Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Сабалган кызга байланыштуу “Бетада” үч кызматкер иштен кетти


Бул тууралуу Бишкектеги “Бета Сторес” супер маркеттеринин башкы деректири Салех Эрдогду бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, супер маркеттин кызматкерлери Чолпон Орузбаева менен Гүнеш Йылмаздун ортосундагы болгон окуя боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат “Бетанын” жетекчилери бул окуянын күнөөкөрү тийиштүү жазасын алууга кызыдар. Эрдогду “Бетанын” кызматкерлерине байланыштуу окуяны кайсы бир күчтөр улуттар аралык тирешүүгө айлантууда деп өлкө жетекчилерине кайрылуу жасады.

Апрель айында “Бета Сторес” дүкөнүнүн кызматкери Гүнеш Йылмаз аттуу түрк жараны сатуучу кыз Чолпон Орузбаеваны сабап салганы тууралуу кабарланган. (EBM)

XS
SM
MD
LG