңгө салып, тынчсызданууга алып келүүдө. Ошого байланыштуу диний коопсуздук камсыз кылууда бир чараларды көрүп, өзгөчө эскертүүчү чараларды өз убагында колдонуу зарылчылыгы келип жетти. Муну үчүн жергиликтүү бийликтер, диниятчылар, айылдык аксакалдар, күч органдары жана аялдар катмары баары биргеликте айылдык деңгээлде комплекстүү иш-чараларды аткаруубуз зарыл болуп турат.

Ош шаарында жана Ош облусунда 10дон ашык медресе жана диний окуу жайлар болсо, алардын төртөө жалаң аялдарды окутууга ылайыкташкан. Бирок аларда көп мезгилде башаламан окутуу жүргүзүлүп жатканы сындалып келет. Ош шаардык казыятынын алдында түзүлгөн диний билим берүү борбору эми ошолорду бир иретке салат деген ишеним жаралууда.

Белгилүү болгондой, Ошто Акрамий, Вахабий, Хизб-ут Тахрир жана Өзбекстан ислам кыймылы сыяктуу радикалдык багыттагы топтордун 400дөй мүчөлөрү бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG