Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:58

ЕККУ: Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучта


Киши колдуу болуп каза тапкан журналисттердин соңкусу Геннадий Павлюк

Киши колдуу болуп каза тапкан журналисттердин соңкусу Геннадий Павлюк

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси 2010-жылдагы медиа программаларында журналисттер коопсуздугуна орчундуу көңүл буруларын жарыялады. Ага өлкөдө журналистика менен алектенүү кооптуу болуп баратканы себеп болууда.

2006-жылдан бери эле өлкөдө алтымыштан ашык журналистке кол салынган. Соңку кезде журналисттерге кол тийбестик макамын берүү сунуштары да көтөрүүлүдө.


ЕККУ 2010-жылдагы медиа программаларында журналисттер коопсуздугуна өзгөчө маани берип жатканын аталган уюмдун Бишкектеги кеңсесинин өкүлү Бурул Осмоналиева “Азаттыкка” билдирди.

- Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучта турат. Бул деген плюрализм принциби. Адам, мамлекет же кандайдыр бир күчтүү күчтөр чындыкты кабыл ала билиши керек. Анткени демократиянын талабы ошондой. ММК деген бир гана мактоо же жакшы, нейтралдуу нерсени айтуу эмес. Ал деген коомго турмуштун бардык бурчтарын чагылдырып бере турган инструмент. Эгер ал инструментке коркунуч туулуп аткан болсо, биз демократиялык жактан чегинип аткан болобуз. Ушул себептен биз ойлонуп, кийинки жылга ушундай приоритетти алып чыктык.

Журналисттерге карата кол салуулардын көбүнүн бети ачылбагандыктан, бул кылмыштардын артында ким турганы табышмакталып турат. Андыктан маселеге кеңири коомчулуктун көңүлүн буруу максатында ЕККУ бул жылы Жогорку Кеңеш, бейөкмөт уюмдарынын жана медиа тармактын өкүлдөрүнүн катышуусунда журналисттердин коопсуздугун камсыздоо чаралары боюнча тегерек стол, коомдук угуу, жыйындарды уюштурат.

Мындан тышкары журналисттерге кол салынган учурларда ЕККУ тарабынан ИИМден тез арада тергөө иликтери иштеринин жыйынтыгы тууралуу маалымат берүү талап кылынат.

ЕККУ ошондой эле 2010-жылы журналисттер укугу жана эркиндиктерин коргоо маселелеринде Президент Катчылыгы менен тыгыз байланышта болмокчу.

Серепчилер 2005-жылдан тарта өлкөдө журналисттердин коопсуздук абалы коркунучка кептеле баштаганын айтышат.

Жогорку Кеңеште Социал-демократтар фракциясы буга чейин тараткан билдирүүдө: “2006-жылдан бери эле бардыгы болуп алтымыштан ашык журналистке кол салынган. 2009-жылдын июлунда түштүктө Алмаз Ташиев ур-токмоктон каза таап, дагы бир журналист Кубанычбек Жолдошев катуу сабалды. Барган сайын журналисттерди сотко берүү да күч алып, 2008-жылы эле ММК жана журналисттерге каршы элүү сот иши козголгон. 2005-жылдан бери өлкөдөн Ч.Орозобекова, Т.Бектенов, К.Биримкулов, Ж.Эдигеев, Х.Мажиева, С.Абдылдаев өңдүү журналисттер чыгып кеткен” деп айтылат.
Журналисттерге карата бул кол салууларга бийликтин тиешеси барбы же жокпу? Эгерде жок болсо, эмнеге ушул убакка чейин ушул кол салуулардын бир күнөөкөрү табылган жок жана тийиштүү жазасын алган жок?
Азамат Тынаев

«Комсомольская правда-Кыргызстан» гезитинин баш редактору Азамат Тынаевдин оюнча журналисттерге карата кол салуулар кыргыз бийлигинин сөз эркиндигин тааныбаганынан болуп атат. Андыктан журналисттер коомчулугу бийликти диалогго чакырып, бул кол салуулардын артында бийлик жокпу деген суроого жооп алышы керек.



Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев
26-декабрдагы парламенттин сессиясында журналисттер кабылган кырсыктардын баарын алардын ишмердүүлүгүнө байланыштырууга негиз жоктугун айтты. Министр ар бир кылмышты териштирбей туруп эле бийликке оодаруу өнөкөткө айланганын белгилеп, акыркы жылдары журналисттерге байланыштуу 33 кылмыш иши катталып, алардын сегизинин бети ачылганын билдирди.

Бул аралыкта бир катар укук коргоочу уюмдар кесиптик кошун түзүү, журналистке кол тийбестик макамын берүү демилгелерин кайрадан көтөрө башташты. “Журналисттер” коомдук уюмунун жетекчиси Марат Токоев журналисттер коопсуздугун камсыз кылуу жаатында ал жетектеген уюм ЕККУ менен бирдикте иш алып бара турганын белгилеп, журналистерге кол тийбестик макамын берүү ашыктык кылат деген оюн “Азаттыкка” билдирди.

- Бир кездерде журналисттерге депутаттардыкына окшотуп кол тийбестик макамын берүү боюнча сөздөр жүрдү эле. Бирок менимче анын кереги жок. Чынында журналисттер да ар кандай болот. Кээ бирлери ушул макамды жамынып алып көп иштерди жасап ийиши мүмкүн. Учурдагы эле мыйзамдуулук иштесе, кылмышкерлер табылып жазаланса деген эле бир гана талабыбыз бар. Бирок тилекке каршы ошол мыйзамдын аткарылышы чоң маселе болуп атпайбы?!

Марат Токоевдин пикиринде Кыргызстанда журналисттер коосуздугу мыйзамдык жактан кепилденген менен, ал мыйзамдар толук кандуу иштебей жатат.

Ал арада журналисттердин коопсуздугун коргоо кеңеши түзүлгөнүн Кыргызстандын акыйкатчысы да жарыя кылды.

Жаңы демилгелердин баары көз карандысыз журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнөн кийин пайда болуп отурат.

Медиа-экперт Бакыт Орунбеков өлкөдөгү басма сөз өкүлдөрүнө карата мындай зөөкүрлүккө каршы жалпы коомчулук жалпы көтөрүлө чара көрүшүн туура көрөт:

- Жалпы коомчулук эгерде бизде демократиялык баалуулуктар болсун десек, анда башка коомдук, өкмөттүк уюмдар бирдиктүү күрөш башташ керек. Болбосо биздин ахыбалыбыз чатак.

Кыргызстандын Президентинин Катчылыгынын өкүлү Илим Карыпбеков басма сөз өкулдөрүнө кол салуу аракеттери күчөп кеткенине өкүнүү билдирип, журналист кол жазмасы бир топ кишиге катуу тийип калышын билип жүрүш керек экендигин эскертет:

- Журналист биринчи кезекте өзүнүн кесиби кооптуу экенин эске алышы керек. Кол жазмасы же алып барган иши бир кишиге же бир топ кишиге катуу тийип калышын билгенден кийин этияттык менен жүрүш керек. Мисалы, көп эле фактылар болуп жатат. Эч кандай саясаттын тишеси жок эле макаладан улам урушуп, сабашып кеткен учурлар болуп атпайбы. Ошол учурлардан этияттык кылып алыс жүргөнгө аракет кылыш керек. Ал эми жалпыга маалымдоо каражатарынын редакциялары, жетекчилери түнгө чейин иштеп калган кызматкерлерине үйгө чейин жеткирүү чараларын түзүп бергенге аракет кылышы керек колунан келген аркетти.

Кыргызстан өткөн 2009-жылы эл аралык Press Emblem Campaing (PEC ) уюму тарабынан журналисттик кесип үчүн өтө кооптуу деп эсептелген Газа тилкеси, Гондурас, Колумбия, Ооганстан өндүү өлкөлөр тизмесине киргизилди.

PEC эл аралык уюмунун билдирүүсүндө өткөн жылы бул өлкөлөрдө каза тапкан журналисттер саны 60тан ашты. Алардын катарында киши колдуу болуп көз жумган кыргыз журналисттери Алмаз Ташиев жана Геннадий Павлюк да бар.

"Азаттыктын" архивинен: Г. Павлюк менен коштошуу.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG