Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 05:06

Шаршемби күнү чыккан орус тилдүү “Дело №...” гезити ички жана тышкы саясатка, улуттук коопсуздукка байланышкан макалаларды басты.

Бул гезитте мас болгончо ичип алган кытай жумушчуларын тартипке чакырганы барган кыргыз милиционерин алар кантип сабап салганы жөнүндө макала жарык көрдү.

“Дело №...” гезити бүгүнкү санына “Кыргызстандын укук коргоочулары кимдердин укуктарын коргойт...” деген үч беттен турган макаласын окурмандарга тартуулады.

Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген менттерден, сени киши катары санабаган, коррупциялашкан чиновниктерден, энергетиктерден азап тарткан ондогон карапайым адамдар укугун коргой албай, аргасы кеткенде редакцияга арызданып келишерин, бирок редакция бул маселени чечалбастыгын, карапайым адамдарды коргойт деп мамлекеттин атынан дайындалган аткаминерлер, адвокаттар коргомок тургай кайра кордоп, ойронун чыгарып келаткан фактылар толтура экендигин белгилөө менен, бирок адам укугун коргойм деп, кыйкырып турган бейөкмөт уюмдардын ишмердиги боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп саналарын, бирок катардагы карапайым адамдардын укугу бузулганы бузулган бойдон келе жатканын кеп кылды.

Гезит андан ары Кыргызстандын башкы укук коргоочуларынын бири Дмитрий Кабак ушу кезде Польшанын борбору Варшавада ЕККУнун жыйынында жүргөнүн, Феликс Куловдун аны жактаган аталаш карындашы Анара Мамбетова-Финкельстейн деген айым Америкада жатып алып “Димитрийди президент кылыш керек!” деп сайтына жазып турганын, Батышта жүргөн Кабак Украинанын “Правый секторунун” офисинде болуп, “Правый секторду” кыргыз жаштарынын “Кел-кел” жана “Мен ишенбейм” деген кыймылдары менен салыштырганын белгилеп, “Кыргызстандык бул укук коргоочу акча маселесин чечүү үчүн жүрсө керек” деп макаласын жыйынтыктады.

Гезит аягында “бейөкмөт уюм” дегендердин табиятын кенен талдоого алуу менен аталган макалада “Деги Кыргызстандын калкын, Кыргызстан деген өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын ким коргойт?” деген суроону койду.

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысынын орунбасары Темир Жумакадыровдун “Эгер бийлик ката кетирбесе Украина сценарийи Кыргызстанда ишке ашпайт” деп аталган маегин жарыялады. Темир Жумакадыров албетте ызы-чууга бута боло турган проблемалар Кыргызстанда жок эместигин, аларга энергетика, экономика, социалдык тармактар кирерин, бирок бул проблемалардын баары бүгүн эле чыга койбостон 20 жылдан бери чечилбей келаткан маселелер экенин, акыры бүгүнкү бийлик стратегиялык маселелерди чечүү багытында энергетикалык чоң долбоорлорду ишке ашыра баштаганын, булар ишке ашканча кыйынчылыктарга чыдоого туура келерин айтты. Маселен, түштүктөгү газ тартыштыгы акыры келип чыкмактыгын, акыры өзүбүздүн газ магистралыбызды курмайын ушундай боло бермегин, муну мурдагы эки бийлик небак жасап койсо болмогун, алардын колун эч ким кармабаганын белгиледи.

Темир Жумакадыров андан ары оппозициянын сындап турганы кадыресе көрүнүш экенин, бирок катыра сындаганды жакшы билген менен, кыйынчылыктан кантип чыгуунун конкреттүү жолдорун көзгө сайып көрсөтө турган эчтекеси жок болуп жатканын, ошондуктан жалпы элди көтөрүп чыга турганга негиз да, шылтоо да жоктугун, ал эми 2005-жана 2010-жылдагы окуяларда эл үй-бүлөлүк башкаруу менен коррупцияга каршы көтөрүлгөнүн, ал эми бүгүн Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу деген жоктугун, өлкөнүн биринчи адамдарына коррупционер деп айып тагуу да негизсиз экендигин, ал эми кыйынчылыктар акырындык менен ызы-чуусуз эле чечиле берерин билдирди.

XS
SM
MD
LG