Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Улут аралык мамиледеги узун сөз


Июнь коогасынан кийинки кыргыз-өзбек өкүлдөрүнүн жарашуу жараянынан. Жалал-Абад шаары, 2010-жылдын 17-июну.
Июнь коогасынан кийинки кыргыз-өзбек өкүлдөрүнүн жарашуу жараянынан. Жалал-Абад шаары, 2010-жылдын 17-июну.

Кыргызстандагы бир катар укук коргоо уюмдары өлкөдө кадр тандоодо улутуна карап мамиле кылуу өнөкөткө айланып баратат деп коңгуроо кагышууда.

Укук коргоо уюмдары бул боюнча өлкө президентине, премьер-министрге жана спикерге кайрылуу да жолдошту.

Кайрылууга кандай жүйөө бар?

Кайрылууга кошулган уюмдардын бири – Балдар укуктарын коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кадр тандоодо негизинен түпкү улуттун өкүлдөрүнө гана басым жасашат деп эсептейт:

- Жер-жерлерде, өзгөчө Чүй облусунда жаңы айыл өкмөт башчылары башка улуттагы кесипкөй, мыкты иштеген кызматкерлерди жумуштан чыгарып, тааныштарын, туугандарын алып келүүгө аракет кылып жатышкандыгы боюнча маалымат алдык. Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуу топ менен күрөш жүргүзүү менен башка улуттагылардын үйүн тоноп, же кандайдыр бир жалган маалымат берип, "ушул үйдө курал бар" деген сыяктуу чагымчыл текшерүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча да маалыматтарыбыз бар.

Турдубекованын жүйөөсү боюнча, башка улут өкүлдөрүн жерүү, кодулоо аракеттери аларды Кыргызстандан кетүүгө мажбур кылып жаткан сыяктанат.

- Эгерде былтыр көбү кетип калган болсо, быйыл да чогулушуп, ушундай окуялар болгондон баштап, кайра кетсекпи деп ойлонушууда. Себеп дегенде Кыргызстанда биздин укугубуз корголбойт экен, бул жакка калгандан коркуп жатабыз, биздин укуктар, сакталбай, корголбой жатат дешүүдө.

Өлкө бийликтерин кайрылуу менен чыккандардын катарында “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова, “Интернет саясаты жарандык демилгесинин” башчысы Таттуу Мамбеталиева жана “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунан Динара Ошурахунова жана башка укук коргоочулар бар. Алар мамлекеттик кызматка атаандашкандарды этностук тегине эмес, кесипкөйлүгүнө жараша тандоого чакырды.

Ырыс алды - ынтымак


А бирок Мамлекеттик кадр кызматынын директору Чолпонкул Арабаев мамлекеттик кызматтарда улутуна карап мамиле жасоо фактылары жок деп кескин билдирди.

- Мамлекеттик кадр кызматынын директору катары мындайды билип калсак, тезинен чара көрөбүз. Бул кылмыштуу аракет. Буга чейин мындай болгон да эмес. Бирок кээ бир учурларда “саман учса Самарканд өрттөнүптүр” деп, көбүртүп-жабырткандар да чыгып жатат.

Арабаевдин айтымында, башка улуттун өкүлдөрү өздөрү мамлекеттик кызматка иштөөгө далалат кылышпайт экен.

- Башка улуттун өкүлдөрү мамлекеттик кызматка келгилери келеби, же келбейби деген да маселе бар. Себеби, мамлекеттик кызматта айлык акы аз.

Укук коргоочулар минтип кайрылуу жасап жаткан чакта Кыргызстанда Этникалык өнүгүү жана коомду ынтымакташтыруу концепциясы боюнча долбоор коомчулукка сунуш кылынганы жатат. Президенттик администрациянын этникалык өнүгүү жана диний саясат бөлүмүнүн башчысы Аблабек Асанканов концепцияга мындайча баасын берди:

- Көп улут жашаган жерде көп улуттуу билим берүү, көп улуттуу маданият болсун деп жатабыз.


Асанканов укук коргоочулардын тынчсыздануусунда жүйө бардыгын да кошумчалады:

- Мен ойлойм, кандайдыр бир деңгээлде алардыкы да туура. Акыркы учурларда кыргыз улутунун тилин, маданиятын коргоо боюнча кыймыл пайда болду. Ошол кыймылды жарандык уюмдар улутчулдук деп кабыл алып жатышат. Ар бир улут тилин, маданиятын коргоо керек. Бирок коргоп, аны өнүктүрүү менен бирге эч убакта башка улуттун намысын, жарандык укуктарын тепселебей, сыйлай билишибиз керек.

Кыргызстанда өткөн жылдагы июнь коогалаңынан кийин улуттар ортосундагы мамилеге жарака кеткени айтылып келүүдө. Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар, бийликтер азыр жараштыруу жараянын тездетүүнүн амалдары менен алпурушуп жатат. Ал эми укук коргоочулар улутуна жараша мамиле жасоо көрүнүштөрү бардык деңгээлде орун алып жатканына көңүл бурушууда.

XS
SM
MD
LG