Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:02

Бүгүн Бишкекте заманбап коомдогу аялдардын ролуна жана ордуна арналган талкуу өтөт. “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбор уюштуруп жаткан талкуу аялдардын радикалдашуусу жана бул процессти болтурбоонун жолдорун табуу максатын көздөйт. “Азаттык” Ислам изилдөө институтунун эксперти Назира Курбанованы кепке тартты.

“Азаттык”: Сиздин тегерек столдогу докладыңыз кайсы темада болот? Эмнеге токтолосуз?

Назира Курбанова: Өз докладымда “Ислам мамлекети” террордук уюмунун Борбор Азияга тийгизген таасирине токтолом. Кыргызстанга бул уюмдун таасири барбы, жокпу, келечекте кандай таасирин тийгизет деген суроого жооп издеп, көп материалдарды окуп чыктым.

Дүйнөлүк окумуштуулардын, эксперттердин пикири үч топко бөлүнөт экен. Биринчилер – Алексей Малашенко өңдүү эксперттер, ислам таануучулар оптимисттик сценарийди айтып жатышат: таасири болбойт, Борбор Азиядан Сирияга тартып жатат деген маалыматтар так эмес, аларга көңүл бурбастан, ички көйгөйлөрдү чечиш керек деген көз карашты карманышат экен.

Пессимисттик маанайдагылар – Гейдар Жемал, Александр Коновалов өңдүү окумуштуулар, эксперттер Борбор Азия үчүн “Ислам мамлекети” террордук уюмунун таасири түз болорун айтып жатышат. Себеби учурда Борбор Азиядагы ар бир мамлекеттен жарандар Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, кайра өз мамлекетине кайтып келүүдө. Коркунуч мына ошол жактан келиши мүмкүн.

Үчүнчү топко киргендердин айткандарын мен реалисттик сценарий деп атап койдум. 26-сентябрда Ислам илимий изилдөө институту форум өткөргөнбүз. Биз чыгарган жыйынтык ушул үчүнчү топтогулардын сценарийи менен дал келип жатат. Андрей Грозин, Аркадий Дубнов өңдүү эксперттер бул террордук уюмдун түздөн-түз таасири жок экенин, бирок ошонун идеологиясы чоң коркунуч туудурарын айтышат. Анткени бүгүнкү күндө Борбор Азияда радикалдуу маанайдагы жаштар абдан көп. Согуштук аракеттерге катышып келгендер ошондой идеологияны өзүнө сиңирип алып, бул жакта жайылтканга аракет кылышы мүмкүн.

“Азаттык”: Ал эми аялдардын радикалдашуусуна алып барып жаткан себептер деп кайсыларды атайт элеңиз?

Назира Курбанова: Кыз-келиндер көп учурда алданып калышууда. Башкалары үй-бүлөсү менен чыгып кетүүдө. Үчүнчүлөр кандайдыр бир материалдык кызыкчылык издеп жатышат. Ошондуктан ушул маселе боюнча да илимий изилдөө иштерин жүргүзүш керек.

Алардын арасында кайтып келгендер да бар. Ошолор менен сүйлөшүп, аларды бул жолго эмне түрткөнүн түшүнүш керек. Биздин оюбузча, ал жакка барып, кайтып келгендер жаңылышкан болсо, ошолордон топ түзүп, аялдар жамаатында адашып калганын, ким азгырганын айтып бериш керек. Алар “мен согушка катышарымды билген жокмун, мен башкача болот деп ойлогом, кызыгып, же башка себептер менен баргам” деп айтып жатышпайбы.

“Азаттык”: Аялдардын радикалдашуусун алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүш керек деп эсептейсиз?

Назира Курбанова: Аялдар менен иштеш керек. Болгондо да бир жолку гана иш-чараларды өткөрүп койбостон масштабдуу караш керек. Муфтият, Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмү, Дин иштери боюнча комиссия бар.

Бул жерде системалуу түрдө мамлекеттик программаны иштеп чыгыш керек. Мектептен баштоо зарыл. Аялдардан түзүлгөн жамааттар бар, ошолор менен иштеш керек. Албетте социалдык, экономикалык абалга да көңүл буруу кажет. Эксперттердин айтканы боюнча, социалдык, экономикалык проблемалар, жумушсуздук аялдардын ошондой жолго түшүшүнө шарт түзүп жатат.

“Азаттык”: Заманбап коомдо динди карманган аялдарга карата толеранттуулук канчалык? Алардын эркиндиги, укуктары сакталып жатабы?

Назира Курбанова: Бул маселе толук чечилди деп айталбайм. Себеби 90-жылдардан баштап анализ жүргүзө турган болсок, ал маалда исламдаштыруу боюнча абдан чоң толкун өттү. Абдан көп уюмдар, фонддор, мусулман коомчулуктун кызыкчылыгын коргогон уюмдар пайда болду. Бирок айтылган нерсе менен турмушта болуп жаткандар дал келбей жатат. Мисалы, ошол эле хижаб маселесин ала турган болсок, коомдо ача пикирлер бар. Ошондуктан ушул маселелердин баарын чечип, ошонун үстүнөн иштеш керек.

“Азаттык”: Азыркы заманбап коомдо динди кармануу, өз ишениминен кайтпоо канчалык жеңил? Тоскоолдуктар көппү?

Назира Курбанова: Башка мамлекеттер менен салыштырмалуу бизде эркиндик бар. Салыштырмалуу жакшы шарттар түзүлгөн. Бирок учурда абдан көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Мыйзамдарга да өзгөртүүлөр киргизилип жатат, Коргоо кеңеши да көп маселелерди койду.

Учурда процесс жүрүп жатат. Бул процесс кайсы жакка оой турганы мусулман коомчулугунан көз каранды. Алар канчалык активдүү болсо, өз позициясын жеткирсе, мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө карата оюн айта алса, ошого жараша болот. Муну чогуу чечүү зарыл. Бирок ошол эле мезгилде шарт түзүп бериш керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG