Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Учурда кыргыз коомчулугунда, өлкөнүн жогорку бийлик бутактарында, атүгүл эл аралык деңгээлде да 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн тарыхый окуянын 1 жылдыгына карата бир катар ой-пикирлер айтылып келе жатат.

Ал ой-пикирлер бир беткей эмес. Атүгүл бири-бирине карама-каршы келген кескин баалар да бар. Мунун өзү Кыргызстандын азыркы саясий турмушунун бир калыпка түшө электигин, саясий элитанын биримсиздигин, анын аркасында кыргыз коомчулугунун бул же тигил идеянын айланасына топтолбогондугун, демек өлкөдө али саясий, идеологиялык бүтүндүктүн калыптанбагандыгын көрсөтөт.

Мындай абал, албетте, мамлекеттин аймактык-чек аралык, экономикалык, руханий жалпы бүтүндүгүнө доо кетирип, мамлекеттик коопсуздук маселелерин жана анын кесепети болгон заманбап “чакырыктарды (вызовы)” пайда кылууда.

Ошондуктан 2005-жылы эле орус серепчиси Андраник Мигранян тарабынан айтылган “Кыргызстан – бул мамлекеттүүлүгү жок өлкө (несостоявщееся государство)” деген пикири ушул мезгилге чейин эл аралык, атүгүл кыргызстандык аналитиктер тарабынан да байма-бай кайталанып, анын артынан өлкөнү башка мамлекетке кошуп же башкалар тарабынан бөлүп алуу жөнүндө түркөй сунуштарын берип келе жаткандыгы азыркы Кыргызстандын жалпы абалын кайсыл бир деңгээлде чагылдырып тургандыгын моюнга алуу керек.

Ушуга байланыштуу, тарыхчы-аалым жана саясий өнүгүү боюнча белгилүү деңгээлдеги серепчи катары өз оюмду билдирип коюуну туура таптым.

24-март окуялары, Кыргызстандын эгемендиги (суверенитети), анын саясий өнүгүү перспективалары боюнча 2006-жылдан баштап мен өз ойлорумду коомчулуктун назарына салып келген окумуштуулардын биримин. Массалык-маалымат каржаттарына, анын ичинде интернет-сайттарга жарыяланган пикирлеримдин негизги уңгуларын танбай, ошол эле учурда Кыргызстандын азыркы абалын түшүнүү өңүтүнөн кароо менен 24-март, 7-апрель окуялары жөнүндө төмөнкүлөрдү айтмакчымын.

Жогорку эки датанын тарыхый маанисин баалоодо төмөндөгүдөй үч туруктуу принципти кармануу зарыл:

Биринчиден, ар кандай тагдыр чеччү окуя кеминде 5 жылдан кийин тарыхый жактан салыштырмалуу тагыраак бааланат.

Экинчиден, мындай окуяларды баалоодо учурда өлкөнүн саясий бийлигинде турган адамдардын инсандык (личностный) атына жамынып, ошол жетекчинин ой-пикирине таазим кылуу туура эмес. Анда тарыхый окуя субъективдүү бааланып калат.

Үчүнчүдөн, ар кандай тарыхый окуянын жактоочулары жана каршылаштары болот. Демек мындай окуяларды жалпы коомчулуктун ичиндеги ой-пикирлердин түрдүү палитрасын анализдеп, анын ичинде өлкөнү социалдык-экономикалык прогресске, өлкөнүн бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган элементтерин биринчи орунга коюу менен баалоо зарыл.

Аталган принциптерди туу тутуп, алгач “бул окуяларды жасоого эмне себеп болду, аны кимдер аткарды жана келечекте кандай максаттары бар эле” деген суроолорго жооп издөө зарыл. Аларды так аңдоо 24-марттагы жана 7-марттагы окуялардын түпкү себептери бирдей жана мазмуну бир беткей экендигинен кабар берет жана эки окуянын экөөн тең бир тегиздикте түшүнүүгө мажбурлайт. Азыркы учурда кай бир адамдардын “24-март бул революция эмес, 7-апрель – революция” дегендиги же тескерисинче айтып, атүгүл “экөө тең төңкөрүш” деген пикирлери биз жогоруда айткан үч принциптин үчөөн тең кабыл албагандыкты, бул тарыхый окуялардын жүрүшүндө активдүү рол ойногон адамдардын жеке инсандык субъектине карата бааланып жаткандыгын көрсөтөт.

Демек – 24-март да, 7-апрель да тагдыр чеччү тарыхый окуя, эл аралык назарияттык (теориялык) тил менен айтканда революциялардын ичинен “түстүү” деп аталган тибинин бир формасына кирет. «Түстүү же жибек революцияларынын» теориялык принциптери Италия коммунисттик партиясынын негиздөөчүсү жана теоретиги А.Грамши тарабынан өткөн кылымдын 30-жылдары эле иштелип чыгып, мындай революциянын эң негизги белгиси коомдун базисин (системасын) эмес, анын саясый мамилилерге, идеологияга, аң-сезимге тийшелүү болгон надстройкасын «жумшак, кансыз жана атуулдук согушсуз» өзгөртүү менен бир катар маанилүү реформалар аркылуу тигил же бул өлкөдө системалык өнүгүүгө жетишүү болуп саналат.

Грамшинин окуусу көптөгөн саясат таануучулар тарабынан улантылып, анын негизгилеринин бири Дж.Шарптын 1993-жылы чыккан “От диктатуры к демократии. Концептуальные основы освобождения” деген китеби болгон. Чынында бул китептеги теориялык принциптер «түстүү революциялар» деп аталган бир катар революциялар тарабынан, мисалы 1981-83-жылдардагы Польшадагы «Солидарность» уюму тарабынан уюштурулган окуялар, 1989-жылы болуп өткөн Чыгыш Европадагы бир катар социалисттик мамлекеттердеги (Румыния, Венгрия, Болгария ж.б.) «революциялар», 2000-жылы Сербияда Милошевичтин режиминин кулашы жана башкалар, айрыкча грузин, украин жана кыргыз түстүү революциялары тарабынан практика жүзүндө ишке ашырылгандыгын жакшы билебиз.

Кыргызстандын форматында ал 2005-жылдын 24-марты күнү өтүп, ал азыркы КР президенти Роза Отунбаеванын демонстрацияга колуна жоогазын кармап чыккандыгына байланыштуу “Жоогазын түстүү революциясы” деп аталып калды.

«Революция» деген сөз французча "Revolition» деген сөздөн алынып, анын мааниси – түп тамыры менен өзгөртүү, бир сапаттан экинчи сапатка секирик менен өтүү, коомдун, аң-сезимдин жана жаратылыштын диалектикалык өнүгүүсүнүн эң маанилүү мыйзам ченемдүүлүгүнүн иш жүзүндө көрүнүшү» болуп саналат. «Революция» термини «ре» приставкасынан жана «эволюция» (өзгөрүү) термининен турат. Эми «ре» деген приставканы бир нече терминдин алдына коюп көрөлүчү: революция, реформа, реаминация, реабилитация, ремилитаризация ж.б. Ошентип, «ре» приставкасын кошуу менен «эволюция» (өзгөрүү) жөнөкөй жол менен акырындап өсүп-өнүгүү эмес, секирик менен, принципиалдуу өзгөрүү аркылуу ишке ашуучу процессти түшүндүрүп турат. Демек «революциянын» уңгу мааниси «түп тамыры менен өзгөртүү, бир сапаттан экинчи сапатка секирик менен өтүү» экен.

Март окуяларынын келип чыгыш өбөлгөлөрү, себептери 1991-2005-жылдардагы «акаевдик» режимдин мезгилинде эле калыптанган. Натыйжада, Кыргызстанда «жогоркулардын мурункудай башкара албай, ал эми төмөнкүлөрдүн мурункудай жашай албай калышы», «элдин негизги катмарынын жакырданышынын адаттан тышкары күчөшү”, “алардын саясый активдүүлүгүнүн адаттан тышкары жогорулашы» (кудум социалдык революциялардын үч негизги белгисинде эле) орун алган. 2010-жылы да так ушундай эле абал болгондугун кыргызстандыктардын эч бири тана албайт.

Ал эми эл массасынын лидерлери 24-мартта да, 7-апрелде да элдин саясый активдүүлүгүнүн натыйжасында «элге жек көрүнгөн» режимди «элдик, адилет» режим менен алмаштырып, өзгөртүп, натыйжада өлкөнүн өнүгүшүн революциялык «секирик» менен улантууну көздөгөн.

Бул жерде 24-марттагы окуянын негизги белгилерине кыскача токтоло кетүү жөндүү. 1) Элдин кеңири катмарынын демилгеси. 2) Региондордон жана айылдардан башталышы. 3) Бийликтин кайсы бир төңкөрүшчү топ эмес, эл тарабынан алынышы. Революциянын «кыймылдаткыч күчтөрү жөнүндө кеп кылсак, алар айылдагы, региондогу шаар-кыштактын жалпы эл массасы болгон. Так ушундай эле көрүнүш бир аз гана айырмачылыктары менен 7-апрелде да кайталанды.

2005-жылдын 24-мартында болуп өткөн түстүү революциянын бир катар өзгөчөлүктөрүнө таянуу менен, аны «Элдик Ыңкылап» деп атоо тагыраак болорун биз мурун да айтып келген элек. (Караңыз: Кыргыз Туусу, 2007-ж. 23-26-марттар, Журнал “Ориентир. Анал. Бюллетень” № 2.2007; Госагентство KABAR, 2006.07.09; 24/03/2007 ж.б.) Анткени араб термини «инклоб» мааниси коомдун жана адамдын руханий дене-боюнун бир сапаттан экинчи сапатка өтүүсүн, өзгөрүүсүн түшүндүрөт. Ошондуктан 24-марттагы кыргыз жоогазын революциясынын негизги мазмуну биздин коомдун руханий жана дене-бойлук маңызынын (духовная и физическая сущность) жаңы баскычка көтөрүлүшү болду. Демек бул аталыш назариятка (теорияга) да туура келет, амалиятка (практикага) да жооп берет.

Ар кандай революциянын тар жана кең мааниси бар. «Элдик Ыңкылаптын» тар маанисинде (де-юре) анын негизги саясий акты 2005-ж. январь-март айларында болуп өттү.

«Элдик Ыңкылаптын» кең маанисинде - бул бүтүндөй процесс. Де-факто. Ошондуктан анын кең маанисинде ишке ашышы дагы көп убакытты камтышы мыйзам ченемдүү болучу.

Айталы, XVIII кылымдагы европа революциялары кең мааниде 100-150 жыл бою ишке ашса, 1917-жылкы орус революциясынын кең маанидеги аткарылышы 1930-жылдардын ортосуна чейин созулган. ХХ кылымдын 80-жылдарынан башталган «жибек революцияларынын» кең маанисинде ишке ашышы дагы деле уланып келе жатат.

Эгер биз жогор жакта эскертилгендей кыргыз ыңкылабынын негизги мазмунун коомдун руханий жана дене бойлук маңызынын жаңы баскычка көтөрүлүшү деп түшүнсөк, анда бул сапаттык өзгөрүү, өсүп-өнүгүү өлкөбүздүн кийинки келечегинде, бери десек жакынкы 5-10 жылда барып гана ишке аша турган процесс болот.

24-март Элдик Ыңкылаптын максат-милдеттерин ишке ашыруу үчүн аны сактоо жана улантуу керек болгон. Азыркы учурда биз дагы эле ошол мейкиндик жана убакыт өлчөмүндө турабыз.

2005-жылдан бери келе жаткан саясий окуяларда Кыргызстандагы “жоогазын революциясынын” кеңири маанидеги (де-факто) ишке ашышынын мезгилинде көптөгөн саясий окуялар болуп кетти. Кыргыз саясий элитасынын ошол мезгилдеги жогорку эшалону “жоогазын революциясынын” максаттарын ишке ашыруунун “эки тизгин, бир чылбырын” К.Бакиевге тапшырышты. Бирок ал жана саясий элитанын ага кошомат кылган өкүлдөрү ишенимди актаган жок.

Эң негизгиси, 2005-жылы коюлган революциялык максаттын орчундуусу болгон саясий структураны системдик кайра түзүү, “үй-бүлөлүк” башкаруудан биротоло кайтуу, мамлекеттик башкарууну кеңири демократташтыруу сыяктуу милдеттер аткарылбай, атүгүл башкаруу “акаевдик суперпрезиденттиктен да ары өтүп, диктатуранын түсүн алып бара жатты.

24-марттагы милдеттерди ишке ашыруу үчүн кыргыз саясий элитасынын кеңири демократиялык өзгөрүүлөрдү жактаган тобу бир катар ийгиликсиз аракеттерди жасап көрдү. Буга 2006-жылы «Реформа үчүн кыймылы», 2007-жылдын апрелиндеги “Майдан”, 2007-2009-жылдардагы саясий күрөштөр мисал боло алат. Бирок абал татаалдагандан улам татаалданып, эл аралык пикирде Кыргызстан “жок болуп жаткан мамлекет (несостявщееся государство)” атыга баштады.

Мындай абалда, албетте, революциянын өнүгүүсүнүн кеңири маанидеги (де-факто) өнүгүүсүнүн алкагында 2010-жылдагы 7-апрель окуясы келип чыкты. Бул процесс 24-марттагы эле түпкү маңызды, мүнөздү жана белгилерди кайталап, бирок 80ден ашуун кыргыз азаматтарынын каны менен коштолуп, кайгылуу өттү. Мамлекеттин калкынын биримдигине 2010-жылкы июнь окуялары орчундуу доо кетирди. Кыргызстандын мамлекет катары жарамдуулугуна дагы бир чоң сокку урулду.

7-апрелде кайрадан эле, 24-марттагыдай саясий маселелер күн тартибине коюлду. Кудайга шүгүр деш керек, 2010-жылы жайында саясий системдик өзгөрүү башталды. Буга парламенттик башкарууга багыт алган Кыргыз баш мыйзамынын кабыл алынышы, үй-бүлөлүк башкаруунун ооздукталышы күбө. Бирок алдыда али көп милдеттер турат. Кыргызстан “жок болуп, бөлүнүп кетүү алдында турган” абалынан чыгуусу татаал жана көп кырдуу саясий, экономикалык, социалдык жана руханий иш-аракеттерди талап кылат. Ошол максаттарды аткарууга азыркы бийлик бутактары жетише алабы, жокпу, бул башка маселе.

Эгер Кыргызстандын суверендүүлүгүн калыптандырууда 1991-жылдын 2005-жылга чейинки мезгилди деформацияланган суверендүүлүк деп атасак, кийинки этапты чыныгы суверендүүлүк жолуна багыт алуу деп айтышыбыз зарыл. Бирок бул мезгил 2005-жылдан баштап дагы канча мезгилге созулат, аны айтуу кыйын. Анткени Кыргызстан кичинекей өлкө катары башка супер өлкөлөрдүн, регионалдык жана глобалдык биримдиктердин алкагында туруп, дүйнө өнүгүүсүнүн тенденцияларына көз каранды.

Ошентип 2010-жылы 7-апрелде башталган жаңы этап, 2005-жылкы Кыргызстандын жалпы суверендүүлүгү үчүн күрөштүн уландысы катары саналуусу абзел. Ошондуктан 24-март жана 7-апрель окуяларынын экөөн тең “Кыргыз жоогазын ыңкылабынын эки баскычы” катары кароо тарыхый жактан туура баалоо болуп саналат.

Дагы бир жолу кайталоо зарыл, бул эки окуяны баалоо “А.Акаевдин да, К.Бакиевдин да, Р.Отунбаеванын да, азыркы бийликтегилердин да жеке инсандык ишмердигине же ой-пикирлерине” көз каранды эмес. Аталган инсандар тек, тарыхтагы субъекттер, тигил же бул миссияны ишке ашыруунун алкагындагы тарыхый персонаждар. Албетте алар жасаган иштеринин мүнөзүнө жараша кийинки муундардын эсинде, тарыхта калышат. Ал эми тарых - бул процесс, ал дайыма өнүгүп-өсүп, кээде кайталанып, кийинки окуяны мурунку окуядагы тажрыйба менен оңдоп, акыр-аягында эртеби-кечпи прогресске алып баруучу жараян. Ар кандай окуяны тарыхый баалоодо муну эсте тутуу зарыл.

Албетте кыргыз коомчулугу азыр тарыхый татаал сыноонун алдында турат. Бирок түрдүү факторлорду аңдап карап көргөндө, абалды оңдоого, ал гана эмес, жакынкы 5 жылда өнүгүүгө баш урууга толук мүмкүнчүлүк бар. Буга толук ишенем.

Кененсариев Ташманбет,
КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,
т.и.д., проф. tashkg@rambler.ru

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG