Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:00

“Азаттыктын” “Биз жана дин” берүүсүнө бул ирет белгилүү диний ишмер Чубак ажы Жалилов конок болду.

Мазхаб деген эмне? Эмне үчүн ханафий-мазхабы мамлекеттик колдоого муктаж? Салафизм кадимки эле вахабийликпи?, - деген суроолорго жооп берген Чубак ажы Жалилов өзүнүн жеке жана саясий пландары тууралуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Алгач маегибизди мазхаб деген эмне, аны тутунуу шартпы деген суроолор менен баштасак.

Чубак Жалилов: Мазхабды кыргызчага которо турган болсок, мектеп дегенди түшүндүрөт. Ал турмуштук зарылчылык жана тарыхый шарттардын негизинде пайда болгон. Ар бир адам аалым болууга милдеттүү эмес, шарт дагы эмес жана мүмкүн дагы эмес. Бирок динге ылайык жашоо мусулман үмөтү үчүн милдет. Бул мазхабды кармануу, тутунуу аркылуу гана ишке ашат.

“Азаттык”: Азыркы учурда эмне үчүн мамлекет жана Муфтият ханафий-мазхабын жана матуридий акийдасын (ишенимин) колдоп, өнүктүргөнү жатат?

Ар бир адам аалым болууга милдеттүү эмес, шарт дагы эмес жана мүмкүн дагы эмес.

Чубак Жалилов: Өлкөдөгү бардык мусулмандардын бирдей көз карашта болуусу, мисалы, фатва же болбосо жалпы коомчулукка тиешелүү өкүмдөрдү чыгарууда белгилүү бир мектепти, мазхабды кармануу, белгилүү бир жол-жоболорду тутунуу мамлекеттеги башаламандыктын жана чаржайыттыктын алдын ала турган чара болуп эсептелинет.

“Азаттык”: Ханафий-мазхабы болсун, матуридий-мазхабы болсун бул нерселер динге тиешелүү маселе да. Бирок анын мамлекетке тиешеси канчалык? Дегеле мамлекеттин кандайдыр бир мазхабды колдоосу туурабы?

Чубак Жалилов: Бул туура нерсе. Мамлекеттин милдети - элдин курсагын тойгузуу, чек араны бекемдөө менен чектелбеши керек. Ал элдин руханий дүйнөсүн, байлыгын түздөп, туура жолго салуу, шарттарды түзүп берүүнү да моюнга алышы шарт.

“Азаттык”: Эми ханафий-мазхабына токтолсок. Бул эмне болгон мазхаб? Башка мазхабдардан эмнеси менен өзгөчө?

Чубак Жалилов: Бул мазхаб Ирактан баштап Борбор Азияда, түрк дүйнөсүндө, Пакистан менен Индиянын көпчүлүк бөлүгүндө орун алган. Кезинде ханафий-мазхабына кирген аалымдар Сауд Арабиясынан алыс болуп, өз маданияты менен ислам динин айкалыштыра алган. Мындан сырткары ал адамдын акыл-эсин чектебей, ой-жүгүртүүгө маани берет. Бул мазхабды түптөгөн Имам Азам Абу Ханифанын пайгамбардын замандаштарын көргөндүгү да чоң мааниге ээ. Ал “Аср ас-Саада” деп аталган бактылуу доорго күбө болгон негизги төрт имамдын бири.

“Азаттык”: Матуридий ишеними жөнүндө да айтып берсеңиз. Себеби, мамлекет бул ишенимди да колдойм, өнүктүрөм деп жатпайбы.

Буга чейин башкаларды капа кылбай, тилектештик үчүн унчукпай келсек, эми баарын ачык айтканга туура келүүдө.

Чубак Жалилов: Абу Ханифанын убагында Имам Матуридийдин убагындагыдай ишеним маселеси анчейин талаш-тартыш жараткан эмес. Себеби, ал мезгилде мусулмандар менен мусулман эместердин арасындагы карым-катнаш өтө терең эмес эле. Кийинчерээк ар кандай философиялык көз караштарды кармангандар, башка дүйнө таанымдар жана башка маданияттар ислам дүйнөсүнө аралашкан жана таркаган соң табигый түрдө жаңы суроолор пайда болуп, ал суроолорго Имам Матуридий пайгамбардын жана Абу Ханифанын ишеним системасына таянып жооп берген. Ал система "Матуридий акийдасы" деп сакталып калган. Матуридий ошол мезгилдин шарттарына ылайык суроолорго жооп тапкан аалым болуп эсептелет.

"Азаттык": Кайсыл мазхабга каршы ханафий-мазхабы колдоо табууда? Эмне үчүн бул мазхаб колдоого муктаж?

Чубак Жалилов: Мамлекетибиздеги радикал агымдардын пайда болуусу, жихад же жихад эмес экендиги белгисиз талаштуу маселелерге биздин жарандардын кирип кетүүсү, биздин мусулмандардын ыраттуу диний сабатынын аздыгынан кабар берет. Бул туруктуу бир мектепти окууну аныктоо маселесин жаратып, ханафий-мазхабы тандалып алынган. Кошумчалай кетчү нерсе, азыркы учурда мазхаб карманбагандардын мазхабы да пайда болгон. Башкача айтканда, булар мазхаб карманбайбыз деген менен ошол мазхаб карманбаган деген мазхабды кармашат. Булар пайгамбар алып келген шарияттан бир аз оогондугу, четтегендиги маалым.

"Салафий менен вахабийдин тамыры бир"

“Азаттык”: Кечиресиз ушул жерден матуридий ишенимине каршы кайсыл ишеним жайылууда деген суроо да туулат экен.

Чубак Жалилов: Бизде азыркы учурда салафийлик агымы жайылууда. Радикал көз карашты карманган, күч кызматкерлерине кол салган, жардырган такфирчилер дал ушул жамаатка барып такалгандыгын, ушул жаматтын пикирин колдогон устаздардын колунда окугандыгы жашыруун эмес.

Эми ар бир нерсенин өз атынан айтканга убакыт келди. Жеке мен ханафий - мазхабын карманам, Матуридий акийдасын тутунам. Ушуну жайылтууну максат кылган адамдардын биримин. Буга чейин башкаларды капа кылбай, тилектештик үчүн унчукпай келсек, эми баарын ачык айтканга туура келүүдө. Ошондуктан азыркы учурда салафийлик көз караш жайылууда.

Азыркы учурда салафиймин деген сөз, карга чыгып алып мен аппакмын дегендей мааниге ээ болуп калды. Андыктан азыркы учурда биз вахабийлик менен салафийликти бир түшүнүк катары караганыбыз оң.

“Азаттык”: Салафизм деген ат менен вахабизм коркунуч туудурууда деп айтылууда. Чындыгында эле ушундайбы?

Чубак Жалилов: Биринчиден, салафийлик деген түшүнүк качан чыга баштаганына токтолсок. Бул сөз 25-30 жылдын гана тегерегинде пайда болгонун көрүүгө болот. Ага чейин салафий деген түшүнүк болгон эмес. Анын ордуна вахабий деген гана термин болгон. Бул Осмон падышачылыгынын акыркы дооруна туш келет. Вахабийлик жалгыз эле бизге эмес, ошол Осмон бийлигинин да начарлашына өз таасирин тийгизгенин ислам тарыхчылары айтып келишет.

“Азаттык”: Салафиймин дегендин баары эле вахабийби?

Чубак Жалилов: Тилекке каршы, азыркы учурда салафиймин деген сөз, карга чыгып алып мен аппакмын дегендей мааниге ээ болуп калды. Андыктан азыркы учурда биз вахабийлик менен салафийликти бир түшүнүк катары караганыбыз оң.

Азыркы учурда салафиймин деген вахабий бир туугандарыбыз бизде бар. Аны жокко чыгара албайбыз. Керек болсо алар сабактарын окуп, китептерин таратып өз таасирин жайылтып жатат. Аны биз ачык айта алабыз.

“Азаттык”: Вахабийлик Кыргызстанда кандайча жайылууда? Вахабийликти жайган медреселер барбы Кыргызстанда?

Чубак Жалилов: Алар Советтер Союзу кыйрагандан кийин каптап келишти. Экинчиден, жарытылуу деңгээлде болбосо да Сауд Арабиясынан келген жардамдар аркылуу жайылды. Буга тиешеси бар бир канча медреселер жөнүндө айтылат, бирок алардын атын атоо туура эмес. Ал жакта устаздары сабак беришет, китептерин да чыгарышат.

“Азаттык”: Мечиттерди катар-катар салгандар, депутаттарыбызды ажыга алып барып жаткандар ханафийби же вахабийби?

Чубак Жалилов: Аларды вахабий деп айтуу туура эмес. Себеби, кандайдыр бир агымдарга бөлүнбөй, жалпы баалуулуктарга кызмат кылган адамдар да бар. Албетте кээ бирөөлөр сырттан келген көмөкчүлөрдү колдонушу мүмкүн. Булар деле салафий, булар деле вахабий, булар деле бизден деп айтып, өз санаалаштарын көбөйтүүнү максат кылышы толук мүмкүн.

"Шайлоого барсамбы деп ойлонуп жатам"

“Азаттык”: Кепти эми өзүңүзгө бурсак, сизди күздө боло турган парламенттик шайлоого катышат экен деген сөздөр айтылууда. Шайлоого чындап эле катышасызбы?

Азырынча шайлоого катышам деп эч кимге сөз берген жокмун. Экинчиден, ушунчалык сөз болгондон кийин кээде чындап эле катышып көрсөмбү деген ой келет.

Чубак Жалилов: Бул негизи кызык маселе. Биринчиден, мен азырынча шайлоого катышам деп эч кимге сөз берген жокмун. Экинчиден, ушунчалык сөз болгондон кийин кээде чындап эле катышып көрсөмбү деген ой келет. Менин шайлоого бараар-барбасым коомчулукта кызуу талкууланууда. Каршы чыккандар да, колдогондор да бар. Мен өзүм азыркы учурда бул маселени салмактап, калчап жаткан учурум. Анткени мен барганда эмне табам же эмне жоготом деген маселе турат. Мен өзү кесибим боюнча укук таануу адисимин. Ислам укугун окуган адам катары мыйзамдарды чыгарууга катышкым келет.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеште динден кабары бар киши болуусу керек деген пикирде экенсиз да.

Чубак Жалилов: Ооба.

“Азаттык”: Сиз Муфтиятты башкарып жаткан учурда ажылыкка тиешелүү салык маселеси боюнча козголгон ишке байланыштуу Жогорку Кеңеш чечим кабыл алды. Ал чечим Өмүрбек Текебаев болбосо кабыл алынат беле?

Чубак Жалилов: Ооба. Кабыл алынмак деп ойлойм. Анткени ага чейин эле ошол сыяктуу мыйзам кабыл алынган. Андан кийин бул маселени Өмүрбек Чиркешович өз жетекчилигине алды. Айтайын дегеним, бул маселеде өзүмдү эч бир адамга карыздар сезбейт элем. Анткени кандайдыр бир саясий күчтөр бул маселеге байланыштуу мусулмандардын көңүлүн өзүнө бурдургусу келген болсо, бурдуруп бүтүштү, ошого ылайык баасын алышты. Ошондуктан ал мыйзам чыккандыгы үчүн өзүмдү “Ата Мекен” же башка партияга карыздар сезбейм.

“Азаттык”: Сиздин пикириңизде, ажылыкты ким уюштурушу керек?

Чубак Жалилов: Мамлекеттин да үлүшү болушу керек. Бирок бул диний бир жөрөлгө болгондугу үчүн Муфтияттын да салымы болуусу шарт. Мен эки жыл муфтий болуп иштедим, бир нерсени коркпой айта алам: Муфтият ажылыкты аткарган жылдары бир да адам камалып, түрмөгө отурган жок. Бирок мамлекет, Дин комиссиясы уюштурганда адамдар камалып, азыр да түрмөдө отургандар бар.

“Азаттык”: Аалымдар кеңешинин мүчөсү катары айтсаңыз. Аалымдар кеңеши азыркы убакта муфтийге көз карандыбы же Дин комиссиясынабы?

Чубак Жалилов: Аалымдар кеңеши эч кимге көз каранды эмес. Мисал катары айта турган болсом, өзү кеңештин жетекчиси ар жыл сайын шайланат. Бирок биз өткөндөгү шайлоодо ачык айтылбаса да, ар кандай терс пикирлердин жытын сезип, кайра эле Абдүшүкүр ажы Нарматовду Аалымдар кеңешинин жетекчилигине шайладык. Бирок Аалымдар кеңешинин сыртынан бул кишинин шайланганын каалабагандар да болду.

"Сирияга баруу жихад эмес"

“Азаттык”: Кээде сизди телевидение, радиодон көрүп, угуп калып жатабыз. Ошолордун биринде "күйөөсү бар туруп көңүлдөш күткөн аялды өрттөш керек" деген пикирди айтыпсыз. Бул өтө эле ашынган радикалдык көз караш эмеспи?

Чубак Жалилов: Мен ал жерде "үй-бүлөм, бала-чакам бар, ошентсе да көңүлдөш күтсөм болобу?" деген суроого жооп бергенмин. "Сен бир адамдын үйүн бузуп, өрттөп жатасың. Андыктан сени өрттөп койсо да сага ылайык жаза болот. Эгер сен сүйлөп жаткан телевизордо рух, жан болгондо, бул сөзүңө чыдабай күйүп кетмек" дегем.

“Азаттык”: Сирияда халифатты түздүк деп жар салып жаткан “Ислам мамлекети” уюму бар. Ал күн сайын Ирактын жана Сириянын аймактарын басып алууда. Ошол уюмга карата көз карашыңызды айтсаңыз.

Чубак Жалилов: Дүйнөдөгү ислам аалымдарынын 99 пайызы, Сунний аалымдардын бүткүл дүйнөлүк кеңеши өз баяндамасын чыгарганы белгилүү. Бул өзү исламга сыйбаган, ислам дөөлөттөрүнө карама-каршы келген көрүнүш. Биздин жихаддан сооп табам деп согушка кеткен жарандарга, ал жакта сооп таба тургандай жихад жок деп айтаар элем.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG