Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Бейөкмөт уюмдардын билдирүүсүндө соңку кезде Кыргызстанда кыз ала качуу күчөп жатат. Бирок ИИМ жыл башынан бери ала качуу фактысы менен сегиз гана арыз түшкөнүн айтууда.

22 жаштагы Айсулуу ала качуунун курмандыгы болгонуна көп деле убакыт өтө элек.

- Мени мындан бир ай мурун “Эмгекчил” деген айылга тааныбаган, өмүрүмдө көрбөгөн балдар ала качып барышты. Кыйнап отургузууга аракет кылышты. Бирок отурбадым. 5-6 күндөй кыйналып жүрдүм, кулагыма ар кандай үндөр угулуп, түшүмөн чочуп ойгонуп...

Кыргызстанда негизинен жаш курагы он үч жаштан отуз экиге чейинки кыз-келиндер ала качууга дуушар болушат. Бул Кыргызстанда кыз ала качуу көрүнүшүн иликтеген былтыркы илимий изилдөөдө айкындалган.

"Сезим" кризистик борборунун кызматкери Ракыя Рахматова соңку кезде ала качууга кабылып, жардамга кайрылган кыз-келиндер саны өсүп жатканын билдирип, бул көрүнүшкө ириде экономикалык фактор өз таасирин берип жатат деген ойдо.

- Кыз ала качуу бизде эмне үчүн көбөйүп жатат? Биринчиден, экономикалык фактор өз таасирин берип атат деп ойлойм. Анткени кызды келип сөйкө салып, калыңын берип, ачык алып кеткен жигитке кымбатка туруп калууда. Ала качып кеткенде болсо каалаган кызын машинеге салат да, алып кетет. Дагы бир нерсе: кыз ала качуу биздеги эркектердин өздөрүнө ишенбегенинен болуп атат.

Анткен менен Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казакбаевдин маалымдашынча, жыл башынан бери ала качуу фактысы боюнча милицияга саналуу гана арыз түшкөн.

- Тогуз айдын ичинде ала качуу фактысы боюнча 8 иш катталган экен. Анын ичинен экөө акталыптыр. Калган алтоого Кылмыш жана жаза кодексинин 239-берененин незигинде иш козголуп, сотко берилген.

Кылмыш жана жаза кодексинин 155-беренеси боюнча кыз ала качуу кылмыш иши катары каралып, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланары көрсөтүлгөн. Бирок бул мыйзамдык чара иш жүзүндө кыз-келиндерди ала качуудан коргой албай жатат өңдүү.

Алалы, АКШдагы Филаделфия университетинин социология илимдеринин доктору Расс Л.Кляйнбах жана Кыргызстандагы гендер маселелери боюнча изилдөөчү Газбүбү Бабаярованын биргелешкен былтыркы илимий иликтөөсү төмөндөгүдөй жыйынтыктарды берген:

- Кыз ала качуунун эң көп катталган көрсөткүч - Талас обулусу болду. Биз бир айылды алып, ар бир келинди сурамжылап чыкканыбызда, ошолордун жарымысынан көбү, 86 % өз эркине каршы турмушка чыгышкан. Ал эми эң аз көрсөткүч - Ысык-Көл обулусуна тийиштүү. Ал жерде кыз ала качуу боюнча көрсөткүч 38% эле болуп атат.

Ошондой эле жыл башындагы Кыргызстан аялдар конгресси уюштурган сурамжылоодо айыл жерлеринде үйлөнгөндөрдүн 57 пайызы кызды ала качуу ыкмасы менен үй-бүлө кургандар экени аныкталган.

Өлкөдө ала качууга каршы багытталган бир катар иш-чаралар бар.

“Мейкин” жаштар кыймылы ала качуунун кесепеттерин балдарга мектеп жашынан түшүндүрүү зарыл деп эсептеп, эки жылдан бери орто мектептердеги жогорку класс окуучулары үчүн форум театр уюштуруп келет.

Кыймылдын координатору Сүйүн Курманова бул иш-чара жетилип келе жаткан өспүрүм балдарга көрсөтмө курал катары жакшы сабак болот деген үмүттө.

- Жанагы ала качылган кыз кандай сезимдерге дуушар болот? Мына ушуну сезет. Ал кызды ала качпай эле, кандай жол менен мамиле түзүшсө болот эле? Түшүнүк алышат. Үчүнчүдөн, ала качунун кесепетинен үй-бүлөдө кандай зомбулук болот, ошону балдар аңдашат. Бул деген өтө күчтүү эскертүү.

Кыргызстан 1995-жылы аялдарды басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык Конвенцияны ратификациялаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG