Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

ММКда жек көрүү маанайы күч алды


Президент Атамбаевдин жылдык маалымат жыйынына катышкан журналисттер. 24-декабрь, 2015-жыл
Президент Атамбаевдин жылдык маалымат жыйынына катышкан журналисттер. 24-декабрь, 2015-жыл

"Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби" уюмунун изилдөөсүнө караганда, өткөн жылы Кыргызстандагы маалымат каражаттарында ксенофобия, исламофобия жана гомофобия сыяктуу көрүнүштөр көбүрөөк байкалган.

“Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби" уюму өткөн жылы Кыргызстандагы маалымат каражаттарында жек көрүүчүлүк, басмырлап, кемсинтүү маанайы басымдуу болгонун атайын изилдөөдөн кийин айтып чыгышты.

Эксперттер бул барып-барып социалдык жарылууга алып келиши ыктымалдыгын эскертип, бийликке коомчулук менен тыгыз иштешүүнү сунушташты.

Аталган уюмдун эксперттер тобу Кыргызстандагы маалымат каражаттары менен социалдык тармактарга төрт ай байкоо салган. Анын жыйынтыгына караганда, Кыргызстанда диний, сексуалдык азчылык жана этностор аралык мамиледе бири-бирин кемсинткен же катуу сындаган кайым айтышуулар күчөгөн. Душман көрүү маанайын активдүү таркатуучулар катары социалдык тармактардын колдонуучулары жана журналисттер аталган.

Долбоордун эксперти, маалымат каражаттар жана социалдык тармактарга байкоо салган Айсулуу Токоеванын айтуусунда, кээде саясатчылар, коомдук ишмерлер жана журналисттер маек бергенде улутун, динин баса белгилеп айткан учурлар кездешет. Бул коомчулуктун көз карашын өзгөртүп, белгилүү бир стереотиптерди пайда кылат.

ММКга чыккан макалалар кайра эле социалдык тармактарга жайылтылат дейт эксперттер
ММКга чыккан макалалар кайра эле социалдык тармактарга жайылтылат дейт эксперттер

- Журналисттер, коомдук ишмерлер улутту, динди эске алуу менен айтышат. Цитата келтиргенде так ошондой жерин айтат. Душмандашуу стили гезитке түшкөндөн кийин кайра социалдык тармактарга жарыяланат. Мындай учур көбүнесе Фейсбукта көп. Анда жазылгандарды окуп отурсаң "буларды өлтүрүш керек" дегенге чейин барышат. Бул элдин стереотиптеринин иштелип чыгышына, клишелерге да таасир берет. Мунун аягы жаман болушу мүмкүн.

Иликтөөдө айтылгандай, интернеттеги агрессия жана басмырлоонун кулачы кеңейген. Интернет колдонуучулар түрдүү маселелер боюнча талкууларга жигердүү катышып, лексиканын түрдүү формаларын пайдалануу менен ачык тирешүүгө чакырык таштаганы айтылат.

Мисалы, исламдан коркуу маанайынын себеби катары Сириядагы согушка азгыруу учурлары көбөйгөнү аталууда. Ал эми гомофобия кумсалар тууралуу маалыматты жайылтууга каршы мыйзам долбоорунун тегерегиндеги талкуулардан улам күчөгөн.

Сексуалдык азчылыктын 90% диний лидерлерден, бийлик өкүлдөрүнөн жана ЖМКда айтылган гомофобдук уюмдардан кордогон жана кемсинткен сөздөрдү угушкан.
Амир Муканбетов

Бул багытта изилдөө жүргүзгөн Амир Муканбетовдун айтуусунда, соңку эки-үч жылда Кыргызстанда сексуалдык азчылыктарды жек көргөн мамиле күч алган. Ал мурда жемелеп же уят кылып эле койгон мамиле азыр кол көтөрүп, катуу сабаганга чейин жеткенин белгилейт:

- Сексуалдык азчылыктын 90% диний лидерлерден, бийлик өкүлдөрүнөн жана ЖМКда айтылган гомофобдук уюмдардан кордогон жана кемсинткен сөздөрдү угушкан. Мисалы, муфтият сексуалдык азчылык, кумсаларга байланыштуу атайын фатвасын чыгарган. Анда бир хадистен мисал келтирилип, "таш бараңга алыш керек" дегендей маани айтылган. Бул тууралуу Айт намаздарда да радикалдуу пикирлер айтылып жүрөт. Чындыгында жек көрүү деңгээли көбөйдү десек болот. Бул эмнеге байланыштуу? Мурда сексуалдык азчылык эч кимге көрүнбөй, билинбей жүрчү. Бул тема тууралуу эч ким сүйлөчү эмес. Зомбулук мурда деле бар болчу. Кумсалыкты пропагандалоого каршы мыйзам долбоор сунушталгандан кийин бул кайра күчөдү. Мисалы, мурда жөн эле уруп кетсе азыр абдан катуу, аёосуз сабап кетиши мүмкүн. Чындыгында соңку жылдары дискриминация көбөйдү.

Кемсинтүүнүн кесепети

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы "Ислам бир жыныстагы адамдардын жакын ымалада болуп, сүйүү ышкысына батуусуна тыюу салат" деген негизде кумсаларга карата фатва чыгарган. Анда эркек менен эркектин же аял менен аялдын жыныстык байланышта болуусу өтө чоң күнөө экени эскертилген. Кыргызстанда динчилдер эле эмес, калктын басымдуу бөлүгү кумсаларга карата сын көз карашта. Андыктан укук коргоочулар адаттан тыш сексуалдык багыттагы жарандардын укуктары ар тараптан бузулуп, алар элдин кодулоосуна тушугуп жатканын айтып келишет.

Коомдогу терс көрүнүштү козутууда ггезиттердин салымы күч
Коомдогу терс көрүнүштү козутууда ггезиттердин салымы күч

Иликтөөдө айтылгандай, жогорудагы үч маселе боюнача жек көрүүчүлүк, башкача айтканда, душман көрүү маанайы телерадиого караганда орус, кыргыз тилдүү гезиттерде көбүрөөк кездешет. Бул багытта гезит жетекчилери менен да иш жүргүзүп жатабыз дейт Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Мониторинг борборунун жетекчиси Аблабек Асанканов:

- Бардык маалымат каражаттары чыгарган макала, окуялардын чагылдырылышын карап, жумасына бир жолу өзүбүз да анализдейбиз. Эгер жек көрүүчүлүккө түрткөн туура эмес макала болсо ошол гезиттин жетекчилигине кат жазабыз. Мурдагыга караганда көбөйдү деп айтыш кыйын. Бирок бул гезиттерде сөз жок бар.

Бири-бирин жек көрүүчүлүк, басмырлап, кемсинтүү барып-барып социалдык жарылууга алып келиши ыктымалдыгын эскерткен эксперттер бийликке коомчулук менен тыгыз иштешүүнү сунушташууда. Мындай пикири менен Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, диний маселелер боюнча талдоочу Төлөбек Абдрахманов бөлүштү:

- Коомдо кандай келишпестик болсо да маселени мыйзам түрүндө коомчулук менен кеңешип, коомчулукту ага көндүрүп, түшүндүрүп чечкен жакшы болот. Радикалдык жол менен чечүү экстремизмдин башталышы болуп эсептелет. Азыр бул жерде башталса эртең тиги жерде башка формада уланат.

“Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин" билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда орусиялык пропаганданын таасири жогору бойдон калууда. Ошого карабай, жергиликтүү журналисттер жана колдонуучулар аудиторияга альтернативдүү маалыматты көбүрөөк берүүгө аракеттенип жатканы айтылган.

XS
SM
MD
LG