Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Ак-Өргөдөгү жер талаш


Конуш тургундары "сатылып кетти" делген жерлерди коргоп калууну сүйлөшүп жатат. 4-май, 2013.

Конуш тургундары "сатылып кетти" делген жерлерди коргоп калууну сүйлөшүп жатат. 4-май, 2013.

Бишкектин Ак-Өргө конушунун тургундары социалдык мекемелер үчүн бөлүнгөн жерлердин тагдырына тынчсызданууда.

Социалдык мекемелер үчүн делген жерлер менчик колдорго өтүп кеткени тууралуу сөздөр конуш тургундарын жакындан бери бейпайга сала баштады. Мындан улам 4-майда кечке жуук конуш тургундары жыйын өткөрүшүп, акыркы апталарда бул жерлерде кимдир бирөөлөр тарабынан курулуш иштери жүрө баштаганын кеп кылышты. Ленин районунун акими социалдык объектилер үчүн бөлүнгөн бул аймакты мурунку аким 40 тилкеге бөлүп сатып жибергенин тастыктады. Райондук бийлик бул маселени териштирүүгө дүйшөмбүдө киришчүдөй.

Акөргөлүктөрдүн арыз-арманы

Бишкектин түштүк-батыш тарабында орун алган Ак-Өргөнүн жүздөн ашык тургундары конуштун борбору – сөз болуп жаткан жерге чогулуп, "жалгыз, бош калган тилкени кантип коргойбуз?" деген стратегияны аныктап жатышты.

Бул жердин көлөмү так белгисиз, бирок жергиликтүүлөр 10 га чейин жетет деген ойдо.

Бул жердин көлөмү так белгисиз, бирок жергиликтүүлөр 10 га чейин жетет деген ойдо.

Чогулуштун уюштуруучуларынын бири Кубанычбек Орозакуновдун айтымында, 1989-жылы Ак-Өргө негизделгенде эле 10 гектарга жакын бул тилке бала бакча, эмкана жана башка социалдык объекттерге калтырылган.

- Жердин үстү жагына мектеп курулган, ылдый жагында сейил бак ачылган, ал эми калганы каражат табылганга чейин деп бош турган, бирок 5-6 соткеден тилкенин ар бири 25 миң доллардан сатылды деген сөздөр бизге апрелдин башында жетти. Ылдый жактагы милиция бөлүмүнүн жанынан үч тилке бөлүп, кызыл китеп берип, чиновниктер башкы планга оңдоо киргизишиптир. Эми калгандарын да ошондой оңдоолорду киргизип, атайын элге деп калтырылган жерлерди берип жатышат. Бардыгыбызга маалым, бул жерлер жөн эле берилген жок, чиновниктер чоң-чоң акчаларга сатып жатышат.

Бул чоң тилке канча бөлүккө бөлүнүп, сатылганын тургундар билбейт экен, бирок кожоюндар курулуш иштерин баштаганы турганын айтышууда. Ак-Өргөнүн тургундары апрелдин ортосунда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына кайрылышса, алар бул тууралуу маалымсыз экенин кабарлаптыр.

Жыйындын катышуучулардын бири, Ак-Өргөнүн тургуну Гүлнара Кыдыралиева буларды айтты:

- Азыр элдин баары чыккан жок, баары чыкса бул жер... Бүгүн-эртең менен бирөө куруучулар менен келиптир. Анан бул жактан 100 киши, аркы жагынан 200 болуп, милицияны, айыл өкмөттөгүлөрдү чакыртып, курдурбай кууп чыктык. Кайра келип курабыз десе курдурбайбыз. Андан көрө эмкана, бала бакча, мончо курулсун. Биз да кичине элге окшоп жашайлы да. Жерди аягына чейин коргойбуз. Эч кимге жер берилбейт, эч кимге берилбейт...

Жерди ким саткан?

Чогулушта тургундар ырасмий түрдө тиешелүү маморгандарда кайрыла турган ыйгарым өкүлдөрүн шайлашты.

Чогулушта тургундар ырасмий түрдө тиешелүү маморгандарда кайрыла турган ыйгарым өкүлдөрүн шайлашты.

Чогулушта нааразы тарап Ленин акимиятына, мэрияга жана тиешелүү башка мамлекеттик органдарга кайрылуу максатында өкүлдөрүн шайлашты.

Ак-Өргө конушу караган Ленин районунун акими Алтынай Өмүрбекова болсо конуштун борборундагы бош тилке Бишкектин башкы планы боюнча социалдык объекттер үчүн бекитилгенин, бирок мурунку аким 2005-жылы аны 40 тилкеге бөлүштүрүү боюнча токтом чыгарганын “Азаттыкка” билдирди.

- Эгер тилкенин кожоюндары баарын мыйзамдуу түрдө сатып алганы аныкталса, анда бул маселени сот аркылуу чечүүгө туура келет. Анткени алар мамлекеттик каттоо аркылуу документтерди алышса аларды сот аркылуу жокко чыгарыш керек. Иштин баары алдыда. Эгер бул жер чын эле социалдык объекттер, бала бакча жана башкалар үчүн бекитилсе биз сотко кайрылууга аргасыз болобуз.

Өмүрбекова 6-майда бул маселе боюнча бардык документтерди көтөрүп, мурунку акимдин чечиминин мыйзамдуулугун териштирерин айтты. Аким Ленин районунда жерге байланышкан мындай чыр-чатактар көп экенин да кошумчалады.

Ак-Өргө конушунун тургундары бул жер боюнча бир сөздү, анын кожоюндары башканы айтканы менен башкы план кандай экендигин тактоо мүмкүн болгон жок. Айрым байкоочулар башкы пландын коомчулукка айкын эместиги мамлекеттик кызматкерлердин жерди жең ичинен сатышын шарттап, эл арасында наарызылыктарды пайда кылып жатканын айтышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG